Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:19

Тышкы саясат: депутат жана этика


Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңештин мурдагы, азыркы чакырылышынын айрым депутаттарынын орунсуз сөздөрү, чет элдик сапарларындагы аракеттери кыргыз дипломатиясына кедергисин тийгизгени айтылууда.

Эл аралык мамилелерди чыңдоодо парламенттин орду кандай болушу керек? Кыргызстандын тышкы саясатында бирдиктүү макулдашылган позициялар керекпи?

“Арай көз чарай” талкуусуна Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрага орун басары, депутат Абдувахаб Нурбаев жана тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Талант Кушчубеков катышты.

“Азаттык”: Талант мырза, демократиясы өнүккөн, парламенттик башкаруудагы өлкөлөрдө эл аралык кызматташууларда парламенттин орду, тышкы саясатты аныктоодо анын ролу кандай?

Талант Кушчубеков: Жалпысынан парламенттик өлкөлөрдө тышкы саясатты өкмөт аныктайт, ишке ашырган Тышкы иштер министрлиги эсептелет. Кыргызстандын тажрыйбасында болсо тышкы саясатты президент аныктайт, аны аткаруу вазийпасы өкмөткө жүктөлгөн.

Алимбековдун талаштуу Тайван сапары

Алимбековдун талаштуу Тайван сапары

Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Алимбеков Тайвандагы жеке сапарынан чыккан чуудан улам кызматын тапшырды.

Тышкы саясатты аныктоодо парламенттин ролу чоң, бирок кандайдыр бир деңгээлде чектелген. Парламент тышкы саясатта башка чет өлкөлөрдүн парламенттери менен гана кызматташуу боюнча ар кандай келишимдерге, макулдашууларга кол кое алат.

Парламенттин депутаты - ошол өлкөнүн бийлигинин өкүлү, саясий фигура. Анын эл аралык жыйындарда, конференцияларда сүйлөгөн ар бир сөзү, аракети, кыймылы ошол өлкөнүн позициясы же көз карашы деп кабыл алынат.

“Азаттык”: Абдувахаб мырза, мурдагы чакырылыштын бир депутаты Баткенге шайлоочуларга барып, кошуна өлкөнүн президенти тууралуу айтканы эки мамлекеттин мамилесине кандай таасир тийгизди эле?

Абдувахаб Нурбаев: Депутаттын антип айтканы туура эмес болгон. Сырткы маселелер жөнүндө айтып жатканда өтө этият болушу керек болчу. Чет элдик мамилелердин бардык суроолорун Тышкы иштер министрлиги чечиши керек деп ойлойм.

Мен жакында Финляндия менен Эстонияга барып келдим, ал жерде эстон жарандыгын алыш үчүн эстон тилинен экзамен тапшырышат экен.

“Азаттык”: Талант мырза, Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери талаштуу аймак саналган Тайванга барганы, ал жердеги сүйлөшүүлөрүн жеке ишкерлик иши менен байланыштырганы канчалык деңгээлде мамлекеттик кызматтын же дипломатиянын эрежелерине сыят?

Талант Кушчубеков: Дипломатиянын эрежелерине сыйбайт. Кыргызстандын Тайван маселесинде көп жылдан бери келаткан көз карашы бар. Тайван Кытайдын бир бөлүгү, ал маселе качан, кандай чечилет ал башка сөз. Биздин позицияда эки Кытай деген жок. Бийликте отурган адамдар өзүнүн айткан сөздөрү менен биздин жалпы позициябызга залал келтирбеш керек эле, тилекке каршы...

“Азаттык”: Абдувахаб мырза, сиздердин фракциянын депутаты Ирина Карамушкинанын Санкт-Петербург шаарында өткөн парламенттер аралык жыйында Кыргызстандагы дин, орус тилинин көйгөйлөрүн айтып жатканы, партия лидери, мамлекет башчысы Атамбаевдин саясатына көлөкө түшүрүп койду деген пикирлер болду. Бул боюнча КСДПнын позициясы кандай болууда?

Абдувахаб Нурбаев: Бул боюнча депутат Карамушкина өтө туура эмес иш кылды деп эсептейм. Ал жыйынга мен дагы катышкам. Биздин комитеттин бардык мүчөлөрү барганбыз, жыйындан кийин Карамушкинага “бул жер сен айткан маселени айта турган жер эмес болчу” деп катуу айттык.

Карамушкинанын сөзүн биз комитетте да талдадык, анын жоопкерчилигин кароо боюнча фракцияга кат жаздык. Фракция лидери Иса Өмүркуловго да айттым, "карайбыз, чара көрүлөт" деди.

“Азаттык”: Талант мырза, Жогорку Кеңештин эки депутаты Марат Аманкулов жана Ирина Карамушкинанын дүйнө коомчулугу тааныбай жаткан Крымга барышы Кыргыз мамлекети Крымды Орусиянын аймагы катары кабыл алды деп түшүндүрүшү мүмкүнбү? Анткени депутат интернеттеги баракчасында жазып жатат “кыргыз депутаттары келди, демек Крым - биздики дагы” деп. “Биздики” дегенди кандай түшүнүп, кандай баа берсек болот?

Талант Кушчубеков: Карамушкинанын баскан-турганы өтө кызык, сүйлөгөн сөзүнө маани берейин десең ал дагы өтө оор. Кээде мындай сөздөрдү карапайым адам деле айтпайт го деп таң калып калам. Жогорку Кеңештин депутаты катары ошондой сүйлөп, аны жарыялап жатканын жөнөкөй эле кыргыз жараны катары айтсам, Кыргыз мамлекетине, анын тышкы саясатын жасап жаткан президентке, өкмөткө, парламентке болгон чыккынчылык деп эсептейм. Өнүккөн өлкөлөрдө мындай адамдар саясатчы катары кабыл алынбайт. Партиябы, фракциябы чара көрүшү керек. Мындай көрүнүш тышкы саясатта теориялык жактан болбошу керек, бизде болсо практика жүзүндө орун алып жатпайбы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG