Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:02

Буреш: кыргыз-чех долбоорун колдойбуз


Карел Буреш
Карел Буреш

Чехиянын Экспорт банкынын жетекчиси Карел Буреш эки өлкөнүн ортосунда ишкерлик кызматташуу жаатында ой бөлүштү.

15-17-май күндөрү Прагада кыргыз-чех бизнес форуму өтүп жатат. Ага Кыргызстан менен Чехиянын 150дөй компания, мекеме жетекчилери катышууда.

Форумдун катышуучуларынын бири, Чехиянын Экспорт банкынын жетекчиси Карел Буреш "Азаттык" радиосуна курган маегинде эки өлкө ортосунда кандай бизнес долбоорлор ийгиликтүү иштеши мүмкүндүгү тууралуу айтып берди.

"Азаттык": Сиз жетектеген Чехиянын Экспорт банкы Кыргызстандагы бизнес долбоорлордун ичинен өнөр жай, айыл чарба, энергетика, инфраструктура тармагына артыкчылык берерин айттыңыз. Кыргызстанда дал ушул тармактар инвестицияга, каражатка абдан муктаж. Ушундай долбоорлорго силердин банктан каражат алуу мүмкүнбү?

Ишкерлерге үмүт берген кыргыз-чех форуму

Ишкерлерге үмүт берген кыргыз-чех форуму

Чехиянын борбору Прага шаарында 15-майда кыргыз-чех бизнес форуму ачылды.

Карел Буреш: Биздин башкы кардарларыбыз чехиялык экспортер компаниялар. Кыргызстанда алар үчүн сиз атаган тармактарда чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин көрүп турабыз. Ошондуктан биз өзүбүздүн өнөктөш фонд менен биргеликте Кыргызстандан сунуш кылынчу чакан долбоорлорду колдоого даярбыз.

"Азаттык": Силердин банктан насыяны Кыргызстандан ким жана кандай шарттарда алышы мүмкүн?

Карел Буреш: Бул көп нерседен көз каранды. Мисалы, Чехиядан Кыргызстанга керектүү технология, жабдуулар, аспаптар, же тейлөө кызматын экспорттой алчу компания табуу керек. Ошондо биз Кыргызстанда ошол товарларды, же кызматты импорттой турган компания, же ишкананы да каржылайбыз. Мындай учурда эки тарапты каржылоо болот. Адатта Чехиянын Экспорт банкы долбоордун 85% каржылайт, калган 15% долбоорду демилгелеген тарап табышы керек. Биз дайыма ушул 85/15 деген катышты карманабыз.

"Азаттык": Кыргызстандагы долбоорлорго деп каралган каражаттын көлөмү кандай? Канча акча бөлө аласыздар?

Карел Буреш: Бизде ушул багытка мынча акча деп пландалган каражат жок, чектөө да жок. Ар бир бизнес долбоорду терең изилдеп, ошондон кийин жактырабыз. Кыргызстанга мынча акча, башкасына баланча каражат деген саясат жүргүзбөйбүз. Долбоор ишеничтүү болсо, ага каражат бөлүп иштей беребиз. Мисалы, форумда айтылгандай, кыргызстандык ишкерлер Чехияда чыгарылган турай жай-коммуналдык технологияларга, сууну тазалоочу, канализациялык системаны иштете турган жабдыктарга муктаждык чоң экенин айтышты. Чехияда "Мовел" деген компания дал ошондой технологияны чыгарат. Интернеттен деле салыштырып карап көрсөңөр болот. Кыргызстан үчүн ушундай деңгээлдеги жогорку технологиялык сапаттагы жабдыктарды Чехиядан сатып алуу сапаты жана баасы жагынан абдан пайдалуу.

Бизнестин көзүн тапкан эпчил жаштар

Бизнестин көзүн тапкан эпчил жаштар

Стартапер бизнесин жаңы инновациялык идеялар, технологиялар менен жүргүзөт. Кыргызстанда стартаперлердин жаңы мууну пайда болду.

Анын үстүнө ушул жабдыктарды сатып алып иштетсеңер Чехиядагы мына бул банктар мындай шарттарда насыя берет деп сунуш кылып жатсак, менимче, бул бардык тараптарга, айрыкча дал ушундай технологияга муктаж болуп турган Кыргызстан үчүн да өтө пайдалуу иш болмок.

"Азаттык": Мисалы, мен Кыргызстанда бизнес идеясы бар ишкермин дейли. Силердин банктан насыя алып ишти башташ үчүн Прагага учуп келишим керекпи, же ал жакта силердин өкүлүңөр барбы? Каражат алууга болжол менен канча убакыт кетет?

Карел Буреш: Биринчи кезекте сиз менен ал бизнес планды чогуу ишке ашыра турган чехиялык бир шерик компания болушу керек. Эгерде сиз андай компанияны таба элек болсоңуз, биз сизге Чехияда өндүрүлгөн жакшы сапаттагы товар, технологияны экспорттогон алдыңкы ийгиликтүү он компаниянын тизмесин бере алабыз. Албетте сиз издеп жаткан товарды, продукцияны өндүргөн ишканалар тизмеси болот. Кыргызстандык жана чехиялык компаниянын биргелешкен бизнес долбоорун карап чыгып, бериле турган насыянын шарттарын сунуш кылабыз. Алгачкы эки жыл насыя жеңилдетилген шарттарда берилет.

Буга чейин Кыргызстандан чехиялык экспортер ишкана менен келишим түзүп иштегиси келген бир нече долбоорго каражат бердик. Аларга Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду кепилдик берген учурлар бар. Чехиянын Экспорт банкы дал ушул фонд менен меморандумга кол коюп, кыргызстандык ишкерлерди колдоого алмай болдук. Ошондо биз Кыргызстан жана чехиялык эки компаниянын кызыкчылыгы бириккен бизнес долбоорун каржылаган 3-тарап болуп жатабыз. Эки өлкө ортосундагы бизнес кызматташтыгынын келечеги ушундай болушу керек деп эсептейм.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG