Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:35

Өкмөт "ашка жүктөрдөн" арыла баштады


Жаңы өкмөттүн мүчөлөрү парламентте, 2011-жылдын 23-декабры.
Жаңы өкмөттүн мүчөлөрү парламентте, 2011-жылдын 23-декабры.

Кыргызстанда мамлекеттик мекемелер менен кызматкерлердин санын кыскартып, чакан өкмөт түзүү аракети башталды.

Жакынкы аралыкта бири-бирин кайталаган бир нече түзүм жана 3200гө жакын мамлекеттик кызматкер кыскармакчы. Ал арада айрым серепчилер кыскартууларды популисттик чечим деп атап, өкмөт өз милдетин толук кандуу аткара алышы арсар деген күмөн ойдо турат.


Кыскаруудан бир миллиард сом үнөмдөлөт

18 миңге жакын чиновниктердин үч миңден ашууну кыскартылышы күтүлүп жатат. Алдын-ала эсептер боюнча, башкаруу системасына кеткен чыгымдан 1 миллиард сом үнөмдөлөт... Темир Сариев

Жаңы өкмөт өзүнө караштуу 5 агенттикти, 9 кызматты, 4 фонд жана 2 көзөмөл инспекциясын түзгөнү жатат. Бул деген бири-бирин кайталаган, элестүү айтканда, “ашка жүк, башка жүк” органдарды жоюуну түшүндүрөт.

Экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариевдин эсебинде, жалпы кыскартуулардан 1 миллиард сом үнөмдөлөт:

- Жөн эле техникалык кыскартуулар болбостон, алардын функцияларын кыскартып жатабыз. Жалпылап келгенде, Кыргызстандагы 18 миңге жакын чиновниктердин үч миңден ашууну кыскартылышы күтүлүп жатат. Алдын-ала эсептер боюнча, башкаруу системасына кеткен чыгымдан 1 миллиард сом үнөмдөлөөрү күтүлүүдө.

Министр Сариев кыскартылган органдардын милдеттери тектеш министрликтер менен кызматтарга өткөрүлөрүн тактады. Алсак, монополияга каршы саясат боюнча агенттик экономика жана монополияга каршы министрлик болуп түзүлсө, дин иштери боюнча агенттиктин милдеттери юстиция министрлиги менен президенттик аппараттын алдындагы эксперттик-теологиялык кеңешке бөлүнүп берилет, ал эми кинематография боюнча агенттик маданият жана туризм министрлигинин курамына кирди.

Өкмөттүн курамындагы текшерүү кызматтардын саны азайып, 13 көзөмөл кызматынын ордуна 2 мамлекеттик инспекция түзүлөт. Финансы полициясы болсо эки эсеге кыскартылат.

Ал эми премьер-министр Өмүрбек Бабанов мекемелер менен кызматкерлерге кошо аларды тейлөөгө кеткен чыгымдарды да азайтуу каралганын билдирди:

- Өкмөттүн аппаратынын курамы да кыскартууга тушукту. Мурун өкмөттө 20 түзүм болсо, азыр 14кө чейин кыскартылды. Муну менен катар өткөн жылдын 30-декабрында атайын чечим кабыл алганбыз. Азыркы учурда мамлекеттик органдарды тейлеген кызматтык унаалардын санын 3000ден 1200гө кыскартылат. Биринчи баскычта 700 унаа кыскарат. Мунун негизинде 100 миллион сом үнөмдөлөт.


Кандай майнап чыгат?

Түрдүү агымдар жойлоп, мыйзамдар аларды тосууга кудурети жетпей жаткан кезде дин агенттигин жоюу туура эмес болуп калды.Жолборс Жоробеков

Кыскасы жаңы өкмөт сөзүнө туруп, артыкбаш саналган мекемелерди, ведомстволорду кыскартууга киришти. Ал ортодо өкмөттөгү кескин кыскартуулар ишке кедергисин тийгизет деп эсептеген адистер да аз эмес. Маселен, дин боюнча агенттиктин ыдырашын чоң жаңылыштык катары баалашууда.

Саясий илимдердин доктору, мурда аталган агенттикти жетектеген Жолборс Жоробеков диний кырдаал курчуп турган азыркы чакта бул мекеменин жоюлушун орунсуз чечим деп эсептейт:

- Азыркы өкмөттүн курамында дин боюнча агенттиктин жоюлушу ар түрдүү агымдар жойлоп, мыйзамдар абдан кенен болуп, аларды тосууга кудурети жетпей жаткан кезде туура эмес болуп калды. Калтырып, керек болсо анын кызматын күчтөш керек болчу. Дал ушундай кыскартуулар акыркы 10-15 жылдын ичинде өзүнүн жемиштүү жыйынтыгын деле бере алган жок.

Калкынын саны аз, бюджети тартыш Кыргызстанда чакан өкмөт түзүү демилгеси мурдатан эле көтөрүлүп келген.

Борбор Азиядагы Эркин базар институтунун изилдөөлөр боюнча директору Азиз Иса болсо кеп кыскартууда эмес, өкмөттүн жаңыча иштей алганында деген ойдо:

- Кеп өкмөттүн түзүмүндө эмес. Кеп өкмөттүн канчалык деңгээлде эффективдүү иштей алганында. Биздин өкмөт эффективдүү иштей албай жатат. Эффективдүүлүктү жогорулатуу үчүн алгач ирээт конкреттүү талап болуш керек эле. Бизде андай эмес. Мисалы, бизде өкмөт жүргүзгөн саясатты өзү иштеп чыгып, өзү аткарып, өзү баа берет. Буга объективдүү түрдө ченей турган баа жетишпей жатат.

Маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда кыскартууларга чейин18 миңге жакын мамлекеттик кызматкер иштеп келген. Аларга мамлекеттик казынадагы каражаттын 24 пайыздан ашыгы жумшалып турган.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG