Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:08

Текебаев менен Чотоновдун соту ачык өтөт


Өмүрбек Текебаевди бошотууну талап кылган акциялардын бири
Өмүрбек Текебаевди бошотууну талап кылган акциялардын бири

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнул Чотонов боюнча кылмыш иш Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралмай болду. Алгачкы соттук отурум 5-июнга белгиленди.

Бул тууралуу "Азаттыкка" ишти карай турган судья Эрнис уулу Айбектин кабылдамасынан кабарлашты. Соттук отурум ачык өтөт.

Мурдараак "Ата Мекен" фракциясынын лидеринин милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов тергөөнүн жүрүшүнө караганда сот жабык өтүшү ыктымал деген пикирин айткан. Бирок Чотоновдун адвокаты Бакыт Жумашев буга мыйзамдуу негиз жок деген пикирде.

Текебаев "Мегаком" компаниясы боюнча жемкорлукка барган деп шектелип, быйыл 26-февралда кармалган. Ага байланышы бар деп кийин Чотонов камакка алынган.

Эки саясатчы тең азыр УКМКнын тергөө абагында жатат.

“Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү алардын айыбы жок экенин, кылмыш иш саясий максатта козголгонун айтып келатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG