Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:37

“Коопсуз шаар” долбоору жанданды


Долбоордун алкагында Бишкектеги көчө кесилиштерине да видеокамералар орнотулат.
Долбоордун алкагында Бишкектеги көчө кесилиштерине да видеокамералар орнотулат.

Кыргыз өкмөтү “Коопсуз шаар” долбоору боюнча экинчи жолу тендер жарыялады.

Мурунку премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тушунда бул тендерди кытайлык компания утуп алган, бирок баасы ашкере жогору болгон, жол-жобо сакталган эмес, мыйзамсыз өткөн деген негизде соттун чечими менен анын жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Долбоордун алкагында эң ириде Бишкек менен Ош шаарларына, стратегиялык мааниси бар кан жолдорго видеокөзөмөл камералары орнотулмакчы.

Бишкектин тургуну Алмаз шаарды өтө кооптуу деп эсептейт. Жакында эле коңшусун көчөдө белгисиз адамдар сабап кеткенин, мындан улам кечкисин эшикте көп жүрбөгөнгө аракет кылаарын айтып берди:

- Кечинде таксисттерди, жөн эле жүргөн адамдарды токтоктоп, уруп кеткен учурлар көп эле болуп жатпайбы. Жакында эле кошунамды ишинен келатса түнкү саат бирлерде катуу сабап кетишти. Ооруканага түшүп, дээрлик 15-16 күн эсине келбей жатты.

Кыргыз өкмөтү бир канча жылдан бери “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыра албай келет. Болжол менен ага 43 миллионго жакын доллар керек.

Вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиевдин маалымдашынча, долбоорду инвесторлор каржылайт жана кызыккан компаниялар көп болууда:

- Биздин шартка толугу менен макул болгон, салган каражатын түшкөн айыппулдун эсебинен жаап алабыз деген тендерге катыша турган компаниялар көп болуп жатат. Ушул тушта мындай каалоосун он чакты компания билдирди. Бул дүйнөлүк тажрыйбада колдонулуп эле жүргөн ыкма. Мисалы Молдова куду ушул жол менен ушундай долбоорду ишке киргизген.

Долбоорго ылайык, мисалы Бишкекте 200дөй көчө кесилишине видеокөзөмөл камералары орнотулат.

Ички иштер министрлигинин өкүлү Алмаз Бообековдун айтышынча, андай камералар шаардын чет жакасына жана коомдук жайларга да коюлат.

- Шаарда стационардык-радардык 25 аппарат орнотуу каралган. Андан сырткары атайын унаа бөлүнгөн, атайын жабдуулар менен камсыз болгон жылып жүргөн 200дөй жол-кайгуул пункттары да ачылат. Бишкекте жалпысынан көчө кесилиштерге болжол менен 1,7 миңдей, коомдук жайларга 300дөй видеокөзөмөл камералары коюулат.

Видеокөзөмөл камералары Борбордук Ала-Тоо аянтына, сейил бактарга, ири базарларга жана соода жайларына да орнотулат.

Ошондой эле Ош шаарына жалпысынан 300дөн ашык видеокөзөмөл камера коюлат. Андан сырткары стратегиялык мааниси бар кан жолдор видекөзөмөлгө алынат.

“Коопсуз шаар” долбоору боюнча алгачкы тендер мурунку өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун тушунда өткөн. Анын баасы азыркыдан алда канча кымбат болгон жана кытайлык компания утуп алган. Бабановдун кийин келген өкмөт мыйзам бузулган, жол-жобо сакталган эмес деген негизде тендердин жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча сотко кайрылып, утуп алган.

Вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев ал тендерди өткөргөн мамлекеттик жетекчилердин жоопкерчилиги каралышы ыктымалдыгын кыйытты:

- Өкмөттүн жаңы курамы - биз келгенге чейин эле ал долбоор ишке ашпай, өкмөт Каржы министрлиги аркылуу сотко берген экен. Сот тендер өткөрүүнүн жол-жобосу бузулган деген негизде, экинчиден ошол тендерди утуп алды деген компания бир да жолу келбегенин, долбоорду убагында баштабагандыгы үчүн ал тендердин жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча чечим чыккан. Ал жерде жетекчилер, мамлекеттик кызматкерлер тарабынан одоно мыйзам бузуу болгондугу айтылган эмес. Бирок кечээ жакында бул маселени Жогорку Кеңештин депутаттары көтөрдү. Биз азыр ушул жагын карап жатабыз.

“Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу жараянына жарандык коомдун өкүлдөрү да тыкыр көз салганы жатат. Жарандык активист Калича Умралиева коррупциялык айла-амалдардын алдын алуу керектигин белгиледи:

- Программа бар, тендер өтсө, камералар коюлса “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу мүмкүн да. Казакстанда жана башка өлкөлөрдө камера орноткон, өзүн иши менен көрсөткөн мисалы жакшы түрк компаниялары бар. Камералардын реалдуу бааасын билебиз. Бул жерде тыкыр көзөмөл гана керек. Бул долбоор 2013-жылы эле ишке ашышы керек эле. Бабанов болсо 85 миллион долларга тендер өткөрүп жатпайбы. Видеокөзөмөл камералардын реалдуу баасы 16 миллион доллар эле турат.

Милициянын маалыматы боюнча, Бишкек менен Ош шаарларында кылмыш көп катталат. Кыргыз өкмөтүнүн планына ылайык, тендерде жеңүүчү компания тандалып алган соң “коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу ушул жылдын ноябрь айында башталмакчы.

XS
SM
MD
LG