Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:40

Акыркы айларда Кыргызстанда жолдо катталган кырсыктардын саны кескин өсүп кеткени чоң көйгөйгө айланууда.

Өлкө президенти өкмөткө жана Коопсуздук кеңешине жол кыймылынын коопсуздугу боюнча маселени кароону тапшырды. Жол эрежелеринин сакталбай жатышынын негизги себеби эмнеде? "Коопсуз шаар” долбоору эмне үчүн ишке ашпай турат?

“Арай көз чарай” талкуусуна Автоташуучулар бирикмесинин төрагасы Темирбек Шабданалиев, “Коопсуз шаар” долбоорунун тендердик комиссиясынын мүчөсү Азиза Абдирасулова жана Ички иштер министрлигинин коомдук кеңешинин мүчөсү Чынара Касмамбетова катышты.

“Азаттык”: Темирбек мырза, Кыргызстанда акыркы үч айда миңден ашуун жол кырсыгы катталыптыр. Анын негизги себебин сиз эмнеден көрүп жатасыз?

Темирбек Шабданалиев: Өкмөттүн же коомчулуктун алдында иштөө чараларынын жоктугу, бир сөз менен айтканда башаламандык негизги себеп болуп жатат.

"Коопсуз шаар" долбоорунун ишке ашпай жатышына коррупциялык көрүнүштөрдүн орун алышы кедергисин тийгизүүдө.

Кыргызстандагы жол коопсуздугу жылдан жылга начарлап бараткандыгына карабастан анын саясатын жүргүзгөн, ал үчүн жооп берген мамлекеттик органдар жок.

2015-жылы өкмөт башчынын чечими менен Жол кайгуул кызматы түзүлгөн. Алар жол коопсуздугун биз карап жатабыз, биз жооп беребиз, деп ойлошот, ал туура эмес. Жол коопсуздугу өтө терең, комплекстүү маселе катары каралышы керек. Жол коопсуздугу дегенде элди бала бакча, мектептен, окуу жайлардан баштап тарбиялашыбыз керек эле.

Экинчи чоң көйгөй бул – айдоочулар. Кыргызстанда 120 миңден ашык айдоочу бар, алар менен тарбиялык иштер жүрбөйт. Мындан сырткары мамлекеттик органдарда, мекемелерде түшүндүрүү иштери болбогондугу, баары чогулуп келип бүгүнкүдөй көйгөйдү жаратууда.

“Азаттык”: Азиза айым, биз билгенден Кыргызстанда “Коопсуз шаар” долбоору 2012-жылы эле башталган. Сиз долбоордун тендер комиссиясынын мүчөсү экенсиз. Азыркыга чейин ишке кирбей жатышынын негизги себеби эмнеде болууда?

Азиза Абдирасулова: Мен 2012-жылдагы тендер комиссиясында мүчө болгон эмесмин. Тилекке каршы, ал долбоор да ишке ашпай калган. Мен 2015-жылдагы тендер комиссиясына мүчө болгом. Бардыгы 30 адам элек, парламенттеги ар бир фракциядан бирден депутат да кирген.

Менимче, долбоордун ишке ашпай калышынын биринчи себеби Ички иштер министрлигинин аткаруучу болуп калгандыгында болду. Бардык уюштуруу, секретариат иштерин да алар аткарып келген.

Сунуш берген сегиз компаниянын ичинен биз алгач беш компанияны тандадык, акырында үчүнчү турга барганда орусиялык компания биринчи, молдовалык компания экинчи орунду алган. Тендер комиссиясы иштин баарын жакшынакай эле чечкенден кийин, ошол Ички иштер министрлиги ызуу-чууну өздөрү баштады. Себебин сурасак, “орусиялык компанияда сот иштери бар экен” дешти. Анда биз “документтерди силер топтодуңар, бир жылдан бери кайда карап отурасыңар” дедик. “Болуптур, орус компаниясы өтпөсө молдован компаниясын, ал болбосо түрк компаниясын алгыла” дедик. Андай да болбоду.

Бул долбоорго Бишкек-Ош, Бишкек-Каракол жолу, эң негизгиси Ош, Бишкек шаарлары камтылмак. Долбоордун ишке ашпай жатышына коррупциялык көрүнүштөрдүн орун алышы кедергисин тийгизүүдө. Ички иштер министрлигинин түздөн түз кызыкчылыгы бар экендиги билинди, ошол учурдагы министр Мелис Турганбаев өзү тоскоолдук кылган.

Азаттык”: Чынара айым, Ички иштер министрлигиндеги реформанын алкагында милициянын кайгуул кызматы түзүлүп, бир эле учурда кылмыштуулук жана жол коопсуздугу үчүн күрөшөт деген максат болду эле, ал өзүн актадыбы?

Патрулдук милиция ишенимди актай албай жатат

Жогорку Кеңеште жол коопсуздугун көзөмөлдөө үчүн жаңыдан түзүлгөн патрулдук милициянын ишмердиги сынга алынды.

Чынара Касмамбетова: Менимче бул реформа өзүн актабай жатат. Мурдагы Жол кайгуул кызматынын жол коопсуздугуна түздөн-түз тиешеси бар болчу, кийин дагы бир кызматты кошкондо маселе жаралды. Анткени аларда жол коопсуздугу, эрежелер боюнча тажрыйба жок болуп чыкты. Мыйзамдарды, эрежелерди, кишилер менен сүйлөшкөндү билишпейт эле. Ошондо алардын баарын үйрөтүшү керек болчу. Ушундай суроолордун айынан ал реформадан майнап чыкпай жатат.

2015-жылы жол эрежелерди бузгандарды кыскартуу максатында айып пулдар көбөйтүлгөндө акыйкат үчүн айтып коюшубуз керек, 2016-жылдагы статистиканы алсак жол кырсыктары, өлгөндөрдүн, жараат алгандардын саны азайган. Мас абалында унааны башкаргандар бир топ тартыла түшкөн. Азыр жол кырсыктары көп каттала баштагандыктан коомчулукта айып пулдарды дагы көтөрүү сунуштары айтылууда. Менимче, бул маселени видео көзөмөлдөгүчтөрдү койгондон кийин карап көрсөк болот. Анткени айып пулду көтөргөнүбүз менен пара алуу фактыларды азайта албайбыз, айдоочу менен МАИ кызматкеринин ортосунда келишип алуу адаты улана берет.

Азиза Абдирасулова: “Коопсуз шаар” долбоорун турмушка ашырууну бир министрлик эмес, өкмөт өз моюнуна алышы керек. Тендердик комиссияны өзү түзүп, аткаруу милдетин да өкмөт өзүнө алышы зарыл. Ошондо жоопкерчилик да күчөйт. Болбосо, кызыкдар тараптар бүгүнкүдөй соттошуп жүрө берет, долбоор ишке ашпайт.

Талкуунун толук вариантын бул жерден угуңуз:

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG