Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

"Интергельподон" уланган кыргыз-чех мамилеси


Чехия парламентинин депутаттар палатасынын төрагасы Ян Гамачек (ортодо) жана Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев.
Чехия парламентинин депутаттар палатасынын төрагасы Ян Гамачек (ортодо) жана Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев.

Евробиримдик жана Чехия Кыргызстанда парламенттик башкаруу системасынын бекемделишине жардам берет. Бул тууралуу Чехия парламентинин төрагасы Ян Гамачек Кыргызстанга жасаган сапарынын алкагында билдирди.

Чехия парламентинин депутаттар палатасынын төрагасы Ян Гамачек жетектеген делегация 16-мартта Бишкекте президент Алмазбек Атамбаевдин жана премьер-министр Темир Сариевдин кабыл алуусунда болду. Андан тышкары Кыргызстандын жана Чехиянын ишканаларынын ортосундагы экономикалык байланышты өнүктүрүү максатында уюштурулган ишкерлер форумуна катышты.

Түштөн кийин Чех парламентинин өкүлдөрү Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков баштаган депутаттар менен жолугушуп, пикир алышты. Чех парламентинин депутаттар палатасынын төрагасы Ян Гамачек “Азаттыктын” кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып, Евробиримдик Кыргызстандагы парламенттик башкаруу системасынын бекемделишине көмөктөшөрүн билдирди:

Чехия парламентинин спикери Ян Гамачек баштаган делегация Бишкектин Жеңиш аянтындагы "Өчпөс отко" гүл коюу аземине катышты.
Чехия парламентинин спикери Ян Гамачек баштаган делегация Бишкектин Жеңиш аянтындагы "Өчпөс отко" гүл коюу аземине катышты.

- Мен парламенттик демократия кабыл алынбаган чөлкөмдө туруктуу парламенттик демократия жолун тандаган өлкөгө келгениме кубанычтамын. Мен президент менен сүйлөшкөнүмдө да, парламент төрагасы менен баарлашкан учурумда да, Евробиримдик менен Чехия бул системаны бекемдөө үчүн кандай жардам бере алары тууралуу айттым. Анткени ул жолду тандоо менен Кыргызстан татаал жолду тандаган. Евробиримдиктин башка өлкөлөрү да Кыргызстанга Борбор Азия чөлкөмүндөгү бирден бир парламенттик башкаруу системасын тандап алган өлкө катары келип, биз сыяктуу расмий делегацияларын жиберип турса, алар тараптан да колдоо болмок.

Тарых маалыматтары боюнча, кыргыз-чех расмий кызматташтыгынын башаты өткөн кылымдын башына барып такалат. 1923-жылы Чехословакиядан келген жумушчулар түптөгөн “Интергельпо” кооперативи Кыргызстанда көп кабаттуу үйлөрдү куруп, өнөр жайларды иштеткен.

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Кыргызстандагы өнөр жай өндүрүшүнүн түптөлүүсүндө “Интергельпо” кооперативинин чоң салымы бардыгын белгилеп, эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү зарылдыгын айтты:

Ян Гамачек менен Асылбек Жээнбеков
Ян Гамачек менен Асылбек Жээнбеков

- Евробиримдик Кыргызстандын товарларын киргизүүгө жеңилдик берди. Мындай жеңилдик дүйнөдөгү 16 гана мамлекетке берилген. Эми Чехиядан парламент төрагасы баш болгон делегация келип, биз менен мамилени өөрчүтөлү деген максатын биз колдон келишинче пайдалансак болот. Биз Чехия аркылуу Евробиримдикте бизге берилген мүмкүнчүлүктөрдү колдонсок болот.

Кыргыз-чех экономикалык кызматташтыгын бекемдөө максатында өткөн жылы алгачкы ишкерлер форуму болгон. Анын алкагында Чехиянын эки ири компаниясы Кыргызстандагы чакан ГЭСтерди курууга кызыкчылыгын билдирип, энергетика жаатында кызматташуу боюнча 190 млн. долларга меморандум түзүлгөн.

“Интергельпо” кооперативинин 2-эшелонунун Кыргызстанга келиши. 1926-жыл.
“Интергельпо” кооперативинин 2-эшелонунун Кыргызстанга келиши. 1926-жыл.

Эки өлкөнүн ортосундагы товар алмашуу көрсөткүчү азырынча көп деле эмес. Ошентсе да Чехия Кыргызстанга курулуш материалдарын даярдоодо, өнөр жай, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү тармактарында алдыңкы жана арзан технологияны камсыздоого мүмкүнчүлүгү бардыгын айтууда.

Ушул тапта Кыргызстанда бир катар ишкерлер чех сантехникасын жана башка курулуш материалдарын жасоочу ишкана ачуу боюнча долбоорлордун үстүндө иштеп жатканы белгилүү болду. Ал эми Чехиядан келген ишкерлер туризм жаатында чогуу иш алып барууну, Кыргызстандан медициналык кызматкерлерди Чехияга алып барып, иштетүү жагын сунушташууда.

Ян Гамачек өкмөт башчы Темир Сариев менен да жолугушту.
Ян Гамачек өкмөт башчы Темир Сариев менен да жолугушту.

Кыргызстан соода өнөр жай палатасынын Германия жана Чехиядагы өкүлү Кайрат Итибаев Чехиянын өнөр жай технологиясы менен Кыргызстанда иш алып баруу чоң мүмкүнчүлүктөргө жол ачарын айтууда.

- Мисалы, азыр күндөн энергия алуу, сантехника, канализация, вентиляция тармагында Кыргызстан менен чехиялык ишкерлер чогуу бир катар долбоорлорду ишке ашырышууда. Азыр иштеп жаткан мисалдар бар. Биз чехтерден заманбап технологияларды алып келип, бул жактагы өндүрүшкө пайдалана алабыз. Мындан тышкары курулуш материалдарын чыгаруу, тамак-аш жасоо технологиялары биз үчүн кызыктуу.

Чехиядан келген расмий делегациянын сапары 17-мартта да уланат. Анда чет өлкөлүк коноктор Кыргызстандагы “Интергельпо" чех кооперативинин негизделгенинин 90 жылдыгына арналган көргөзмөнүн ачылышына катышат.

Маалымат үчүн: 1923-жылы Чехиядагы Желин деген шаарында “Интергельпо” түзүлгөн. Ошондо Кыргызстан аймагына “Интергельпо” кооперативи менен 1925-жылы 1317 адам келген. Ошонун ичинен 50дөн ашык словак элдери болгон. Ошол мезгилден баштап Кыргызстан менен словак элдеринин карым-катнашы күчөй баштаган.

Кыргызстан парламенттик башкаруу ыкмасын өнүктүрүүдө Чехиядан үлгү алса болот. Чехиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу Марат Жаанбаевдин “Азаттыкка” берген маеги бул жерде:
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:50 0:00
Түз линк

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG