Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Шайлоо шааниси: КСДПдагы өзгөрүүлөр


Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын жетекчисинин орун басары алмашты. Партиянын 21-июнда жыйынга чогулган саясий кеңеши алты жылдан бери бул кызматты ээлеп келген парламент төрагасы Чыныбай Турсунбековдун ордуна президенттин кеңешчиси Фарид Ниязовду дайындашты

Бул кадам коомдук-саясий чөйрөдө социал-демократчылар арасындагы президенттикке талапкерди аныктоо боюнча пикир келишпестиктин натыйжасы катары кабыл алынууда. КСДПнын президенттикке талапкерди бекиткен курултайы 15-июлда өткөнү жатат.

Партия расмий түрдө учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин көрсөтөрүн жарыялаганы менен парламент төрагасы Чыныбай Турсунбеков да өз алдынча шайлоого катышары тууралуу кептер тарады.

Шаршемби күнү кечинде өткөн Социал-демократиялык партиянын саясий кеңеши кезектеги жыйынында эки чечим кабыл алды. Биринчиси - президенттик шайлоого талапкер көрсөтүүчү партия курултайын 15-июлга чакыруу белгиленди. Экинчиси - партиянын жаңы төрага орун басары дайындалды. Акыркы жылдары бул милдетти аткарып келген Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун ордуна президенттин эң жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири Фарид Ниязов келди.

Ниязов бул маалыматты ырастап, партия курултайды өткөрүүгө даярдана баштаганын жарыялады:

- Бүгүн саясий кеңеш КСДПнын 16-курултайын 15-июлда өткөрүү чечимин кабыл алды. Ошондой эле бүгүн уюштуруу комитети түзүлүп, анын жетекчиси болуп мен, Фарид Ниязов дайындалдым. Эми биздин жобого ылайык комитеттин курамын түзүп, курултайга даярдык көрө баштайбыз.

КСДП Фарид Ниязовго ишеним көргөздү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:06 0:00

Ниязов бийликчил партия президенттикке бир гана талапкер көрсөтөрүн жана ал учурдагы премьер Сооронбай Жээнбеков болорун дагы бир жолу ырастады:

- Саясий кеңеш мурдагы жыйында КСДПдан келерки президенттик шайлоодо ат салыша турган талапкер катары Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбековду аныктаган. Бүгүнкү күндө андан башка да талапкерлер көрсөтүлүшү мүмкүн деп айтууга негиз жок. Бизден бир эле талапкер Сооронбай Жээнбеков чыгат. Башында социологиялык изилдөө жүргүзүп, аттуу-баштуу деген 12 кишиден турган тизмени түзгөнбүз. Кийин тандалып отуруп, сегиз кишинин ичинен Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигине токтолдук. Азыр эми ал кишилердин ысымдарын атоо туура эмес болуп калат.

Социал-демократтардын саясий кеңешинин жыйынына Сооронбай Жээнбеков, парламент төрагасы Чыныбай Турсунбеков, президенттик аппарат башчысы Сапар Исаков, Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары баштаган мүчөлөрү катышты.

КСДП жыйынга чогулган Форум имараты
КСДП жыйынга чогулган Форум имараты

Партиянын жетекчилигине келген Фарид Ниязов президент Алмазбек Атамбаевдин коомдук башталыштагы кеңешчиси. Ал жакында эле КСДПнын президенттик шайлоо штабынын башчысы болуп да дайындалган.

Ал эми Турсунбековдун партия жетекчилигинен кетиши анын мөөнөтү бүткөнү менен түшүндүрүлдү. Парламент спикери өзгөрүү боюнча расмий комментарий бере элек.

Бирок шайлоо алдындагы партиядагы орун алмашуу бир катар түкшүмөлдөрдү жаратып, талкууларга жол ачты.

Анткени Социал-демократчылар президенттикке талапкер катары Сооронбай Жээнбековду көрсөтөрүн май айында жарыялагандан тарта Чыныбай Турсунбековдун бул чечимге нааразылыгы боюнча кептер тарап келген.

Атүгүл саясий кеңештин Жээнбековдун талапкерлигин караган жыйынында бул чечимди колдобогон жалгыз Турсунбеков болгону да айтылган эле.

Ал ортодо айрым маалыматтык сайттар Чыныбай Турсунбековдун өз алдынча президенттикке аттануу ниети тууралуу жазып чыгышты. Муну атын атагысы келбеген айрым депутаттар да ырасташууда.

Парламент төрагасы өзү да президенттикке барар-барбасы тууралуу да ачык айта элек. Убагы келгенде жооп берерин мурдараак билдирген жайы бар.

Ошондуктан айрым эксперттер Турсунбековдун партия жетекчилигинен кетишин акыркы учурдагы позициясына байланыштырып жатат. Маселен, саясий эксперт Эмил Жураев шаршембидеги саясий кеңеш жыйыны партия ичиндеги айрым пикир келишпестиктерди көрсөттү деген пикирде:

- Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигине макул эместер же өзү президенттикке катышкысы келгендер партия ичинде пикир келишпестик барынан кабар берет. Турсунбековдун талапкерлигин коюу ниетинин болгону партиянын аброюна шек келтирчү көрүнүш катары бааласак болот.

Осмонбек Артыкбаев
Осмонбек Артыкбаев

Бирок Социал-демократчылар партия ичинде эч кандай пикир келишпестик жок деп белгилеп жатышат. Аталган партиянын саясий кеңешинин мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев спикер Турсунбековдун президенттикке баруу ниетинен кабары жоктугун айтууда:

- Бул тууралуу эч кандай маалыматым жок. Бирок биз саясий кеңештин жыйынында эки гана маселени карап, чечим кабыл алдык. Биринчиси - партия курултайынын мөөнөтүн аныктадык жана партиянын жетекчисинин биринчи орун басарын дайындадык. Андан башка эч нерсе жөнүндө сөз жок.

Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы өлкөдөгү таасирлүү жана эски партиялардын бири. Аны учурдагы президент Алмазбек Атамбаев негиздеп, 20 жылдан ашуун убактан бери саясий айдыңда активдүү ишмердик жүргүзүп келет. Мурдагы эки бийликтер тушунда оппозициянын катарында болгон.

2011-жылы президент Алмазбек Атамбаев президенттикке шайланган соң бийликтеги негизги күч болуп, өлкө башчынын саясатын колдоп келет.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык Алмазбек Атамбаев президент болгондон кийин партияны башкаруудан кеткенин жарыялаган, бирок ордуна жаңы жетекчи шайланган эмес.

КСДПнын ишмердигин төрага орун басары катары буга чейин парламенттеги фракцияга жетекчи болгондон тарта Чыныбай Турсунбеков жүргүзүп келген эле.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. 15-июндан тарта талапкерлерди көрсөтүү жараяны башталган. Бүгүнкү күнгө чейин "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана "Лига-антикризис" борборунун төрагасы Назарбек Нышанов өзүн-өзү көрсөтсө, "Ак шумкар" партиясы Темир Сариевди талапкер катары расмий көрсөттү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG