Линктер

шаршемби, 13-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 15:13

Чехиянын борбору Прага шаарында 15-майда кыргыз-чех бизнес форуму ачылды.

Форумга кыргызстандык 100гө чукул делегат барган. Алардын арасында ишкерлер, өкмөт өкүлдөрү да бар. Жыйынга Чехия тараптан 70тей компаниянын, Айыл чарба министрлигинин, Соода-өнөр жай министрлигинин жана Чехиянын экспорттук банкынын өкүлдөрү катышууда. Венера Сагындык кызы форумдун жүрүшү тууралуу айтып берди.

- Бизнес жыйында эмнелер тууралуу сөз болуп жатат?

- Кыргызстан менен Чехиянын ортосунда тарыхый байланыштар бар экени белгилүү. 1925-жылы ошол кездеги Чехословакиядан "Интергельпо" аттуу өнөр жай кооперативи Кыргызстанга барган. Курамына Чехия, Словакия, Венгриянын инженерлери, жумушчулары кирген "Интергельпо" ошол кездеги Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын өнөр жайын көтөрөбүз деп барышып, темир жолдон тартып, чакан электр станциясын, булгаары заводун куруп, өлкөнүн экономикасына чоң салым кошушкан. Прагадагы жыйында ошол тарыхый окуяларды эскеришти.

"Интергельподон" уланган кыргыз-чех мамилеси

Евробиримдик жана Чехия Кыргызстанда парламенттик башкаруу системасынын бекемделишине жардам берет. Бул тууралуу Чехия парламентинин төрагасы Ян Гамачек Кыргызстанга жасаган сапарынын алкагында билдирди.

"Старопрамен" пиво заводунун жыйындар залында ачылган форумга Чехиянын өкмөтүнөн да өкүлдөр катышты. Кыргызстан менен Чехиянын ортосунда өнөр жай, соода тармагында кызматташтыкты өркүндөтүү, 90 жыл мурдагы байланышты калыбына келтирүү тууралуу сөздөр айтылып жатат.

Эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды өркүндөтүүгө потенциал бар экени белгиленди. Чехиянын өнөр жай жана экономика министринин орун басары Эдуард Мурицки мырза айткандай, 2014-жылы соода көлөмү эң көп болуп, 9 млн долларга жетиптир. Бул өтө аз. Акыркы эки жылда андан дагы азайып кеткени, соода алакасын көбөйтүү зарыл экени айтылды. Кыргызстандын өкмөтүнөн экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев, жүздөй кыргызстандык ишкерлер катышып жатышат.

- 2014-жылдан бери соода көлөмүнүн азайып кетишине эмне себеп болгон экен?

“Интергельпо” кооперативинин 2-эшелонунун Кыргызстанга келиши. 1926-жыл.
“Интергельпо” кооперативинин 2-эшелонунун Кыргызстанга келиши. 1926-жыл.

- Кыргызстан менен Чехиянын ортосундагы экономикалык алакалардын ыкчам өнүгүп кетүүсүнө тоскоол болуп жаткан жагдай катары Чехиянын Евробиримдикке мүчө болгону айтылды. Анткени Чехия эки тараптуу келишимдерге өз алдынча кол кое албайт. Ал бардыгын Евробиримдик менен макулдашууга тийиш. Буга кошумча Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине мүчө болуп, биздин өлкө да бардык тарифтик, салык, импорттук, экспорттук саясатын ЕАЭБга кирген өлкөлөр менен макулдашыш керек.

- Ушундай шарттарда кайсы тармакта кызматташып, кайсы тармакка артыкчылык бериш керектиги айтылды?

- Кыргызстандан жүздөй кишинин келгени чоң тарыхый окуя болуп жатат. Ошолордун тизмесин деле карап көрсөк, айыл чарба тармагынан келген өкүлдөр көп экен. Мисалы, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда ондогон жылдар бою иштеп келаткан сүт комбинатынын жетекчиси Күлийпа Жүзүмалиева, туризм тармагынан “Кара-Булак” экокомплексинин директору Жумадыл Эгембердиев, “Кыргызконцепттин” жетекчиси Эмил Үмөталиев, курулуш тармагынан абдан көп өкүлдөр отурушат. Жакында эле Бишкекте көп кабаттуу үйлөргө лифт даярдап чыгара баштаган Stocker аттуу ишкананын жетекчиси Жума Абдуллаев да бар.

Кыргызстандын да, Чехиянын да өкмөт өкүлдөрү бир нерсени белгилеп жатышат: биринчи кезекте эки өлкөнүн ортосунда потенциалдуу, келечеги бар өнүгүп кете турган тармак – энергетика. Чехияда жайы-кышы бою асманын ала булут каптап турса дагы, бардык өнөр жай ишканалар, компаниялар күндөн энергия алышат. Кайры калыбына келтирүүчү энергия булактары жогору бааланат. Ал арзан жана табиятка зыяны аз. Бул жакка келген кыргызстандык ишкерлер ошону үйрөнүүгө умтулушууда. Энергетикадан тышкары туризм, тамак-аш, тоо-кен өнөр жайы – мына ушуларга артыкчылык берилери айтылып жатат.

- Бизнес форум үч күнгө созулат экен. Кыргызстандык ишкерлер ишканаларды, компанияларды кыдыра турганын айттыңыз. Алар кайсы жакка барышат?

- Чехия мурунку социалисттик лагердин ичинен экономикасы алдыга кеткен өлкө. Ошондуктан бул жерде дүйнөгө белгилүү ишканалар бар.

Төрт автобуска отуруп алып, кыргызстандык ишкерлер чакан ГЭСтерди, “Шкода” аттуу белгилүү автомобиль заводуна барышат экен. Андан тышкары ыкчам өнүгүп жаткан ишкана-компанияларды кыдырышат. Биз үчүн кызыктуусу – фермалар, сүт заводдору, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү ишканалары. Ошондой эле чакан ГЭСтер энергиянын жаңы булактарын кантип өздөштүрүп жатканын үйрөнүшөт.

Мындан тышкары Чехиянын курорттук жайларды иштетүү тажрыйбасын да өздөштүрүшөт. Мисалы, Чехиядагы Карловы Вары, Марианские Лазни деген курорттук жайларга баасына карабай дүйнөнүн булуң-бурчунан келип дарыланып жатышпайбы. Мына ушул курорттук жайларды кыдырышат.

Баса, Кыргызстан менен Чехиянын ортосунда өнүктүрө турган дагы бир тармак катары медицина аталууда. Бул тармактан да абдан көп өкүлдөр келишкен экен. Алар Чехиянын курортторун кыдырып, канткенде Кыргызстандагы бир кездеги атактуу курортторду эл аралык деңгээлге чыгарабыз деген маселени изилдешет.

- Форумда конкреттүү документтерге кол коюлабы?

- Форумдун үчүнчү күнү бардык бизнес компаниялар эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү, жолугушууларды өткөрүшөт. Былтыр Чехиянын экспорттук банкы жана Орус-кыргыз Өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү өз ара келишимге кол коюшат экен. Бул эки фонд аркылуу кыргызстандык ишкерлер бир миллион долларга чейин жеңилдетилген үстөк пайызы менен насыя алышат. Алар насыяны алгачкы эки жылда 4% жеңилдетилген үстөк менен төлөшөт. Буга чейин 16 долбоорго каражат бөлүнгөн экен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG