Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:45

Бишкек: сынактан кулаган айдоочу көп


Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн бири
Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн бири

Бишкек шаар бийлиги МАИ кызматы менен чогуу 29-июнда баштаган "Жүргүнчү ташыган унаа" рейди ушул айдын этегине чейин уланат. Алгачкы он күндө техникалык талаптарга жооп бербеген 209 унаа токтотулуп, жол эрежесин бузган 119 айдоочу айдоочулук күбөлүк үчүн кайра сынактан өтмөй болду.

Экинчи жолу экзаменден кулап, шаабайы сууп турган Адилет Орозбеков эки күн мурун эреже бузуп, МАИчилерге айдоочулук күбөлүгүн алдырган. Техникалык талапка жооп бербеген автоунаа менен эл ташып жүргөнү үчүн айыппул да төлөмөй болду.

25 жаштагы Адилет Орозбеков Орусиядан иш таппай келип, Бишкекте эки жылдан бери жүргүнчү ташып жүргөн. Ал айдоочуларга талап коёрдон мурда шаар бийлиги өзү да чакан автоунаалардын, жүргүнчүлөрдүн кыймылдарына шарт түзүшү керек деген ойдо:

- Мен өзүмдү жакшы айдоочумун деп ойлойм. Эми баары бир элди салып-түшүрүп жатып эреже бузууга туура келет. Аны танбайм. Бирок бизди деле түшүнсө болот да. Аялдамалар өтө эле алыс жайгашкан. Кары адамдар түшөт, алар айткан жерлерге токтотконго туура келет. “Ал жерде МАИ турат, токтогонго болбойт” десең даттанабыз дешет. Айла жок, айткан жеринен түшүрөсүң.

Эреже бузуп, күбөлүгүн алдырган айдоочулар үч ирет экзамен тапшырууга укугу бар. Бирок Адилет эми акыркы экзаменге барбай эле, күбөлүктү кайтарып алуунун башка жолун издемей болду.

Экзаменден өтө албай жатышат...

Мамлекеттик каттоо кызматынын автоунааларды жана айдоочуларды каттоо боюнча Бишкек шаардык бөлүмүнүн жетекчиси Мухтар Жунушов сынактан өтө албай жаткандарына даярданбай келген айдоочулар өздөрү күнөөлүү экенин айтты:

- Биринчи күнү 50 киши келген, экөө эле өттү. Экинчи күнү 100 киши келип, ошондо да 13ү өттү. Айрымдары келип алып ызы-чуу салып, документтерди кайтарууну талап кылышты. Алар автоунаа токтотуучу жайга машинасын коюп, чуркап келип экзамен берип өтпөй калышат. Биз "шашпай барып, бир нерсени окуп келчи" деп айтып атабыз.

Айдоочулардын билимин текшерген комиссиянын мүчөсү Кубат Айткуновдун сөзүнө караганда, эки күндөн бери келип жаткан айдоочулардын деңгээли көңүл жубатарлык эмес. Жүздөгөн адамдан айрымдары гана экзамен тапшырган.

- Ишенсеңер, үч-төрт жолудан келгендер бар. Же болбосо эшиктин сыртында коркуп турушат. Киргиле деп киргизе албай жатабыз. Эртеден кечке күтүп отурабыз, катышуулары начар.

Рейд башталгандан бери кайрадан сынак тапшырууга жол эрежесин бузган 119 айдоочу жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жол кайгуул кызматынын өкүлү Аттокур Курманалиев айтты:

- Өткөн айдын этегинен баштап рейдди баштаганбыз. Ошол убакыттан бери 594 протокол түзүлдү. Ал эми айдоочуларды экзаменден өтүүгө жиберип атабыз. Качан алар жол эрежеси боюнча бир канча суроолорго оң жооп берет, ошондо гана айдоочулук күбөлүктөрүн кайтарып беребиз. Бул эми айла жоктон жасалып жаткан кадам. Айдоочуларга даттанышып кайрылгандар көп болуп, жок дегенде ушундай чара көрөлү деп чечтик.

Расмий маалыматка караганда, рейд учурунда коопсуздукка төп келбеген, техникалык жана санитардык абалы начар автоунаалар катуу текшерүүгө алынууда. Натыйжада 200дөй маршрутка сапардан чыгарылды.

Шаардыктар жыйынтык күтүшөт

Анткен менен калаа бийлиги алардын ордуна шаардык жүргүнчүлөрдү дароо заманбап автоунаалар ташый баштарына кепилдик бере албайт. Чакан маршруткаларды заманбап автобустар менен алмаштыруу боюнча мурдагы шаар жетекчилери берген убада качан ишке ашары дайын боло элек. Вице-мэр Геннадий Милицкий ал пландардын ишке ашуусуна дагы эки жылдай убакыт кетерин айтууда.

- Биз каржылоо механизмин иштеп чыгарыбызды буга чейин эскерткенбиз. Тактап айтканда, жеке фирмалар автобустарды лизингге алуусун, бир транспортко биригүүнү пландоо каралган. Азыр Европа өнүктүрүү банкы тарабынан кошумча насыя бөлүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок кайсы бир датаны айтуу кыйын. Баары сүйлөшүүлөргө көз каранды.

Бишкек
Бишкек

"Таза табигат" коомдук бирикмесинин жетекчиси Анара Дауталиева шаар бийлигинин маршруткаларды тартипке келтирүү максатында баштаган чараларынын аягына чыгарына ишенген жери жок. Ал шаар жетекчилеринин бул багытта ишти ырааттуу жүргүзүп, көрүнүктүү натыйжа чыгарбайт деген ойдо:

- Мен түшүнбөйм, шаардыктар үчүн ыңгайлуу шарт түзүп, ошол транспортторду тейлегендерди тартипке чакыруу ушунчалык эле кыйынбы? Мэрия бир нерсе болсо эле каражатка шылтайт. Ошол эрежени билбеген айдоочуну жумушка алган, калдыраган маршруттарды айдаганга жол берген фирмада бардык күнөө болуп жатпайбы. Ошолор менен сүйлөшүп, тартипке чакыруу керек болчу.

Учурда шаардыктарды күн сайын 2 жарым миңдей маршруттук такси тейлесе, алардын басымдуу бөлүгү 50гө жакын транспорттук фирмалардын карамагында иштейт.

XS
SM
MD
LG