Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:19

Өкмөт жүз күндө радикалдуу реформа жасагысы келет


Парламент жаңы өкмөттүн курамын бекитти. 2011-жылдын 23-декабры.
Парламент жаңы өкмөттүн курамын бекитти. 2011-жылдын 23-декабры.

Кыргыз өкмөтү мамлекеттик башкарууну реформалоонун жүз күндүк программасын кечээ ишкер чөйрөнүн талкуусуна койду.

Вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев сунуштаган бул программа ишкерлерде көптөгөн суроолорду жаратып, капчыгы жука өкмөт радикалдуу реформа жасоого кудурети жетерине толук ишене албай турушат.


Коррупциядан арылуу кадамы
Мамлекеттик кызматкерлер 20 пайызга, чыгымдар 1 млрд. сомго кыскарат, көзөмөлдөөчү органдар беш эсеге, мамлекеттик тейлөө алты эсеге жакын, мамлекеттик автоунаалар 23 пайызга чейин кыскарат...


Вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев ишкерлерге сунуштаган программага караганда алгачкы жүз күн ичинде өкмөт мамлекеттик башкарууну, экономиканы, бюджетти, тартип коргоо тармагын, реформалап, аймактарды, социалдык тармакты жаңы нукта өнүктүрүүгө жол ачуу дымагы бар. Натыйжада мамлекеттик кызматкерлер 20 пайызга, чыгымдар 1 млрд. сомго кыскарат, көзөмөлдөөчү органдар беш эсеге, мамлекеттик тейлөө алты эсеге жакын, мамлекеттик автоунаалар 23 пайызга чейин кыскарат. Ал эми мамлекеттик сатып алуулар электрондук соода аркылуу ишке ашат.

Мындай кадамдарды Жоомарт Оторбаев коррупциядан арылуу максаты менен түшүндүрдү:

- Коррупцияга каршы күрөшүү багытындагы реформалардын бири – мамлекеттик сатып алуу системасын өзгөртүү. Каржы министрлигинин деңгээлинде эле мамлекеттик сатып алуу аркылуу 16 млрд. сом жүгүртүлгөн. Бул жерде мамлекеттик акционердик коомдор, энергокомпаниялар жана башка түзүмдөр жөнүндө сөз жок. Биздин эсебибиз боюнча, мамлекеттик сатып алууда коррупция олчойгон каражатты - 30 пайызды түзгөн, көмүскө схема аркылуу кеткен.
Эң башкы өзгөрүүлөрдүн бири - күзөт кызматы менен жол коопсуздук кызматы биригип, жол көзөмөл кызматына айландырылат. “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында видеобайкоолор орнотулат...

Өкмөт ошондой эле жүз күн ичинде тартип коргоо системасына да коррупциядан арылтуу механизмин киргизгиси келет. Каржы полициясы түп-тамырынан реформаланып, экономикалык кылмыштарды бир орган териштирет.

Эң башкы өзгөрүүлөрдүн бири - күзөт кызматы менен жол коопсуздук кызматы биригип, жол көзөмөл кызматына айландырылат. “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында видеобайкоолор орнотулат. Бул эреже бузуучу менен милиция кызматкеринин бетме-бет жолугушуу мүмкүнчүлүгүн чектеп, айыптарды электрондук жол менен төлөөнү ынгайлаштырат.

Оторбаев ошондой эле быйыл бюджеттик киреше 15 пайызга көтөрүлөт, бюджеттин таңсыктык жана киреше ички мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу аркылуу чечилет деп ишендирди. Ишкер чөйрөнү колдоо жана социалдык тармакка артыкчылык берүү өкмөттүн башкы милдеттеринен болорун белгиледи.


Ишкерлер анча ишене бербейт


Анткен менен алда качан мамлекет өзүнчө, ишкердик өзүнчө жашап калган Кыргызстанда жакынкы аралыкта рыноктук радикалдуу реформа жасаларына ишкерлер анча ишенбей турушат.

Жоопкерчилиги чектелген «Талас Коппер Голд» ишканасынын коомдук байланыш боюнча директору Максат Көбөнбаев реформаны тармак-тармак кылып жүргүзүү реалдуу болот деген сунушун айтты:

- Мага биз баарын жасагыбыз келип, бирок эч нерсе жасалбай калчудай сезилип жатат. Себеби, реформа жүргүзүү - бир эле мыйзам, бир эле программа эмес, аны андан ары ишке ашыруу дагы. Ишке ашырууга каржылык ресурс, адамдын ресурсу жана башка ресурстар керек. Сиз сунуштаган программага өтө көп ресурс керек. Мага бул өтө эле аша чапкан дымак катары сезилип жатат.
Бул сунушталган программага өтө көп ресурс керек. Мага бул өтө эле аша чапкан дымак катары сезилип жатат...
Максат Көбөнбаев

Ал эми Ишкерлер бирдигинин мүчөсү Михаил Халидов өкмөттүн реформа жасоо аракети үмүт жандырып жатат дейт. Ошого жараша реформа болоруна ишенгиси келет:

- Ишенүүгө аракет кылып жатам. Жакшылыкка үмүт артышка туура келет. Ишкердик дайыма чордончул маанайда туруп, ишкерлер дайыма расмий бийлик менен иштейт.

Вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев ишкерлерге сунуштар, пикирлер эске алынарын билдирип, жүз күндүк программаны ишке ашырууга өкмөттүн саясий эрки жетет деген ишенимде жолугушууну жыйынтыктады:

- Бизде радикалдуу рынок реформасын жасай турган, парламентте мандаты бар реформаторлордун массасы бар. Ошондуктан, биз ар кандай көз караштарга карабастан (үй-бүлөдө да ар кандай көз караштар болот) алдыга тез жылууга аракет кылабыз.

Чынында эле өкмөт тез жылууга аргасыз. Анткени өкмөт жүз күн ичинде бул программасын ишке ашырып, аны бир жылдык программага жалгаштырышы керек болот. Жүз күндүн бир айы артта калды. Парламент азыр иштеп жаткан жаңы өкмөт курамына 23-декабрда макулдук берген.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG