Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:38

Шаар ичине автобус жетпей турат


Бүгүн кыргыз тилдүү гезиттер жарык көргөн жок. Ошондуктан баяндамабыз орус тилдүү “Аргументы и факты Кыргызстан” деген гезит аркылуу болмокчу.

“Аргументтин” окурмандары редакцияга кайрылып:

- Бишкекте быйыл аутизм дарты менен жабыркаган балдар үчүн “өзгөчө класс” ачылды дейт, ушу чынбы?- деп суроо берген.

Жооп:- Бишкектеги 34-мектепте чын эле аутизм менен жабыркаган балдар үчүн “өзгөчө класс” ачылды. Бир класста 6 бала гана окуйт. Ар бир бала үчүн өзүнчө программа иштелип чыккан, ар бир баланын жанында “тьютор” деп аталган жардамчы мугалим болот, аутизм менен жабыркаган балдар менен иштеш өзгөчө мамилени талап кылгандыктан ушундай жолго өттүк, - дейт мугалим Анара Асаналиева.

- Эгемендик күнү кечкисин Ала-Тоо аянтында милициялар эс алып жүргөндөрдү камакка алды деген чынбы? - деп суроо берген бир окурман.

“Аргументтин” жообу:- Чындап эле 31-августун кечинде ондогон адамдар милиция тарабынан кармалган. Эң башкы себеби – жаштардын ичип алып, мас болуп жүргөндүгү болгон. Майрамдык салюттан кийин аянттагыларды тазалоо иштери башталган. Анын үстүнө аянтта ичип алган жаштардын мушташы чыкты деген маалымат Ички иштер министрлигине келип түшкөн.

- Биз Ала-Тоо аянтында эч кандай тазалоо иштерин жүргүзгөн жокпуз. Болгону мас болуп, кыйкырып, өткөн-кеткендерге тийишип жүргөн жаштар менен түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Майрамдын салтантаттуу бөлүгү аяктары менен аларды үйүңөргө тарап кеткиле деп айттык, - деди Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан.

Милициянын ал күнкү катуу тартипте иштеп жаткан түйүшүгүнө түйшүк кошкон активисттердин бири – “Кыргызстан бажы союзуна каршы” кыймылы болду. Кыймылдын катышуучулары шаардык бийликтен уруксат албай эле Кыргызстандын туусу тартылган кызыл ленталарды таратып, антиорусиялык үгүт жүргүзүп киргенде аларды Бишкек милициясы кармап кетип, 1-Май Ички иштер бөлүмүнө алып барган. Ичкен-ичпегени текшерилгенден кийин эч кандай күнөө коюлбастан бардыгы кое берилген.

Суроо: -“Курманжан датка” фильми “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлөт экен” деген сөз чынбы?

Жооп:- “Курманжан датка” көркөм тасмасы Монералдагы жана Канададагы дүйнөлүк, Якутиядагы эл аралык кинофестивалдарда көрсөтүлгөндөн кийин фильмди жаратуучулар эми аны Американын башкы кино сыйлыгы болуп эсептелген Оскар сыйлыгына көрсөтүүнү пландап жатышат. Айрыкча картинанын башкы продюсери, Жогорку Кеңештин депутаты Жылдызкан Жолдошева бул фильмди Оскар сыйлыгына чейин жеткирүү үчүн акыр-аягына чейин турарын билдирүү менен:

- 22-августа режиссер Садык Шернияз жана башкы ролду ойногон Элина Абай кызы үчөөбүз Монералда “Курманжан датканын” презентациясын өткөрдүк. Кино аяктагандан кийин көрүүчүлөр тикесинен тик туруп алты мүнөткө дейре кол чаап турду. 26-августа ошол эле жерде акыркы ирет көрсөттүк. Эл батпай, жадагалса кире берчү тепкичтерде отурганын көрдүк. Мына ушундан улам биз жөнөкөй кино жаратпаганыбызды түшүндүк. Фильм жөнүндө Американын, Англиянын, Франциянын басма сөзү жазып чыкты. Бардык жерде “Курманжан датка” жөнүндө сөз болуп жатты. Кыргызстан прогрессивдүү жана цивилизациялуу өлкө экенин дагы бир ирет дүйнөгө даңазаладык, - деп айтты “Курманжан датка” фильминин башкы продюсери Жылдызкан Жолдошева.

Дагы бир окурман: - Мындан ары, отурганга орун жок, туруп турган жүргүнчүлөр үчүн маршруттук автобустардын шоопурларына штраф салабы?, - деп сураган.

“Аргументтин” жообу: - Чынында эле ашыкча жүргүнчү салып ташыгандыгы үчүн маршруттук автобустардын айдоочуларына 3 миң сом айып пул салынмай болгон. Жаңы мыйзам кабыл алынары менен маршрутчулар Бишкекте бир күндүк иш таштоого чыкты. Алар “Жүргүнчүлөрдү ашыкча салбасак автобустар өзүн өзү актабайт, жан багалбай калабыз, эгер орундуктагы жүргүнчүлөрдү ташуу тартибине өтүүгө туура келсе анда жол кирени 35 сом кылыш керек, ошондо гана өзүн-өзү актайт” деп айтышкандан кийин кайра мурдагы калыбында калтырылды.

Бишкек шаары боюнча күн сайын үч жарым миң маршруттук такси каттамга чыгат. Эгер жаңы эреже боюнча шоопур машинесине нормадан ашык киши салбай ташый турган болсо анда шаарга жок эле дегенде дагы кошумча эки эсе көп маршруттук такси керек болот. Анда ансыз да тыгынга толгон шаардын ашмалтайы андан бетер чыгат. Бишкектин тегереги “жаңы конуш” деп аталган 44 айыл менен курчалган. Айыл тургундары жаңы маршруткаларды киргизүү талабы менен жыл сайын шаар бийлигине кайрылып келет.

Маселени чечүүнүн бир гана жолу илгерки союз убагындагыдай шаар ичин жалаң троллейбустар, шаар сыртын жалаң чоң-чоң автобустар менен толтуруу керек, дейт аталган гезит.

XS
SM
MD
LG