Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:15

Кытай менен Тайвандын лидерлери 66 жылдан кийин кайра кол алышты


Тайвандын лидери Ма Инцзю менен Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзинпин
Тайвандын лидери Ма Инцзю менен Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзинпин

Сингапурдагы жолугушууда Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзинпин менен Тайвандын лидери Ма Инцзю 1949-жылдан бери алгачкы жолу жолугушуп, кол алышып учурашты.

Сүйлөшүүлөрдүн алдында тайван лидери Кытай менен Тайвандын ортосундагы жогорку деңгээлдеги жолугушуулар бат-бат болуп турарына үмүтүн билдирди. Анын сөздөрүнө караганда бул жолугушуу келечекке багытталган жана аймактын тынчтыгын бекемдөө үчүн кызмат кылууга тийиш.

Мурдараак Тайвандын баш калаасында бул жолугушууга каршы чыккан демонстранттар менен полиция кагылышкан эле.

Кытай менен Тайвандын расмий кызматташтыгы 1949-жылы үзүлгөн.

Кытай Тайванды өзүнүн бир бөлүгү катары санайт жана аны кошуп алуу үчүн зарыл болсо күч колдонорун да жашырган эмес.

Тайвандын азыркы лидери Ма Инцзю бийликке келген 2008-жылдан бери Бээжин менен экономикалык байланыштарды чыңдады. Бизнес жана туризм жаатында бир катар ири келишимдерге кол койду. Келерки жылы Ма Инцзю мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу бийликтен кетет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG