Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:04

ИИМдеги тирешүүлөр сынга алынды


Кыргыз милиционерлери
Кыргыз милиционерлери

Чолпон-Ата шаарында Ички иштер министрлиги өзүнүн жарым жылдык иш жыйынтыгын чыгарды.

Анда өкмөт башчы “Коопсуз шаар” долбоорунун токтоп калышы, жол коопсуздук кызматкерлерине байланышкан акыркы окуялар жана Ички иштер министрлигиндеги өз ара тирешүүлөрдү айтып сынга алды. Темир Сариев ушулардын бардыгы мекемеде реформа жү​рбө​й жатканынан кабар берерин белгиледи.

Дээрлик бардык коллегияларда кайталап келаткан “жылыш бар, бирок жетишсиз” деген сөзүн өкмөт башчы ИИМдин кеңейтилген жыйынында да колдонду. Милициядагы кемчиликтерди Темир Сариев жарым сааттан ашык санады. Алгач Жерүй маселеси боюнча укук коргоо кызматкерлери кендин ишине элди каршы тукуруп жаткандарды таап, жазалашы керектигин айтты.

- Кандайдыр бир топту өкүртүп-бакыртып алдыга салып коюп, артында телефондон көрсөтмө берип, “дирижер” болуп тургандар бар. Биз буларга жол бербейбиз деп укук коргоо органдары ачык айтыш керек. Эртең​ боз үй тигебиз, жол жабабыз деп, сөз чыгарып коюп отургандарды таап токтоткула. Мыйзамсыз иш аракеттери болсо жазага тарткыла. РОВД, ПОМдор иштегиле, отура бербей...

Сариев уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү солгун экенин, айрыкча Ысык-Көл облусунда кылмыш топторунун активдүүлүгү ачык көрүнүп жатканын айтты. Ал жөнүндө пансионат, эс алуу жайларынын ээлери, ишкерлер ачык айта албай, ага көмүскө даттанышкан экен.

Темир Сариев
Темир Сариев

Буга улай өкмөт башчы МАИ кызматкерлеринин жосунсуз жоруктарын, алар жарандардан ачык эле акча талап кылууга өткөнүн сындады. Бирок мыйзам бузгандарга карата чара көрүлүп же көрүлбөй жатканы белгисиз калууда.

Ал эми МАИни реформалоодон ушуга чейин жыйынтык чыкпаганын айткан өкмөт башчы, министр Мелис Турганбаевге жаңы программаны даярдоо үчүн 10 күн убакыт берди. Темир Сариев милиция кызматкерлеринин арасында интрига күч алып жатканына да токтолду.

- ИИМде ички интрига деген токтош керек. Бири-бири менен каршылашкандар токтошу керек. Тилекке каршы биз мындай интригаларды көп мамлекеттик органдардан көрүп жатабыз. Биз мындайдан тазаланабыз, чечкиндүү чараларды көрөбүз.

Сариев өткөндөгү согушчандар деп шектелген топту жок кылуу операциясы тууралуу айтып, акыркы учурда диний экстремизм күч алып, кыргыздарга башка мамлекеттердин каада-салт, үрп-адатын таңуулоо жүрүп жатканын белгиледи.

- Азыр диний экстремисттер күч алып келатышат. Башка мамлекеттердин каада-салттарын таңуулап, ошону киргизип атышат бизге. Биздин ата-бабаларыбыздан келаткан салттарыбыз бар. Башына чалма кийгизип, паранжа, хиджаб кийген - бул биздин салт эмес. Биз буларды ачык айтып, токтотушубуз керек.

Мелис Турганбаев
Мелис Турганбаев

Мындан сырткары өкмөт башчы “Коопсуз шаар” долбоорун министрлик үзгүлтүккө учуратканын айтты. Бирок ички иштер министри Мелис Турганбаев “Коопсуз шаар” боюнча тендер өткөрүүдө ири коррупциялык схемалар ачыкталганын, маселени көз боемочулукка жол бербей чечүү зарылдыгын белгиледи.

- Коррупциялык тендерлерге биз чекит коюшубуз керек. Качанкыга чейин эле көз жумуп келе беребиз? Тендерге катышкан кээ бир компаниялар бул долбоорду 47 млн. долларга бүтүрүп беребиз дешсе, ошол эле орусиялык “Стилсофт” компаниясы 85 миллионго жасайбыз деп жатышат. Айырмасын карагылачы. Мындан башка да көп суроолор бар эми, азыр соттошуп жатышат, жакын арада чекит коебуз го.

Ошондой эле министр жол коопсуздук кызматын реформалоо боюнча өкмөт башчынын пикирине кошулган жок. Сариев Грузиянын ыкмасын колдонуп, зарыл болсо МАИ кызматкерлерин толугу менен жумуштан кетирип, ордуна жаңы кадрларды алуу демилгесин көтөрүүдө. Министр Мелис Турганбаев бул ыкма терең изилденмейинче колдонууга болбой турганын айтты.

Коллегиянын жыйынтыгы менен ИИМ алдыдагы жарым жылдыкка иш-планын аныкташты, алардын ичинен күч кызматкерлери маани бере турган олуттуусу - күздөгү парламенттик шайлоо.

XS
SM
MD
LG