Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:57

Жогорку Кеңеште Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитеттин 2-майдагы жыйынында "Кыргызтелеком" ААК "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча пилоттук долбоор менен тааныштырды.

Талкууда долбоорду ишке ашыруунун "Кыргызтелекомго" берилиши, каржы булагынын аныктала электиги, сот иштери боюнча сын-пикир айтылды.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков буга чейин "Коопсуз шаар" долбоору "Таза коом" долбоорунун негизинде ишке ашарын маалымдаган. Буга чейин эки ирет тендер өткөн, бирок жыйынтыктар жокко чыгарылган. Ушул тушта соңку тендер боюнча сот жүрүп жатат.

Сунушталган пилоттук долбоор боюнча, алгач Бишкек шаарындагы бир көчө кесилишке үч ай аралыгында видео камералар орнотулмакчы. "Кыргызтелекомдун" башчысы Нурлан Мадаминов жалпы долбоорду ишке ашырууга бир жыл керектигин билдирди:

- Биз пилоттук долбоорду ушул жылдын сентябрь-октябрь айларында тапшырып беребиз. Ал эми шаар боюнча эгер үч айдын ичинде тендер өтсө, анда жалпысынан Ош шаары менен кошо ишке ашырууга бир жылдай убакыт кетет. Пилоттук долбоор боюнча токтом чыккан, ал министрликтерде макулдашууда. Биз бул долбоорду аягына чыгара алабыз. Бизде керектүү волокондук-оптикалык линия бар, байланыш, радиорелейдик-кабелдик система, техникалык колдоо жана төрт миңден ашуун кызматкерибиз бар. Бишкек шаарында жалпысынан 198 көчө кесилиш бар. Бир көчө кесилишке болжол менен 6-8 видеокамера коюлушу керек.

“Коопсуз шаарды" тушаган кызыкчылыктар

Акыркы айларда Кыргызстанда жолдо катталган кырсыктардын саны кескин өсүп кеткени чоң көйгөйгө айланууда.

"Кыргызтелеком" "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча буга чейин үч орусиялык ("Интегра-С", "Сфера", AngelsIТ) жана бир швециялык (Axis Communication) IT компания өз кызматын сунуштап жатканын, алардын өкүлдөрү менен Бишкекте жолугушуулар өткөнүн маалымдаган.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун маалымдашынча, долбоор бир канча этап менен ишке ашат:

- Мисалы, Бишкек шаарындагы кире беришке долбоордун биринчи этабында беш жерге койсо болот. Экинчи этабында, мисалы, жаңы жылда 15, бара бара-бара жалпысынан 41 жерге коюлса шаардын баарын толук камтыйт. Ошондуктан бул туура эле долбоор болуп саналат.

Жогорку Кеңеште вице-премьер-министр Жеңиш Разаков ушул тушта демөөрчүлөр менен сүйлөшүү жүрүп жатканын айтып, каржы булагы жакында аныкталат деп ишендирди.

- Бишкектеги сот болуп аткан тендерге кирген көчө кесилиштерге биз камераларды азырынча кое албайбыз. Юридикалык жактан бул туура эмес болуп калат. Кийинки долбоорго башка жерлерди киргизсек болот. Азыр демөөрчүлөр менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Негизи кызыккан демөөрчүлөр бар. Президентин аппараты, өкмөт сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат, каржы булактары жакын арада аныкталат.

"Кыргызтелекомдун" 78 пайыз акциясы Мүлк фондуна, 12 пайызы Cоциалдык фондго таандык, ал эми 10 пайыз жеке колдо. "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Алтынбек Жунус уулу долбоордун "Кыргызтелекомго" берилишин сынга алды:

- Муну кыргыз өкмөтү өзү жогорку деңгээлде чечиши керек. Муну "Кыргызтелеком" да, ИИМ да чече албайт. Бул жерге комплекстүү мамиле керек. Бишкек болобу, Ош шаары болобу, мэриялардын өзүндө жарыктандыруудан баштап, жол белгилерине чейин акча каралышы керек. Камера койгон менен эле маселе чечилбейт. Муну "Кыргызтелекомго" беребизби, "Элкатка" беребизби, же башка провайдер болобу, өкмөт өзү тендер жарыялап, арзан сунуштаганын тандап, ушул багытта иш алып барышы керек. Бирок эң негизги "мээси" акционердик коомдо эмес, ИИМде, мамлекеттик органда болушу керек.

Жогорку Кеңеште өкмөттүн 2016-жылдагы отчету каралып жаткан чакта да жол кырсыгына байланыштуу соңку жагдай, "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча суроолор арбын берилди. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бул боюнча чечим жакында кабыл алынат деп ишендирген:

- "Таза коом" долбоору башталды. Ага азыр каражат каралып жатат. Ошонун негизинде бир эле "Коопсуз шаар" эмес, 387 мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү дагы электрондоштурууну бир жакшы компанияга берүү боюнча маселе турат, бул боюнча иштер жүрүп жатат. Жакын арада чечим кабыл алынат. Учурда каражат изделүүдө. Экинчиден, ошол "Коопсуз шаарга" кирбеген жерлерди жергиликтүү бийликтин каражаты менен ишке ашыруу каралып жатат. Мисалы, Бишкек шаары 40 миллион сом бөлүп жатат.

Түнкү Бишкек
Түнкү Бишкек

“Коопсуз шаар” боюнча алгачкы тендер 2012-жылы Өмүрбек Бабанов өкмөт башчы болуп турганда өткөн. Анда кытайлык компания жеңип алган. Бирок баасы ашкере жогору, сынактын жол-жобосун сактаган эмес, мыйзам бузуу болгон деген негизде соттун чечими менен тендердин жыйынтыгы жокко чыккан. Мындай тендер өткөргөн жооптуу аткаминерлерге чара көрүлгөн эмес.

Экинчи тендер 2014-жылы август айында жарыяланган жана сегиз компания катышып, жыйынтыгында “Стилсофт-Бишкек” жеңүүчү деп табылган.

Бирок 2015-жылы март айында ошол кездеги ички иштер министри Мелис Турганбаев “Коопсуз шаар” долбоору боюнча тендерде уткан компания менен келишимге кол коюудан баш тарткан. Турганбаев сынакта жеңип чыккан “Стилсофт Бишкек” кыргыз-орус ишканасынан күмөн санаган жана тендердин жыйынтыгын өкмөттүк комиссия текшериши жана жаңы сынак жарыяланышы керек деп билдирген. Сынак өткөргөн комиссиянын айрым мүчөлөрү тендердин үзгүлтүккө учурашы боюнча ИИМдин өзүн айыптап чыкты. Ушул тушта кыргыз өкмөтү “Стилсофт Бишкек” менен соттошуп жатат.

“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында Бишкек жана Ош шаарларына, стратегиялык мааниси бар жолдорго видеокөзөмөл камералар орнотулат. Болжол менен 43 миллион доллар кетет деп айтылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG