Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:04

Отунбаева Текебаевдин сотуна күбө катары келди


Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөн Чотоновдун сотуна экс-президент Роза Отунбаева келди.

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары тарабынан күбө катары чакырылган. Ал жакын арада башка жакка иш сапар менен кетип калышы мүмкүн экенин айтып, бүгүн көрсөтмө берип коюуну соттон суранды. Бирок ишти карап жаткан Биринчи Май райондук сотунун судьясы Эрнис Айбек уулу Роза Отунбаеванын жана жактоочунун өтүнүчүн четке кагып, экс-президентти угууну кийинкиге калтырды. Ошондой болсо да экс-президент судьяны акыйкат болууга чакырды:

- Жалаң эле прокурорлорду уга бербей күбөлөрдү да угуңуз, урматтуу сот. Сиз жаш сот экенсиз, балким бир күнү Жогорку Соттун төрагасы болуп каларсыз. Бирок акыйкаттуу сот болуш керек. Биз далайдан өткөнбүз, жаңы турмуш үчүн күрөшкөнбүз. Бирок биз анда далили жок адамдарды соттоп калат деп ойлогон эмеспиз. Бир күнү көчөдөн бирөө келип мени айыптап, “Отунбаевага жети жыл мурда жети миллион доллар бергем” десе, анда сиз мени да соттоп, ушинтип балдардын күчүн көргөзүп отурасызбы? Андай болбойт. Баарыбызды уккула. Мына биз 2010-жылы жасаган ишибиз үчүн ушул прокурорлор азыр адам болуп, ошо жерде отурат. Сиз сот болуп тигинтип кызматта отурасыз. Прокурорлор иштерин аткарып жатат, буларга ошондой команда берилген. Бирок сиз акыйкат чечим кабыл алыңыз. Бул күндөр да өтөт, уяттуу жүзүңүз менен калыңыз,-деди экс-президент Роза Отунбаева.

Келерки соттук процесстерде мурдагы мамлекет башчыдан сырткары 40 кишини күбө катары чакыруу жөнүндө жактоочулардын өтүнүчүн сот канааттандырды. Мурдараак судья Эрнис Айбек уулу сотко күбө катары азыркы президент Алмазбек Атамбаевди да чакыруу тууралуу өтүнүчтү четке каккан. Адвокаттар мамлекет башчысын күбө катары сотко чакырууну соттон дагы өтүнүштү. Азырынча сот бул маселени карай элек.

Жактоочулар Текебаевди президенттик шайлоого катыштырбоо аракети болуп жатканын айтып, БШКга керектүү документтерге кол койдуруу боюнча тоскоолдуктар болуп жатканын белгилешти. Муну сотто Өмүрбек Текебаев өзү да билдирди:

- Роза Исаковна өз сөзүндө “эки президент качып жүрөт, мына мен ээн-эркин жүрөм” деп жакшы айтты. Анткени биз таза шайлоо менен президент шайлап, өлкөдө прецедент түзүп, ошону Кыргызстандын бренди кылабыз деп жатпайбызбы. Анан мен шайлоо кагаздарына кол коюп берейин десем, бул жердеги автоматчан жигиттер уруксат бербей, кагазды тытып жибере жаздады го. Шайлоонун катчысына кол коюп бере албай отурам. Ага же паспортту бербейсиңер, же жолуктурбайсыңар. Анан кандай таза шайлоо жөнүндө сөз болушу мүмкүн? Шайлоо кодекси боюнча беш күн чек коюлган, ал мөөнөт өтүп кетип жатат, бүгүн-эртең бүтөт. Мен ушул мөөнөттө кол койдурбай, шайлоого катыштырбай коеюн деп жатасыңар. Бул таза шайлоого бут тосуу, бул унутта калбайт, тарыхта жооп бересиңер.

Эрнис уулу Айбек
Эрнис уулу Айбек

22-июндагы процессте сот эки жолу танапис жарыялап, кеңеш куруп келгенден кийин дароо эле айыптарды окутту. Прокурорлор айыпты алгач орусча окуп, кийин айыпталуучулардын талабы менен кайра толук кыргызча айтышты. Алар жарым саат бою Өмүрбек Текебаев Убактылуу өкмөттө иштеп жаткан учурда “орус жараны Леонид Маевский менен жолугушканын, телефондо сүйлөшкөндөрү, акча алганын, бул окуяларга экс-министр Дүйшөн Чотонов да аралашканын” тизмектеп баяндашты.

Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокурору Нурмат Исраилов соңунда айыптар далилденгенин айтты:

- Жарандар Текебаев Өмүрбек Чиркешович жана Чотонов Дүйшөн Тезекбаевич Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 1-пунктун бузуп, башкача айтканда таасирдүү мамлекеттик кызматта туруп, атайын материалдык пайда көрүү үчүн кыянаттык кылып коррупциялык кылмыш ишине баргандыгы, мамлекетке жана коомго каршы иш жасагандыгы тергөө ишиндеги жүздөгөн документтер менен толук далилденди. Калганы эми соттук иштин жүрүшүндө териштирилет.

Айыптар окулары менен сот Айбек Эрнис уулу отурумду 27-июнга жылдырып чыгып кетти. Бирок Текебаев менен Чотонов айыптоолорго макул эместигин айтып, сот залында кыйкырып жатты. Отурум бүтүп, аскерлер элди чыгарып жатканына карабай экс-министр Дүйшөн Чотонов буларды айтты:

- Булардын айыптоолорун биринчи жолу окуганда өзүм да коркуп кеткем. Жасабаган иштеримди жасады деп, мен ишенип кеткидей кылып жазып коюшкан. Бир дагы далили жок. Акча берди делгени, телефон чалды, жолукту дегендеринин баары карандай калп. Уюлдук компаниялардан “андай телефон сүйлөшүүлөр болгон эмес” деп документ беришкен. Бирок ошого карабай булар баарын апыртып, жок нерсени жазып жатышат. Бардыгын токуп коюшкан. Ар бир келтирилген айыбы боюнча биздин күбөлөрүбүз бар. Ошону билип койгула.

Өмүрбек Текебаев быйыл 27-февралда чет мамлекеттен кайтып келе жатканда кармалган. Ага "Мегаком" компаниясын башкарууга байланыштуу коррупцияга аралашкан деген айып тагылган. Мына ошол кармалган күндөн бери Текебаев УКМКнын тергөө абагында камакта отурат. Ал өзүнө коюлган дооматты саясий куугунтук катары четке кагууда.

Учурда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда саясатчы Текебаевдин жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн соттук териштирүү жүрүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG