Линктер

шейшемби, 24-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:12

Кыргызстандык ишкерлер үчүн Чехиядан өндүрүш жабдууларын, технологияларын же кызмат көрсөтүүлөрдү жеңилдетилген шартта алууга мүмкүнчүлүк ачылды.

Чехиянын борбору Прага шаарында 15-майда кыргыз-чех бизнес форуму ачылды. Форумга Кыргызстан менен Чехиянын 150гө жакын компания жетекчилери катышты. Алар курулуш-инфраструктура, айыл чарба, тамак-аш, энергетика өндүрүшү менен алектенген ишкерлер. Негизинен Чехиядан кандай керектүү жабдыктарды-технологияларды сатып алса болот, кандай жол менен деген тема талкууланды.

форум
форум

Энергетиканын тармагынын "жашыл энергия", тагыраагы күндөн энергия өндүрүү боюнча чехтердин бай тажрыйбасын алуу тууралуу көбүрөөк сөз болду. Чехия Экспорт банкы да жогорудагы тармактарга артыкчылык берип, каржылайт экен. Дүйнөнүн 50 өлкөсү менен иштешкен бул банк биринчи жолу Кыргызстан менен кызматташууда.

Ал үчүн 2016-жылы Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду менен келишимге жетишкен. Ага ылайык, чех банкы кыргыз ишкерлерин акчалай түз каржылап же насыяга ишкер каалаган жабдыкты алып берет. Насыялардын кайтарылышына Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду кепилдик берет. Насыянын үстөк пайызын да фонд бекиткен. Ал 4 пайыздан айланды. Төлөө мөөнөтү эки жылдан 10 жылга чейин.

"Азаттыктын" кабарчылары ишкерлер менен кошо Чехияны кыдырып, Кыргызстанга кандай жаңылык алып барса болорун көрүштү.

Делегация төрт топко бөлүнүп, бири Высочина крайындагы уй фермасына, сүттү кайра иштеткен заводго барды.

3500 гектар жерге ээлик кылган ал кооперативдик ферманын 550 саан ую, дагы ошончо музоосу бар.

Кооператив башчысынын айтымында, тоюттун баары биологиялык жол менен өндүрүлөт. Эгер жем-чөптүн курамында кандайдыр химиялык кошулмалар боло турган болсо ал кийин сүт текшерген лабораториядан билинип калышы мүмкүн.

чех фермасындагы уйлар
чех фермасындагы уйлар

Сүттүүлүгү жогору болсун үчүн уйлар жайытка чыгарылбайт. Бул түркүмдөгү уйлар суукка байымдуу дешти. Ошон үчүн кышкысын жылуу сарайларга камалбайт. Жайкысын атайын кондиционерлер аркылуу уйлар үчүн жагымдуу температураны сакташат. Ал эми уйдун алды төрт саат сайын тазаланат. Бул ишти автоматташтырылган калак аткарат.

"Уйларды компьютерлешкен машине эки маал саайт. Бир уй күнүнө орточо 35 литр сүт берери эсептелген. Бирок арасында андан аз сүттүүлөрү, генетикалык мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу 70 литрге чейин сүт бергендери да бар", - деди кооператив жетекчиси Роман Якоубек.

Бирок кооператив жетекчисинин айтмында, гольштейн породасындагы бул карала уйлардын Кыргызстандын климатына чыдашы кыйын. Аны Казакстанга алып барып көрүшкөндө шарттын туура келбегенинен улам сүттүүлүгү азайып, саламаттыгы начарлаганы байкалган. Ордуна чехиялыктар симменталь породасындагы башка сүттүү уйду сунушташууда. Биз бирок азырынча аларды көрө алган жокпуз. Гольштейндин орточо баасы 2500 доллар болсо, Кыргызстанга ылайык делген симменталдыкы орточо 3000 долларга жакын.

Ферманы көрүп чыккандардын бири Сокулуктан келген фермер Айзада Жумалиева биресе таң калса, биресе көптөгөн идеяларды топтогон:

- Мен үчүн өтө кызык болду. Эми Бишкекке барганда талкуулап, ойлонуп көрөбүз. Бирок мен муну жасай алса, системаны, сапатты көзөмөлдөөнү жолго койсо болорун түшүндүм. Бир топ идеялар пайда болду. Бул технологияларды алып баруу экономикалык жактан алганда оор болуп, пайда түшпөй калышы мүмкүндүгүн түшүнүп турабыз. Бирок ушул деңгээлде отуруп алып "жок, колдон келбейт, экономикалык жактан кыйын" дей бербешибиз керек. Чехия деле жоктон баштаган да.

Чех-кыргыз алакасы бир кылымдай илгери түзүлүп, 1925-жылы "Интергельпо" кооперативи кыргыз жергесине электростанция, текстиль фабрикасы, темир жол, заводдорду жана башка кеңселерди курганы маалым.

Тарыхый маалыматтар боюнча, 1934-жылы "Интергельпо" Кыргызстандагы өндүрүштүн 20% чыгарып турган. Бирок байланыш өнүккөн ушул доордо эки өлкө алакасы андагыдай жогору болбой келген. Узак убакыттар бою ортодогу соода алакасы 9 млн доллардан ашкан жок.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Али Токтакунов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти, 2011-2014-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кыргыз улуттук университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG