Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:51

"Коопсуз шаар": тендердик комиссия ката кетиргенби?


 27-январда жыйынтыкталган “Коопсуз шаар” долбоору боюнча тендерде “Стилсофт Бишкек” компаниясына тендердик комиссиянын 28 мүчөсүнүн жыйырмасы добуш берген.
27-январда жыйынтыкталган “Коопсуз шаар” долбоору боюнча тендерде “Стилсофт Бишкек” компаниясына тендердик комиссиянын 28 мүчөсүнүн жыйырмасы добуш берген.

Башкы прокуратура “Коопсуз шаар” долбоору боюнча өткөрүлгөн сынакта тендердик комиссия мыйзам бузууга барган деп корутунду чыгарды.

Башкы прокуратуранын корутундусунда тендерде "Мамлекеттик - жеке өнөктөштүк жөнүндө" мыйзамдын эрежелери бузулганы көрсөтүлгөн. Бирок учурда ал тендердин жыйынтыгы боюнча тараптар сотко кайрылгандыктан башкы көзөмөл органы өзүнүн ал ишке кийлигишүүсүнө негиз жок деп тапты.

“Коопсуз шаар” долбоорунун тендердик комиссиясынын мүчөсү Азиза Абдирасулова мыйзам бузуу табылса, эмнеге кылмыш иши козголбойт деген жүйө менен Башкы прокуратурага каяша кайтарды.

“Илинчек бар, бирок иликтөө болбойт”

Ички иштер министрлиги “Стилсофт-Бишкек” компаниясы утуп чыккан тендердик комиссиянын чечимин жокко чыгарууну өтүнүп, Башкы прокуратурага кайрылган болчу. Анда бул тендердин жыйынтыгы мыйзам бузуулар менен коштолгону белгиленген.

Башкы көзөмөл органдын корутундусунда “Мамлекеттик - жеке өнөктөштүк жөнүндө” мыйзам бузулганы көрсөтүлүп, бирок анда кайсы жагдайлар экени так көрсөтүлгөн эмес. Буга чейин ички иштер министри Мелис Турганбаев “Стилсофт” компаниясынын тендердин шарттарына туура келбеген жагдайлары жашырылганын айтып чыккан.

Мирлан Бакиров
Мирлан Бакиров

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров ички иштер министри бул жагдай боюнча өз учурунда билип калып, тендердин жыйынтыгын үзгүлтүккө учуратканын кубаттоого алды:

- Эгерде Башкы прокуратура ошондой чечим чыгарса, демек ал жерде чын эле мыйзам бузуу болгон. Бул корутунду ички иштер министринин шектенүүлөрүн да тастыктады. Мыйзам бузуу болгон соң кылмыш иши козголууга тийиш. Бул долбоор баштала электе эле ага жасалма көрсөткүчтөрү жарыяланганын өткөндө эле министр Турганбаев айтып чыккан. Эгерде мындай болбосо, макулдашууга кол коюлуп, ал компания өтүп кетмек экен.

Башкы прокуратура бул жагдайды бир айга чукул иликтеп чыгып, анан өзүнүн корутундусун чыгарды. Бирок анда Ички иштер министрлиги бул иш боюнча Бишкек райондор аралык сотуна да кайрылганы белгиленген. Мыйзамга ылайык, мындай талаш-тартыш сот аркылуу чечилгендиктен, башкы көзөмөл органы ишти кароодон баш тартарын жарыялаган.

Бирок “Коопсуз шаар” долбоору боюнча тендердик комиссиянын мүчөсү Азиза Абдирасулова башкы көзөмөл органдын мындай аракетин жоопкерсиздик катары баалады:

- Башкы прокуратура тендердик комиссиянын мыйзам бузган жагдайларын тапкан болсо, анда сотко карабай эле кылмыш ишин козгоого тийиш. Мыйзамда ошондой деп турат. Ага ылайык бул иш боюнча иликтөө жүрүүгө тийиш. Башкы прокуратура мыйзам бузуу бар, бирок бул ишти сот карайт деген туура эмес. Сот биз чыгарган чечимдин мыйзамдуулугун гана карайт. Ал эми мыйзам бузууга тендердик комиссия жол берген болсо, анда ошол комиссиянын мүчөлөрү бардыгыбыз жоопко тартылышыбыз керек. Башкы прокуратура кылмыш фактысы болсо, ага көз жуумп коюуга акысы жок. Мыйзам бузуу бар экен, бирок аны сот териштирет дегени сот органдарына алдын ала нускамадай болуп жатат. Бирок биз комиссия мүчөлөрү бул жерде мыйзам бузуу болбогонун далилдеп беребиз.

Соттон башы чыкпаган кандай компания?

27-январда жыйынтыкталган “Коопсуз шаар” долбоору боюнча тендерде “Стилсофт Бишкек” компаниясына тендердик комиссиянын 28 мүчөсүнүн жыйырмасы добуш берген.

Тендердин шарттарына ылайык, уткан компания Бишкекте видео байкагыч жабдууларды өзүнүн эсебинен орнотмок. Кийин ал компания жол кыймылындагы эреже бузуулардан түшкөн кирешенин элүү пайызын алуу укугуна ээ болот.

Бишкек шаары
Бишкек шаары

Бул тендердик комиссиясынын ишине байкоо жүргүзгөн көз карандысыз байкоочу Жамалбек Ырысалиев соттук териштирүүлөрдөн башы чыкпаган орусиялык компаниянын тендерден утуп чыкканы таң калычтуу болгонун белгиледи:

- Уткан компания Кыргызстан менен Орусиянын биргелешкен ишканасы болуп жатпайбы. Анан анын бул жакта каттоосу болгон соң ушул күнгө чейин Кыргызстанга канча салык төлөгөнүн эле текшерип чыкпайлыбы? Болбогон тыйын. Экинчиден, бул компаниянын Орусияда толтура соттук иштери бар экен. Ал маалыматтар жашырылган. Анан ошол компания тендерден утуп чыкканы кызык болуп жатпайбы. Тендердин шарты боюнча буга жол берилбеши керек эле.

Ошол эле кезде Орусиядан келип жакында маалымат жыйынын өткөргөн “Стилсофт-Бишкек” компаниясынын жетекчиси​ Юрий Стоянов соттук иштер тууралуу түшүндүрмө берген. Ал компания аралашкан мына ошол он сот ишинин жетисинде алар жабырлануучу болгонун билдирген. Ошондуктан ал сот иштерин жүйө кармоо менен компанияны тендерден алып салуу аракети жүрүп жатканын билдирген. Буга байланыштуу “Стилсофт-Бишкек” компаниясы да укугун коргоп сотко арызданган болчу.

XS
SM
MD
LG