Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:48

"Бизге элди бириктире турган лидер керек"


Турсунбеков: Бизге элди бириктире турган лидер керек
please wait

No media source currently available

0:00 0:34:26 0:00

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган депутаттар тобу апта аягында Чехияда иш сапары менен болуп, бир катар жолугушууларды өткөрүштү. Чехиядан мурун Түркияда болгон иш сапары, Кыргызстандагы саясий жагдай туурасындагы суроолорубузга спикер Чыныбай Турсунбеков "Азаттыктын" Прагадагы студиясындагы маеги учурунда жооп берди.

"Интергельпо-2 долбоорун​ сунуштадык"

“Азаттык”: Чех парламентинин спикери Гамачек мырзанын чакыруусу менен Прагага кош келипсиз. Эки парламент, Кыргызстан менен Чехия ортосундагы кызматташтыктын кайсыл багыттарына артыкчылык берип жатасыздар?

Турсунбеков: Биринчи кезекте улуу Рамазан айы башталып жатат. Ушул Рамазан айынын башталышы менен момун мусулмандарды куттуктап кетким келет. Орозо туткандардын ниети кабыл болсун. Баарыбыз тазаруунун, жаңылануунун үстүндө иштейли демекчимин.

Сиздин сурооңуз боюнча айтсам, Чехия өнүгүп жаткан, соода, экономикалык жактан башкаларга үлгү болчудай көрсөткүчкө ээ, парламенттик өлкө. Биз эки багытта мамилени жакшыртуу ниетин көздөп жатабыз. Биринчи кезекте Чехия парламентинин жакшы үлгүлөрүн алууну максат кылдык. Чех парламентинин спикери Ян Гамачек дагы кечээги жолугушууда Кыргызстандын 2021-жылга чейинки өнүгүү стратегиясына кызыкты. Ошол боюнча аябай сурамжылап, Кыргызстандын парламенттик жол менен баратканы Европанын, анын ичинде Чехиянын көз кырында экенин баса белгилөөгө аракет кылды.

“Азаттык”: Бир жума мурдараак эле Кыргызстандан жүздөй ишкер келип Чехиядагы алдыңкы компания, ишкана, фермаларды кыдырып кетти. Алар чехиялык ишкерлерде Кыргызстанга кызыгуусу күч деп жатышат. Ошол эле учурда Кыргызстан менен Чехиянын ортосунда кош салыкты жоюу тууралуу макулдашууга кол коюла элек экен. Ушул тоскоолдук жаратчудай деп айтышты. Эми ушул макулдашууга кол коюлушу мүмкүнбү?

Турсунбеков: Негизи эле биз тарыхты карап коюшубуз керек. Мындан жүз жылдай мурда Чехия, Словакия, Венгриядан өкүлдөр барып, Кыргызстанды индустриялаштыруу, өнөр жайын көтөрүү жаатында чоң иш жасашкан. Бүгүнкү күндө Бишкектеги бир катар завод-фабрикалар ушул чехтердин ата-бабаларынан бизге калган эстелик. 1930-жылы алар келгенден беш жылдан кийин Кыргызстан өндүргөн продукциянын 45% ошол Интергельподон чыккан.

Бүгүнкү күндө тарых кайталанганга жакындап баратканы сезилип турат. Акыркы үч жылдан бери кыргыз-чех ишкерлеринин бизнес форуму өтүп келет. Акыркысы 15-19-майда болду. Мен бул өлкөнүн премьер-министрине Интергельпо-2 долбоорун ишке ашырууну сунуш кылдым, ал киши ойлонуп көрмөй болду. Жүз жылдан кийин да Кыргызстан Чехиянын жардамы менен өнөр жайын жаңыртса, ал дагы жүз жылга жакын иштеп берсе деген ниет бар. Анткени булар технология, өнөр жай, машине куруу, энергетика, фармацевтика боюнча кыйла алдыга кеткен өлкө.

Өткөн жумада келген кыргыз ишкерлеринин кызыгуусу табигый көрүнүш. Эми ошол кызыкчылыкты ишке ашырып, эки тараптуу мамилелерди күчөтүү гана керек. Эгер чех өкмөт башчысы ойлонуп, Интергельпо-2 долбоору ишке ашып калса сөзсүз түрдө кош салык алуудан кутулушубуз керек. Анткени эч бир ишкер башка өлкөгө инвестиция салганда салыкты өз өлкөсүндө да, башка өлкөдө да төлөгүсү келбейт. Бул табигый нерсе. Жолугушууларда булардын спикери да, премьер-министри ушул маселени кабыргасынан коюшту. Алар кош салыкты алып салуу менен инвесторлорго шарт түзүү маселесин коюп жатышат. Мына ушул эки келишимди ишке ашырсак, Чехиядан Кыргызстанга кыйла инвесторлор барат эле деген ишеничин билдирип жатышат.

Кыргыз-түрк мамилесинин оош-кыйышы

“Азаттык”: Чехияга чейин сиз Түркияга да бардыңыз. Түркиянын парламент төрагасы Кахраман мырза, премьер-министри Йылдырым мырза менен жолугушууларды өткөрдүңүз. Ал жерде таратылган маалыматтар боюнча Кыргызстандагы “Себат”, азыркы “Сапат” болуп өзгөргөн мектептер ордуна Түркиядагы “Маариф” окуу жайларын карап көрүү сунушу айтылыптыр. Ошол “Себат”, азыркы “Сапат” мектептери дагы өзгөрүшү мүмкүнбү?

Турсунбеков: “Маариф” фонду бул Түркиянын Билим берүү министрлигине карайт. Биз сунушту алдык, ал жактан акча бөлүү маселесинен бери каралып жатат. Албетте, бизге альтернативдүү, өз карамагыбыздагы мектептер канчалык көп болсо анын зыяны тийбейт деп ойлойбуз. Анын үстүнө акчаны “Маариф” бөлүп берсе, биздин ата-энелер балдарын окутканы үчүн акы төлөбөй турган болсо анын эч зыяны жок. Муну баарыбыз түшүнүп турабыз. Бул сунуштарды тиешелүү министрликтерге тапшырма берип, алар баарын талдап чыгышат.

Түркиянын премьер-министри Биналы Йылдырым жана Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков.
Түркиянын премьер-министри Биналы Йылдырым жана Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков.

“Азаттык”: Эми “Себат”, же азыркы “Сапат” мектептери жаңыдан ачылып жатканда ушул иштердин башында турган адам катары сизге ушул суроону бергим келип турат. “Себат” мектептери миңдеген кыргыз жаштарынын эки муунун тарбиялап окутуп койду окшойт. “Себаттын” бүтүрүүчүлөрү Европага чейин барып, окуп жүрүшөт. Бирок түрк бийликтери кийинки кездери ушул мектептерди өзгөртсөңөр болот эле, түпкү максаты башка болушу мүмкүн дей баштады. Сиз түрк тилин, маданият, маалыматын жакшы түшүнгөн адам катары айтсаңыз, алардын биздин балдарды окутуп-тарбиялоодон башка дагы максаты барбы?

Турсунбеков: Ушул жерден айтып коюшум керек, 90-жылдары “Себат” мектебин ошол кездеги Түркиянын президенти Тургут Озал өзү келип ачканын көпчүлүк билебиз. Мен ал кезде биздин Билим берүү министрлиги менен Түркиянын Билим берүү министрлигинин ортосунда өкүл катары иштегем. Биринчи кезекте ал жерде окуп жаткан балдар билим деңгээлине, жөндөмүнө жараша сынактарга катышып тандалып алынарын жакшы билебиз. Жалпы билим берүү сапаты кыйла көтөрүлдү. Эми сиз айткан жагына токтолсок, мезгил өзү көргөзүп жатат: парламенттик, өзгөчө элдин добушу керек болгон өлкөлөрдө саясатчылар сөзсүз түрдө жамааттын, ар түрдүү уюмдардын көңүлүн табууга аракет кылары табигый көрүнүш. Учурунда ушул Түркияда да жамааттын көңүлүн табуу аракеттерин бардык саясий күчтөр колдонгон. Ошол себептүү бүгүнкү саясий бийлиги да, мурдагылары да жамаатты эрктүүбү, эрксизби колдоп келишкен. Бирок азыркы кырдаалда алардын ишине көзөмөл кылып ошол жамааттын өкүлдөрү мамлекет ичинде мамлекет болгонун көргөндөн кийин чочулап, ага каршы катуу иштер жүрүп жатат. Бул эмнени далилдеп турат? Бүгүнкү кырдаалда добуш алуу үчүн бардык эле күчтөрдү колдой бербеш керектигин, анын кесепети мамлекеттин өзүнө тиерин көргөзүп жатат. Түркиянын мисалы сабак болушу керек. Кыргызстанда да бүгүнкү күндө ар кандай жамааттар көбөйүүдө. Добуш үчүн алардын көзүн карай берсе коркунуч болорун эстен чыгарбоо керек.

“Азаттык”: Жалпы Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы алакаларды кандай баалайсыз? Анткени былтыркы төңкөрүш аракетинен кийин мамилелер солгундай түштү деген эксперттердин, адистердин, ишкерлердин пикири бар. Эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын потенциалы толук пайдаланылып жатабы?

Турсунбеков: Ушул жолку жолугушууларда абдан жакшы сөздөр айтылды. Түркиянын премьери Биналы Йылдырым, спикери Исмаил Кахраман да жакшы сөздөрдү айтышты. Келгиле, биздин тарыхта солгундаткан, көңүлдү кирдеткен учурлар болсо анын баарын унуталы, эки өлкө ортосундагы мамиленин ынтымакка, бир туугандыкка негизделген жаңы барагын ачалы деген жакшы сөздөрүн айтышты. Мен ал сөздөрдү толугу менен колдойм. Бардык жаман нерселер ушундай улуу Рамазан айында унутулуп, жакшылыкка умтулуу керектигин ошол жолугушуулар көргөздү.

Президенттик шайлоо

“Азаттык”: Эми Кыргызстандагы саясатка токтолсок, алдыда президенттик шайлоо келе жатат. Айрым өзүн талапкер деп атагандар эл-жер кыдырып өз программалары менен тааныштыра башташты. Потенциалдуу талапкерлер арасында сиздин да ысымыңыз аталып жатты эле, КСДП саясий кеңеши өз чечимин жарыялады. Бул эми сизди шайлоого катышпайт дегенди билдиреби?

Турсунбеков: Келгиле, бул суроону кийинчерээк талкуулайлы. Учуру келет, анан талкуулайбыз.

“Азаттык”: Анда суроону башкача берейин, сиз алдыда боло турган президенттик шайлоодо кандай адам жеңсе деп ойлойсуз? Кандай адам Кыргызстандын президенти болууга татыктуу? Биз кандай президентке муктажбыз?

Турсунбеков: Биринчи кезекте Кыргызстандагы саясий күчтөрдү, жалпы элди консолидацияга алып бара турган лидерге муктажбыз. Кыргызстан 25 жыл ичинде ар түрдүү экономикалык, социалдык олку-солкулуктарга туш болду. Анын ичинде Кыргызстан мамлекет катары жок болуп кетүү коркунучун көрсөткөн 2005-2010-жылдардагы окуялар да болду. Буларды эске алуу менен Кыргызстандын өнүгүшү үчүн эң керек болгон нерселер - бул саясий стабилдүүлүк, анын артында мамлекеттик стабилдүүлүк экономиканын көтөрүлүшүнө алып барат. Бүгүнкү күндө да элдин тилегени тынчтык, ал болсо жашоо оңолот. Биз ошол максатты көздөп, ошол багытта аракет кылып, ошондой багытты тандаган адамдар менен иштешибиз керек.

"Баарын бир киши чечет дегенден кутулуу оңой эмес"

“Азаттык”: Сиз башкарып жаткан парламенттин дарегине ар кандай сын пикирлер айтылып жатат. Сыртка чыкканда Кыргызстанда парламенттик системаны курууга аракет кылып жатканыбызды айтабыз, ошол парламент чындап эле башкы күчкө айланып, аткаруу бийлигине, өкмөткө туура жол көргөзүп, баарын көзөмөлдөп турган органга айлана алдыбы?

Турсунбеков: Албетте, биз жолдун башындабыз. Биздин парламенттик демократияны кура баштаганыбызга жети жыл болуп-боло элек. Баары бир жерден чечилет деген эски менталитет, эски психологиядан, баарын бир киши чечет деген көз караштан кутулуу оңой эмес. Ага убакыт керек. Ошол убакыт парламент күчүн өнүктүрүүгө иштеп жатат. Парламентте дайыма олуттуу маселе талкууланып турушу зарыл, комиссиялар түзүлүшү шарт. Өйдө тартсаң өгүз өлөт, ылдый тартсаң араба сынат деген учурлар да жок эмес.

Парламент азыр Кыргызстандагы ачык, баарынын көз алдында турган бийлик бутагы. Учурда анда алты саясий күч иштеп жатат. Ар биринин өзүнүн саясий максаты бар. Алардын ортосунда саясий атаандаштык бар. Ошол күчтөр шайлоо маалында шайлоочунун көңүлүн алуу үчүн өз атаандашынын кемчилигин көргөзүүгө, ал атаандашына караганда жакшы экенин көргөзүүгө аракет кылат. Натыйжада парламентте сын пикирлер дайыма болуп турат. Андай болгон соң аны көргөн эл дагы парламентке сын пикир айтат. Бирок ошондой кырдаалдан пайдаланып, элдин көңүлүн буруп “ушуну тепкилегиле, ушул күнөөлүү” деген саясий күчтөр да жок эмес. Өкмөттө баары бир премьер-министрге баш ийет, анын көзүн карайт, биздикиндей ачыктык жок. Ошол себептүү ага сынды биз, парламент эле айтабыз, элден анчалык сын укпайт.

Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

“Азаттык”: Соңку кезде Жогорку Кеңештин депутаттарынын айткандарына, кылгандарына көп сын айтылып, социалдык тармактарда талкууланып жатты. Депутаттардын көбү жыйынга келбей, кворум болбой, бири-биринин ордуна чуркап добуш берип атканы видеого тартылып, элге таркап кетип жатты. Ошондой шартта кабыл алынып жаткан мыйзамдар, чечимдер канчалык легитимдүү болот?

Турсунбеков: Мен кечээ бир кызык окуяны көрдүм. Чех парламенти менен сүйлөшүп отурсам, бул жактын парламентинде 200, сенатында 81 киши бар экен. Ошол 200дүн канчасы менен мыйзам кабыл аласыңар десек, алардын регламентинде 32 киши же бештен бири менен мыйзам кабыл ала тургандай жоболор бар экен. Албетте, ошол 200 кишинин баары эле кабыл алынган мыйзам боюнча компетенттүү эмес, эксперт эмес дегендей. Бирок анын ичинен билими бар, ошол маселени так, ачып көргөзө тургандай депутаттар бар да. Булар ошол себептүү 32 эле депутатка токтолгон экен. Мунун экинчи жагы бар, кворум маселеси бар, кворум болбой калса мыйзамды, чечимди кабыл алыш керек болот. Мен айтаар элем, дүйнөнүн көп эле парламенттерин көрүп жүрөбүз. Сөзсүз түрдө мектеп окуучуларындай партада отуруп, кол көтөрүп жооп берүү керек эмес. Парламент ошол өлкөдө чечимди талкуулап, аны кабыл алып, ага жооп бере тургандай болушу керек. Биз ошол үчүн 2021-жылга чейин стратегия иштеп чыгып, ошонун үстүндө иштеп жатабыз. Буюрса, Жогорку Кеңеш дүйнөдөгү парламенттердин иштөө тартибинен, сапатынан кем калбагандай деңгээлге жете турган күндөр да келет.

"Депуттарды шайлоонун эки жолун ойлонуп жатабыз"

“Азаттык”: Ошентсе да жалпы коомчулук, анын ичинде биз Кыргызстандын парламенти мамлекеттин өнүгүү багыттарын, элдин тагдырын туура аныктай ала турган орган болушуна кызыкдарбыз да. Ошондо ушул парламенттин, депутаттардын деңгээлин көтөрүү жолдорун кайсыл жактан көрөсүз? Балким кайсы бир бөлүгүн бир мандаттуу округдан шайлоо системасын киргизүү керекпи?

Турсунбеков: Мен бул багытта ойлонуп, депутаттар менен кеңешип жатам. Бардык депутаттарды айлыктарын кыркып, материалдык жол менен баарын алып келип, Жогорку Кеңешке отургузуп койсок деле болот. Бирок мен депутаттардын ички көрөңгөсү чыгып, эт-бетинен кетип белгилүү бир багытта иштөөсүн каалайт элем. Биз парламентте отуруу үчүн эмес, Кыргызстандын парламенттик өлкө болуусу үчүн иштешибиз керек.

Биз азыр депутаттарды шайлоонун эки жолун ойлонуп жатабыз. Биринчиси – Монголиянын ыкмасы. Көп мандаттуу округ, бирок ар бир партия өз тизмесин түзөт. Ошол округга бир же эки талапкерин жиберет, анан утканына жараша киргизет.

Экинчиси – Кыргызстанда мурда дагы сунушталган Бишкек, Ош шаарлары жана жети облустан турган округ. Ошондо тогуз тизме болот, депутат Ош шаарынан шайланган болсо Ошко барып, эл менен байланышып, иштеп турушу керек болот. Ошол эле маалда мыйзам жазып, өзүнө тагылган милдетти да аткаруусу керек. Мен кеңешкен депутаттардын көбү ушул жолду туура көрүп жатышат. Балким 2020-жылы өтө турган шайлоодо ошол жолго келебиз деген үмүтүм бар.

“Азаттык”: Парламент кез-кезде өкмөттү чакырып, ишине сын пикир айтып жатат. Кайсы бир деңгээлде көзөмөл кылууга аракет жасап жатат. Ошол эле парламент өзү да комиссия түзүп, бүтүм чыгарган, өкмөткө багыт көргөзгөн иштерди жасап жатабы?

Турсунбеков: Албетте, парламент комиссия түзгөн кезде ага да сындар айтылып жатат. Комиссия артынан комиссия деп жактырбагандар бар. Бирок ошол комиссия түзгөндөн кийин өкмөттүн ишинен натыйжа чыгабы деген маселе турат да. Мен Чехияга келип, интерпеляция деген кызык нерсеге күбө болдум. Ошол интерпеляцияга ылайык, булар өкмөттүн же министрдин ишин карашып, ошого жараша чечим чыгарат экен. Эгер министрдин ишин канааттандырарлык эмес деп тапса, ал кетиши керек экен. Биз келгенде эле салык төлөбөгөнү үчүн финансы министрин иштен кетиришти. Кээде өкмөттү да толук алмаштырышат экен. Тилекке каршы, бизде кээде айрым министрлерди чакырып, өтө катуу чечим чыгарган менен жыйынтык чыкпаган учурлар да болуп жатат. Анын өз нюанстары бар. Биз дагы ушундай багытта иштеп, парламенттин күчүн арттыруубуз керек.

Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Азаттык”: Азыркы учурда Жогорку Кеңештин үч депутатына: Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматовго иш козголуп, ал сотко өтүп жатат. Булардан тышкары Канат Исаев, Музаффар Исаковго да кылмыш иштери козголду. Сизде ушул иштердин баары калыс каралып туура чечим чыгат, саясий көз караштары үчүн жазаланбайт деген ишенич барбы?

Турсунбеков: Биз баарыбыз эле бул иштер тууралуу маалымдарбыз. Баарынын иши эле сотко өттү окшойт. Эң маанилүүсү соттор ачык карайт деп айтылып жатат. Сот ачык болгондон кийин кызыккан адамдар сотко катышып күбө болот деп ойлойм. Анын ичинде “Азаттыктын” кабарчылары дагы сотко катышып, кандай чечим чыкканына күбө болот деп ойлойм.

"Кумтөр - оор маселе"

“Азаттык”: Кумтөр маселесинин тагдыры кандай болот? Мурунку токтомдор, чечимдер жыйынтыксыз кала береби?

Турсунбеков: Албетте, Кумтөр маселеси баарыбыздын жүрөктү өйүткөн оор маселе. Бул маселеде ошол кездеги саясий жетекчилердин күнөөсү болгонун жашыруу мүмкүн эмес. Бирок (ал жерде) Кумтөрдөн да көбүрөөк пайда алып келчү өндүрүш курса болорун баарыбыз жакшы түшүнөбүз. Эртеңки күндө Кумтөр маселесин өзүнчө бөлүп карап, экономиканы жылдырып кетсек, бул маанилүү кенди иштетип жаткандар да байлыктан ажырап калбайлы деп, Кыргызстанга ошол байлыкты берип жаткан өлкө катары мамиле жасап, тапкан-ташыганын эл менен туура бөлүшүүсү керек деп эсептейм. Бул багытта алар менен иштешүүнү улантышыбыз керек.

“Азаттык”: КСДП тизмеси өткөн шайлоодо кандай түзүлгөнү түшүнүксүз болуп калды. Айрым талапкерлер шайлоого жетпей тизмеден чыгарылды. Ага биз да салым коштук көрүнөт, мурдагы баскан-тургандарын жазып атып. Азыр деле депутаттардын айткан-дегендери сынга алынып жатат, негизи эле тизмеге акыл-парасаты жетиштүү, эл сыйлаган, мамлекеттик иштерде такшалган, тажрыйба топтоп, элге сөзү өткөн интеллектуал адамдарды алып келүү мүмкүн эмеспи?

Турсунбеков: Албетте, тизме түзүү аны түзгөндөрдүн эң чоң жоопкерчилиги. Бул маселе терең анализденип, ар бир талапкердин сапаттары жакшы изилденип, элдин берген баасы эске алынышы керек. КСДПда деле ошондой аракеттер болгон. Албетте, анын ичинде өзүнүн терс жактарын көргөзбөгөн адамдар да болгонун убакыт көрсөтүп жатат. Бирок парламент деген чоң сыноо. Кыйын сүйлөп жүргөндөр парламенттеги микрофонго жеткенде анча кыйын эмес экени көрүнүп калып атат. Сиздин сурооңузду түшүнүп турам, депутат дайыма эл сынында. Ага сын дайыма айтылып турат. Сынга чыдаган да, чыдабаган да бар. Чыдабагандар өзүнүн алсыздыгын көрсөтүп коюп жатат. Мен, маселен, КСДП партиясынын тизмеси түзүлүп жатканда өзүм сунуш кылган депутаттар үчүн уялбайм.

Бизнесмен саясатчылар тууралуу

“Азаттык”: Жакында эле бир-эки саясатчыдан "парламентке бизнесмендер келбеши керек экен" деген пикирди угуп калдым. Сиз чоң ишканаларды түптөгөн, белгилүү ишкерлердин бири катары кандай ойдосуз?

Турсунбеков: Дүйнө мисалынан карасаң, мисалы эң күчтүү, кубаттуу мамлекет АКШнын президенти болуп белгилүү бизнесмен Дональд Трамп келбедиби. Чоң мамлекеттин адамдары деле өзгөрүүнү каалап, башка саясатчыларга окшошпогон Трамп сыяктуу адамдарды каалап атса, бизге окшогон экономикасы чабал өлкөдө жаңы адамдарга, жаңы саясий жүздөргө муктаждык бар да. Андай учурда муктаждык жок дегенде бир нече жумуш орун түзгөн ишкерлерге байланат деп ойлойм.

“Азаттык”: Саясатка бизнесмендер аралашканда көп нерсени акча чечип калат деген чочулоо бар го дейм. Сиз ишкер, саясатчы эле эмес, акын дагы элеңиз. Университетте окуп жүргөн кезде дубал гезитте “Жаш мугалим Чыныбай Турсунбековдун жаңы ырлары” деп жазылып калчу эле. Ыр жазганга убакыт болуп жатабы?

Турсунбеков: Өтө сейрек. Кээде бир ар түрдүү кырдаалда жаралган чыгармалар бар. Алар бир китеп болгонго жарабайт. Мындан төрт-беш жыл мурда топтоп бир китеп чыгаргам. Дагы бир китеп болуш үчүн көбүрөөк жазуу керек. Ага убакыт жетпейт.

"Инвесторлорго ишенимдүү кырдаал түзүлө баштады"

“Азаттык”: Чехияга, Түркияга бардыңыз. Ал жерден Азербайжан бийлик өкүлдөрү менен да жолуктуңуз. Аларда ошол Кыргызстанга инвестиция салууга шарттар бар деген ишенич барбы азыр? Мурда Кыргызстанга саясий жактан туруксуз деп баргандан чочулашчу. Бир топ жылдан бери ири инвестициялар да келбей калды. Эми ошол инвесторлорду тартуу үчүн Кыргызстан тийиштүү шарттарды түзө алдыбы?

Турсунбеков: Мен айтаар элем, соңку жети жылдагы кырдаалдын тынчышы, көчө митингдеринин парламент ичине келиши Кыргызстанга келсекпи деген инвесторлорго ишенимдүү кырдаал түзө баштады. Эгер биз ушул ишибизди улантсак, стабилдүүлүктүн орногонуна элдин көзү жетсе, күзүндө шайлоо тынч өтсө анда сөзсүз түрдө инвесторлор келет. Мыйзам сыйлаган өлкөгө барсак акчабыз күйбөйт деген ишеним пайда болот. Демек Кыргызтандын багы ачылат.

“Азаттык”: Анда шайлоо өткүчө күтө турушат экен да. Акыркы суроом, КСДП партиясы “ар-намыска шек келтирди” деп 24.кg агенттигин сотко берди эле. Президенттин ар-намысына шек келтирген иштерди айтпай эле коелу. Бирок ошол КСДПнын кадыр-баркы кантип өлчөнөт, ага зыян келтирилгени кантип эсептелет?

Турсунбеков: Албетте, кыргызда жакшы макал бар "кемигинде да, керкисинде да бар" деген. КСДП ичинде да ар түрдүү өкүлдөр бар. Алардын баары чогулуп келип КСДПнын ишин көргөзөт. Ал иштин баарын ийгилик коштоп атат деп айтууга болбойт. Ошол кемчиликтин баарын оркойтуп көргөзүп, шылдыңдаса, анда анын ар-намысына тийишкен болуп калат. Анын ордуна кемчилигин көзгө сайып көргөзсө социал-демократтар аны оңдоого аракет кылат. Мен айтаар элем, биз журналисттер менен ынтымактуу жашоого аракет кылышыбыз керек. Анткени журналисттер коомду ар тараптан таразалап, элге маалымат жеткирген күч. Биз болсо саясатка кирип, ошол күрөшкө киргенден кийин ага көнүшүбүз керек. Чын болсо кемчиликти оңдошубуз керек, чын эмес болсо ага чычалабашыбыз керек. Бул - биздин тагдырыбыз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG