Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:31

15-18-майда Прага шаарында кыргыз-чех бизнес форуму болуп өттү. Ага Кыргызстандан 100дөй расмий адамдар, ишкерлер катышты. Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев "Азаттыктын" Прагадагы студиясында курган маегин бизнес форум тууралуу пикирин айтуудан баштады.

Нурбаев: Кыргыз-чех бизнес-форуму кызыктуу болду. Ага 100гө жакын кыргызстандык ишкерлер келиптир. Алар Чехиядагы айыл-чарба, өндүрүш, инфраструктура тармагындагы ишканалар менен жолугушуп, алардын тажрыйбасы менен жакындан таанышты. Европа биримдиги Кыргызстанга жакында эле ВСП+ макамын берген, 6200 товардын түрүн биз кошумча мамлекеттик төлөмсүз киргизе алабыз. Чехия Европага терезе болот деген үмүт бар. Булардын да бизге кызыгуусу көп болуп жатат. Чехиядан үйрөнө турганыбыз толтура. Азыркы учурда велосипед ойлоп табуунун кереги жок экен, даяр, бар нерселерди биздин шартка ылайыктап алып кетүү керек.

“Азаттык”: Бул бизнес форумдун биринчи күнүнө мен да катышып калдым. Чехиянын да, Кыргызстандын да өкмөт өкүлдөрү эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтык өрчүй турган тармактар катары энергетика, тамак-аш өнөр жайы, айыл чарба, курорттук бизнести атап жатышат. Ушул тармактар боюнча эки өлкөнүн ортосунда келишимдерге кол коюлуп калышы мүмкүн, ишкерлер өз ара сүйлөшүп алып кызматташтыкты өнүктүрүшү мүмкүн деген ишенич барбы сизде?

Нурбаев: Ишенич бар, бирок бизде тоскоолдук дагы бар экен. Бул тоскоолдук Чехия менен Кыргызстандын ортосундагы кош салыкты жоюу тууралуу келишимдин жоктугу. Ошону жоюшубуз керек экен.

“Азаттык”: Ошол эле кезде Чехия Евробиримдикке мүчө, ал эми Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкө. Ушуну эске алганда эки өлкө экономикалык кызматташтык маселелерин өз алдынча чече албайт го. Бул да тоскоолдук болобу?

Нурбаев: Тоскоолдук болбой турган жактарын да карасак болот. Чехия Кыргызстан аркылуу ЕАЭБ өлкөлөрү менен алака кылса болот деп, биз да аларга (чех ишкерлерине) бул кеңири аймакка эшик болуп берсек деген үмүт бар. Ал эми Чехия болсо, тескерисинче, бул жакка. Анткени биз ошол эле учурда Дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсүбүз да. Ошол мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, жакшы иштерди кылсак болот деген ниет бар. Эң башкысы биз чех ишкерлеринин Кыргызстанга кызыгуусун байкап жатабыз. Анткени бизде чындап эле кыла турган иштер толтура экен. Мисалы, ошол эле жарыктандыруу, коопсуз шаар, айыл-чарбасы. Бизди Евразия экономикалык биримдигине мүчө деген менен ошол өлкөлөрдүн биринде да жаңы технологиялар жокко эсе да мындай караганда.

“Азаттык”: Эми сиз саясатчысыз. Менин көз карашымда сиз саясатчылардын жаңы муунуна киресиз. Парламентке биринчи жолу шайландыңыз. Ага чейин Ош шаардык кеңешине депутат болгонсуз. Ошол кездеги шаар мэри Мелис Мырзакматовду ачык сындап, ишмердигине сын пикирлериңизди айтып эржүрөктүк кадамдарды жасадыңыз эле. Азыр саясатта эржүрөк болгон кыйын болсо керек?

Нурбаев: Бир шаардын деңгээлиндеги саясат башка, чоң саясат башка. Анткени шаар чакан, бюджети да аз, аны беш колдой билип турасың. Ал эми бул жерде тажрыйба керек экен эң башкысы. Шаарга эки жолу депутат болгон менен Жогорку Кеңешке депутат болгондун айырмасы башка. Мен көрүп жүрөм парламентке үч-төрт жолу депутат болгон адамдардын тажрыйбасы башка. Бул алардын сүйлөгөнүнөн эле билинип турат.

“Азаттык”: Сиз мүчө болгон Социал-демократтар партиясы, башкаруучу коалициялар 2017-жылга чейинки, андан кийин 2040-жылга чейинки Улуттук өнүгүү стратегиясы деп, программаларды алдыга алып чыгып жатышат. Бирок 2017-жылга чейинки стратегиянын көп долбоорлору аткарылган жок деп эксперттер белгилешүүдө. Ошол эле "Коопсуз шаар" жана башка долбоорлор ишке ашпай жатат. Азыркы парламент элдин турмушун жакшырта турган кандай мыйзам долбоорлорун кабыл алдыңыздар?

Нурбаев: Стратегияны кабыл алып жатканда программаларды, максатты бийик койо бериш керек го. Максат кичине болсо проблемалар тосуп калат да. Туура, бул жерде аткарылганы да бар, аткарылбаганы да бар. Негизги нерсе стратегия жазып жатканда аны аткаруу жолдорун жазыш керек экен. Бизде кагаз жүзүндө калып кетип жатпайбы. Мисалы, стратегияны аткаруу үчүн 10 кадам деп жазса, элге да түшүнүктүү болот, жазган адамдарга да жакшы болот. Эл да мына эки кадам кылдыңар, сегиз кадамды качан кыласыңар деп сурайт эле да.

Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Мыйзам боюнча сурап кеттиңиз, биз депутат Жанар Акаев, Улан Примов үчөөбүз жеке менчик мектептерди салыктан бошотуу боюнча маселени көтөрүп, ага 17 депутатты авторлош кылганбыз. Бул мыйзам кабыл алынып, президент кол койду. Кудай буйруса, бул жакшы нерсе деп ойлойм. Анткени биз балдарыбызга бала бакчадан баштап англис тилин үйрөтпөсөк, биздин балдар атаандаштыкка туруштук бере албай калат. Мен балдарга жолукканда дайыма айтам, келечекте атаандаштыкка туруктуу болуш үчүн беш тилди билиш керек. Өзүнүн кыргыз тилин, андан кийин орус, англис тилдерин жана ишкерликтин, копьютердин тилин билиши зарыл. Экинчи дагы бир мыйзамыбыз мектептерди аккредитациядан өткөрүү болду. Ага ылайык, мамлекеттик мектептер да беш жылда бир жолу аккредитациядан өтөт. Анткени сапатты сөзсүз караш керек. Кээ бир мектептерди жабууга чейин барыш керек. Анткени кээ бир мектептердин сапаты такыр түшүп кетти.

Дагы бир мыйзамыбыз Ош шааарына байланыштуу. Ош шаарына кошумча жолдорду куралы дейбиз, бирок сугат жерлерге мораторий кирип калган. Ошондой жерлерге көпүрө менен жол курулса, мораторий алынсын деп жатабыз мыйзамдын автору катары.

Финляндияда жаңы курулган жолдордун кепилдик мөөнөтү он жыл экен, бизде үч жыл. Биз ошону жок дегенде беш жылга көтөрөлү деп дагы бир мыйзамдын долбоорун даярдап жатабыз.

“Азаттык”: Парламенттин дарегине көп сын пикир айтылып, жазылып жатат. Аны сиз да социалдык тармактардан, маалымат каражаттарынан окуп жатсаңыз керек. Парламентке айтылган негизги сын пикирлер менен макулсузбу? Сын пикир эмнеден улам мынча көп айтылып жатат?

Нурбаев: Парламент сырттан келген жок. Эл кандай болсо, парламент ошондой. Элде кандай адамдардын катмарлары бар болсо, ошолордун өкүлдөрү парламентке келет. Анан сындын көп болгону – биз өкмөт, президенттик аппарат, сотко караганда ачыкпыз. Ар бир депутаттын сүйлөгөн сөзү, берген добушу ачык. Башка тармактар да биздей ачык болсо жакшы болмок. Туура, объективдүү сындар бар. Бир акылмандын “силер сүт болсоңор - мен каймакмын, силер сасык суу болсоңор – мен балырмын” деп айткан кеби бар эмеспи. Ошон үчүн элдин арасында акылман, интеллектуалдык деңгээли жогору, мамлекетти сүйүү сезими бар жаштар көп болсо, ошолордун арасынан парламентке келечекте жакшылары келет деп ишенем.

Маекти толугу менен бул жерден угуңуз:

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG