Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:30

Кытай Трамптын сөзүнө тынчсызданууда


Дональд Трамп
Дональд Трамп

Кытай АКШнын шайланган президенти Дональд Трамптын Тайван менен мамилени кайра кароону ишара кылган сөздөрүнө “олуттуу тынчсыздануусун” билдирди.

Кытайдын тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Трамптын сөздөрү АКШ менен Кытайдын мамилесине терс таасирин тийгизиши мүмкүндүгүн айтты.

Трамп 11-декабрда “Фокс Ньюс” каналына берген маегинде Кытайдын ага үстөмдүк кылышын каалабастыгын, ”Бир Кытай” саясатына байланбай турганын айткан. Ага чейин Тайвандын лидери менен телефон аркылуу сүйлөшкөн болчу.

Кытай Тайванды өзүнүн аймагы катары эсептейт. Тайвандын лидерлери Кытайдан толук көз карандысыз болууну каалашат.

XS
SM
MD
LG