Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:38

Түркияда өткөн жылкы төңкөрүш аракетине айыпталгандардын ичинен 221 кишини дүйшөмбүдө сотко алып келишти. Алардын жыйырма алтысы генералдар. Күчөтүлгөн конвой алгач Түркия аскер аба күчтөрүнүн мурдагы командачысы Акын Өзтүрктү алып өттү. Ал кутумду уюштуруучулардын бири деп шектелген.

Сот жараяны Анкарадагы Синжан түрмөсүндө өтүүдө. Ал аймакты атайын бөлүктөгү 1500 жоокер кайтарууда. Түрмө имаратынын чатырында жана коңшу имараттарга да снайперлер коюлган. Чөлкөмдөгү абадан коргонуу күчтөрү да күчөтүлгөн тартипте иштөөдө.

Абактын жанына топтолгондор шектүүлөрдү террорист деп атап, өлүм жазасына тартылсын деп жаалап турушту. Түркия Евробиримдикке кирүү үчүн 2004-жылы өлүм жазасын жойгон. Бирок жакында өткөн референдумдан кийин өлкө президенти Режеп Тайип Эрдоган бул жазаны кайра кайтарарын айткан.

Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму дүйшөмбүдө баяндама жасап, 2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш аракетинен кийин Түркияда 130 миң адам иштен айдалганын билдирди. Алар аткаминерлер, мугалимдер, окумуштуулар, полиция жана аскер өкүлдөрү, дарыгерлер жана журналисттер. Мындан тышкары да миңдеген адамдар камалган.

Түрк бийлиги ал төңкөрүш аракетинин артында АКШда ыктыярдуу бозгундагы диниятчы Фетхуллах Гүлен турат деп эсептейт. Гүлен муну четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG