Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:53

Эсенгул: Элита дипломатияны окушу керек


Чынара Эсенгул
Чынара Эсенгул

Вице-спикер Нурбек Алимбековдун Тайванга талаштуу сапарынын күңгөй-тескейи тууралуу эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул маек берди.

“Азаттык”: Кыргызстан Тайванды Кытайдын аймагы деп эсептейт. Мындай позицияны карманган өлкөнүн вице-спикеринин Тайванга барышы Кытайды канчалык нааразы кылышы мүмкүн?

Чынара Эсенгул: Кытайдын реакциясы Кыргызстан кандай түшүндүргөнүнө жараша болот. Кыргызстан Кытайдын бүтүндүгүн колдоп, Тайванды өз алдынча мамлекет катары тааныбайбыз деген позицияны 20 жылдан ашык убакыттан бери карманып келе жатат. Алимбеков мырза расмий документтерге кол койгон жокмун десе деле расмий адамдар менен жолукканы үчүн, албетте, бул шек туудурушу мүмкүн. Ошондуктан Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына шайкеш келбеген визит болгондуктан, аны түшүнгөндүктөн ал адам кызматтан кетип жатат окшойт. Кытай муну протоколдорду жакшы билбегендик себеп болду деп түшүнүү менен эле кабыл алат деп ойлойм.

“Азаттык”: Кытай Тайван маселесине өтө сезимталдык менен мамиле кылаары бышык. Жакында эле АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын Тайвандын лидеринин телефон чалуусун кабыл алышы Кытайдын нааразылыгын жараткан эле. Вице-спикер Алимбековдун кызматтан кетишине кыргыз тараптын сактанганы себеп болдубу же Кытайдын кайсы бир мааниде кысымыбы?

Алимбековдун талаштуу Тайван сапары

Алимбековдун талаштуу Тайван сапары

Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Алимбеков Тайвандагы жеке сапарынан чыккан чуудан улам кызматын тапшырды.

Чынара Эсенгул: Тышкы саясат маселеси Конституцияда так жазылбагандыктан 2012-жылы мыйзам кабыл алынган. Анда бийлик бутактары тышкы саясат багытында бири-бири менен кандай кызматташаары жазылган. Ошондой эле тышкы саясаттагы негизги фигура катары президент аныкталган. Вице-спикер болуп туруп, Кыргызстан Тайванды өз алдынча мамлекет катары тааныбагандыктан, ал жакка сапарга баруу жалпысынан дипломатиянын эрежелерине жарашпайт.

Бул катаны кетиргени үчүн спикердин өзү болобу, президенттик аппараттын тышкы саясат боюнча бөлүмү болобу, алар баары эле “туура эмес кылыпсыңар, чакыруу келсе эле бара бербеш керек” деп түшүндүрүшсө керек. Координациянын жоктугу болуп калды го. Бул жерде Кытай деле басым кылбайт го. Анткени Кытай башынан эле бизге кичинекей мамлекет катары жардам берип, биз аны Орусиядан кийинки эле ири стратегиялык өнөктөш деп эсептеп келебиз. Андыктан түшүнбөстүк болгонун түшүнүү менен эле кабыл алат деп ойлойм.

Кыргызстан Тайванды өз алдынча мамлекет катары тааныбагандыктан, ал жакка сапарга баруу жалпысынан дипломатиянын эрежелерине жарашпайт.

“Азаттык”: Жалпы дипломатиянын эрежелерин карасак, ар бир мамлекеттин тышкы саясатта бир багыты болот жана саясатчылар ал багыттан чыкпашы керек. Кыргызстанда кайсы өлкөгө баруу, кайсы өлкөгө барбоо, ким менен жолугуу, ким менен жолукпоо маселесинен кыргыз саясатчылары канчалык кабардар? Алар канчалык бул эрежелерди карманышат?

Чынара Эсенгул: Тышкы иштер министрлиги саясий элитаны даярдоодо активдүү роль ойноп, мурункудай билимди жогорулатуучу тренингдер, сабактар болсо деген ой бар. Мурда элитаны ар кыл жагынан даярдачу эмес беле. Азыр саясий партиялар бат-баттан бийликке өзгөрүп келип, министрлер алмашып, депутаттар алмашып жатат.

Тайвандын эгемендигин талап кылган митингдер көп болуп турат
Тайвандын эгемендигин талап кылган митингдер көп болуп турат

Мүмкүн ушундай ньюанстарга көңүл бурбаганы үчүн бул жерде Тышкы иштер министрлигинин да жоопкерчилиги бар. Парламент аралык топтор болот. Депутаттардын арасынан мамлекеттерге жооптуу адамдарды коюп коет. Мүмкүн Тайван да активдүү болуп, өзүнчө чакыруу жибергендир. Ал же Тышкы иштер министрлигинен өткөн жок же байкабай калышты.

“Азаттык”: Тайван 1949-жылдагы жарандык согушта Коммунисттер жеңип чыккандан кийин Кытайдан бөлүнүп алган. Тайван лидерлери Кытайдан өз алдынча болууну көздөп келет. Кыргызстандын вице-спикериники сыяктуу визиттер Тайвандын өзү үчүн же Тайвандын лидерлери үчүн канчалык маанилүү?

Чынара Эсенгул: Албетте, Тайван үчүн кичинекей мамлекет болсо анын расмий адамдары келгени абдан маанилүү. Ошол эле азыркы Абхазияны, Косовону мисал келтирсек болот. Мамлекет төрт характеристикадан турат: территория, жашаган эли, легитимдүү бийлик жана эл аралык коомчулуктун таануусу. Ошол эле Косово, Абхазия же Тайванды бир канча эле өлкө тааныган. Алар өздөрүн мамлекет катары санайт.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG