Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:31

Багы ачылбаган "Коопсуз шаар"


Бишкек.
Бишкек.

Ички иштер министрлиги “Коопсуз шаар” долбоору боюнча тендердин жеңүүчүсү “Стилсофт” ишканасынын арыз-документтерин иликтеп, бери дегенде он жалган маалыматты аныктады.

ИИМ мындан кийин тендер жыйынтыгын жокко чыгаруу арызы менен сотко кайрылганы маалым болду.

Өкмөт менен тендер комиссиясы тандоодогу шалаакылык боюнча бири- бирин күнөөлөп жаткан мезгилде, кошуна Тажикстанда “Коопсуз шаар” бир жарым жылдан бери иштеп жатат.

“Коопсуз шаар” долбоору боюнча тендерден жеңип чыккан орусиялык “Стилсофт” ишканасын текшерүү боюнча түзүлгөн өкмөттүк топ аталган компаниянын документтерин текшерүү учурунда бир топ жалган маалыматтарды аныктады. Алардын негизгилери болуп, аталган ишкана жоюлуу алдында тургандыгы, акыркы үч жылда он жолу сотко кайрылгандыгы, арызда көрсөтүлгөн даректе аталган компания жок болуп чыккандыгы жана башка күмөн жараткан фактылар аныкталган.

Долбоор боюнча иш алып барган ИИМдин Башкы штабынын жетекчиси Бактыгул Абдыжалиевдин айтымында, тендер өткөрүү боюнча комиссияга жогорудагыдай эскертүүлөр алдын ала берилгендигине карабай “Стилсофт” ишканасын жеңүүчү деп атаган.

- Өткөн ишемби күнү “Стилсофт” компаниясынын жетекчилиги менен жолугушуу пландаштырылган эле, бирок алар келген жок. Башкы директору да келбей койду. Биз тараптан демилгеленген өкмөттүк комиссия бардык дооматтар камтылган өз иликтөөсүн жума күнү жыйынтыктап, тендер боюнча комиссияга жолдогон. Жакында эле комиссиянын бир мүчөсү бул боюнча Башкы прокуратурага арыз менен кайрылды. Ал жакта да иликтөө башталды. Ички иштер министрлиги болсо тендердин жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча сотко кайрылды.

Ошол эле учурда “Коопсуз шаар” долбоору боюнча тендер комиссиясынын айрым мүчөлөрү тандоодогу шалаакылык Ички иштер министрлиги жана өкмөт тараптан кетирилген кемчиликке байланыштуу деген пикирин узатууда.

Комиссия мүчөсү Азиза Абдирасулова “Стилсофт” ишканасы боюнча министрликте күмөн жараткан маалыматтар болсо, алдын ала коомчулукка жарыялабаганына таң калганын жашырган жок.

- ИИМ алдын ала күмөн санаган экен, айтпайбы бизге. Тендерге катышкан ишканалар боюнча маалыматтарды министрлик өзү топтогон, бизге маалыматтарды бүт ИИМ берип турган. Эмне себептен эскертилбеди? Тендер курамында министрдин орун басары Курсан Асанов да болгон. Менде ИИМ бул долбоорго кызыкдар эместей ой калды.

Коопсуз шаар долбоорун ишке киргизүүчү компанияны тандоо 2012-жылы башталган. Эки жыл мурдагы тендерди кытайлык Huawei Technologies компаниясы утуп алган болчу. Бирок баасы ашкере жогору болгон, жол-жобо мыйзамсыз өткөн деген негизде тендер жыйынтыгы сот чечими менен жокко чыгарылган. Ушул жума экинчи тендердин тагдырын ушундай натыйжа күтүүдө.

Кыргызстанда үч жылдан бери коопсуз шаар долбоорунун багы ачылбай жатканда, кошуна Тажикстанда так ушундай долбоор бир жарым жылдан бери иштеп келет.

2013-жылдын 31-октябрында ишке берилген “Дүйшөмбү-коопсуз шаар” долбоору алгачкы эле күнү 17 миң жол коопсуздугун бузган, коомдук жайда бейбаштык кылган он учурду каттаган.

Тажикстандагы долбоордун үстүнөн Кыргызстандагы тендерге катышып келе жаткан Huawei Technologies компаниясы иштеп, алты айда пайдаланууга берген. Дүйшөнбүдөгү долбоордун жалпы суммасы 22 млн. долларды түзгөн.

Кыргызстанда “Коопсуз шаар” долбооруна болжол менен 43 миллионго жакын доллар керек деп айтылууда.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG