Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:09

“Коопсуз шаар” долбооруна каржы булагы такталууда


Бул тууралуу бүгүн өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Ал “Коопсуз шаар” долбоору боюнча жакында чечим кабыл алынарын, жергиликтүү бюджетти колдонуу жагы дагы каралып жатканын кошумчалады. Мындан сырткары өкмөт унааны ишеним кат менен айдоо тартибин карай турганын белгиледи.

-"Коопсуз шаар" "Таза коом" долбоорунун алкагында ишке ашканы жатат. Азыр бир машинага 4-5 ишеним кат табылган учурлар болууда. Биз бул маселени карайбыз.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева бул багытта IT адистерин даярдоо маселеси маанилүү экенин айтып, жакында атайын топ Белорусияга окууга жөнөй турганын кошумчалады.

Машинени ишеним кат менен колдонуу тартиби 2012-жылдын август айында ошол кездеги премьер-министр Өмүрбек Бабановдун демилгеси менен жоюлган. Ички иштер министрлиги бул тартип киргенден кийин жол кырсыктарынын саны өскөнүн белгилеп келет. (КЕ/ЕВМ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG