Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:56

ИИМ "Коопсуз шаарды" өз колуна алды


Иллюстрация
Иллюстрация

Ички иштер министрлиги өз күчү менен "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууга киришти. Бирок буга жарандык коомдун айрым өкүлдөрү ишенбей турушат.

Төрт жыл мурун көтөрүлгөн бул демилге соттук териштирүүлөрдүн айынан ушул күнгө чейин колго алына элек.

Коомчулукта шаардын коопсуздугу камсыздаларынан күмөн санаган пикирлер аз эмес. Себеби шаардыктар арасында сурамжылоо жүргүзгөндө ата-энелер балдарын кечкисин сыртка чыгаргандан коркушса, айдоочулар көчөдөгү камералар жол эрежесин тартипке салмак деген пикирлерин айтышты.

Арадан төрт жыл өттү...

Шаардыктардын коопсуз жашоосун камсыздоо үчүн Бишкек, Ош шаарларынын көчөлөрүн түнкүсүн күндүзгүдөй жарыктандырып, виедокөзөмөлдү толук орнотуп беребиз деген өкмөттүн убадасы төрт жылга жакын убакыттан бери ишке ашпай турат. Долбоорду ишке ашыруу үчүн эки ирет өткөн тендердин аягы чуу менен бүткөнү да коомчулукка маалым.

Бул аралыкта Ички иштер министрлиги чет элдик компаниялардын каржылык колдоосун күтпөй эле Молдова тажрыйбасына таянып, өз күчү менен долбоорду ишке ашыруу дымагын билдирип чыкты.

Министрликтин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитовдун билдиргенине караганда, учурда министр Мелис Турганбаев Молдованын “Коопсуз шаар” долбоору менен таанышып, Кишиневдо жүрөт.

- Молдова өз күчү менен эле “Коопсуз шаар” долбоорун киргизген экен. Биз да ушундай ыкма менен бармай болуп жатабыз. 16-ноябрда алар Кыргызстанга акысыз жардам иретинде программалык камсыздоону бермей болушту. Эми аппаратуралар өлкөгө алып келинсе, биз акырындык менен камераларды орното баштайбыз.

Бакыт Сейитов Молдова 500 миң долларга барабар керектүү жабдууларды грант түрүндө берип жатканын “Азаттыкка” кошумчалады.

Коопсуздукка капчык туура келбейт

“Коопсуз шаар” долбооруна 60 миллион доллардан ашык каражат кетээри эсептелген. Бирок бул сумма өлкөнүн кийинки жылындагы бюджетинде көрсөтүлгөн эмес. Министрлик болсо унаа айдоочулардын айып акчаларынын эсебинен ишти баштай берүүнү туура көрүүдө.

Мындай демилгеде тобокелчилик көп экенин транспорт жаатындагы эксперт Ислам Байгарев белгиледи.

- Долбоор бюджетке киргизилбесе бул иштин жыйынтыгын жакын арада көрбөйбүз. Себеби министрликтин акчасы эч нерсеге жетпейт. Буга сөзсүз инвестор керек, бирок ИИМ инвестор менен иштешүүнү каалабай жаткандай.

Министрдин демилгесин популисттик кадам деп айткандар да бар. “Коопсуз шаар” долбоорундагы тендердик комиссиянын мүчөсү Азиза Абдирасулованын пикиринде, министрлик долбоордун ишке ашпоосуна кызыкдар экенин бир эмес, эки тендерди жаратпай койгондо эле белгилүү болду.

- Министр башында молдовалык компанияга кызыкдар экенин жашырып келди. Бирок барган сайын өзү эле ачыкка чыгып атпайбы. Себеби сот орусиялык компания боюнча же тендердик комиссиянын чечимин жокко чыгара элек, ал дагы деле күчүндө, ага карабай иш башталбай жатат. Ошол эле учурда министр Молдова менен сүйлөшүп жүрөт.

Абдирасулованын айтымында, былтыр тендерден уткан Орусиянын “Стилсофт Бишкек” компаниясы соттошуп бүтө элек.

Чубактын кунундай чубалган “Коопсуз шаар” долбоору ишке ашса Бишкек, Ош, Каракол шаарларынын көчөлөрүнө, борбордук аянттарга, сейил бактарга, ири базарларга жана соода жайларына, Бишкек-Каракол жолуна видеокөзөмол орнотулмак.

“Коопсуз шаар” долбооруна алгачкы тендер 2012-жылы жарыяланып, анда кытайлык Beijing Construction Engineering Group компаниясы жеңүүчү болгон. Бирок Юстиция министрлиги бул тендерди өткөрүүдө бир катар мыйзам бузуулар аныкталганын билдирип чыккан эле. Натыйжада бул тендер жокко чыгарылып, 2014-жылы экинчи тендер өтүп, орусиялык “Стилсофт Бишкек” компаниясы жеңүүчү деп табылган. Бирок бул компанияга да тендерге катышууда мыйзамсыздыкка жол берилген деген кине коюлуп, аны төгүндөө максатында “Стилсофт Бишкек” Ички иштер министрлиги менен соттошуп келатат.

XS
SM
MD
LG