Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:15

"Таза коомдун" дымагы жана келечеги


Бишкек шаары
Бишкек шаары

Кыргызстандын президенти тарабынан демилгеленген "Таза коом" долбоору кызуу талкуудагы темага айланды.

Аталган долбоордун башкы маңызы эмнеде? Долбоорду ишке ашыруунун кандай механизмдери каралган? Аны аткарууга мыйзамдык негиздер барбы?

“Арай көз чарай” талкуусуна “Таза коом” долбоорунун координатору Талант Султанов жана “Туруктуу элдик кеңеш” кыймылынын төрагасы Азимбек Бекназаров катышты.

“Азаттык”: Талант мырза, аталган долбоор Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүгүү стратегиясынын планында негизги орунду ээлей турганы жазылып жүрөт. Мурдагы программага өзгөртүүлөр киргизилеби?

Талант Султанов: Учурда Кыргызстандын 2017-жылдан 2024-жылга чейинки Туруктуу өнүгүү стратегиясы иштелип жатат. Ошонун ичинде “Таза коом” деген программа бар, б.а. ошол стратегиянын бир компоненти десек болот.

Бул долбоорду “санариптүү трансформация” деп атасак болот, же болбосо жаңы технологияларды колдонуу менен жарандарга, бизнеске, жана башка тармактарга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү максатын көздөйт.

Өкмөттүн отчету: сын менен мактоо аралаш

Өкмөттүн отчету: сын менен мактоо аралаш

Айрым депутаттар "Коопсуз шаар" долбоорун "Таза коом" долбоорунун алкагында ишке ашыруу аракетин сынга алышты жана сот иштерин күтпөй чукул арада ишке ашыруу керектиги айтылды.

Аны ишке ашыруунун эки-үч жолу бар: эң ириде санариптүү өкмөттү түзүү зарыл. Ал кандай өкмөт болот? Мисалы, сиз азыр бир маалым кат ала турган болсоңуз бир канча жерге барып, кезек күтүп аласыз. Аны дагы башка мамлекеттик органга тапшыруу үчүн дагы бир топ убара болосуз. Санариптик өкмөттө мунун баары интернет аркылуу жасалат. Бирок муну ишке ашыруу үчүн инфраструктураларды түзүшүбүз керек. Азыр ар бир айылга интернет жеткирүү деген долбоордун бир компоненти бар, бул долбоор ошонун үстүнөн ишке ашат.

Дагы бир маанилүү маселе - жаңы муунга, жаштарга заманбап билим берүү. Анткени 21-кылымда күн сайын жаңы өзгөрүүлөр болууда. Биздин максат – жарандарыбыз азыркы замандын жаңылыктарын тез өздөштүрүп кетүүгө даяр болушу керек.

Эмне үчүн биз “Таза коом” долбоорун улуттук стратегиянын бир компоненти кылып жатабыз? Анткени быйылкы президенттик шайлоодо жаңы президент келип, “Таза коом” долбоорун жактырбайм, башка коом курам деши мүмкүн. Бул долбоорду толук ишке ашыруу үчүн убакыт керек. Кээ бир компоненттерди бир жылда ишке ашырса болот, айрымдарын беш жылда, дагы башкаларына андан да көп убакыт кетет.

“Азаттык”: Азимбек мырза, "Таза коом" жарандардын мамлекеттик органдар менен болгон байланышын азайтып, чечимдерди кабыл алуу процессин өзгөртөт жана бизнести өнүктүрүүгө тоскоолдуктарды азайтат деген жакшы ниеттер бар экен. Бул долбоор ишке ашып кете алабы? Аны аткаруу үчүн бизде шарттар, өбөлгөлөр барбы?

Азимбек Бекназаров
Азимбек Бекназаров

Азимбек Бекназаров: Мен үчүн бул долбоор жаңылык эмес. Аскар Акаевдин доорунда дагы ушундай эле долбоорлорду көргөм. Курманбек Бакиевдин учурундагы ЦАРИИ деген так ушундай эле башталган. Анда деле бизнести коргоо, санарип, инновация кылабыз дешкен.

Акаевдин убагында санариптик өкмөттү парламенттен жактырып бергенбиз. Бул максаттар 26 жылдан бери эле айтылып келатат, мында жаңылык жок. Мурдагы долбоорлордун баары ишке ашпагандыктан эки революция чыкты. Ишке ашырчулар качып кетишти.

Эмне үчүн алар ишке ашкан жок? Анткени ал программа-долбоорлордун баары батыштан, сыртан келген кеңешчилер аркылуу жазылган, ошол үчүн биздин элге сиңген жок, жуккан жок.

“Таза коом” долбоору чындап ишке киргенде бардыгы коомдун көз алдында болуп, өкмөт ыкчам, таза иштеп, элге жакын болот.
Талант Султанов

Биздин президент "коомду тазалайм, саясаттан бир топторун кошо ала кетем" деп жатат. Ооба, тазалап бир тобун түрмөгө отургузду, дагы канчасын тазалайт, көрө жатарбыз. Президент тазалайм десе баары турат, бардык бийлик бутактары ага баш ийет, колунда турат, тазаласа алты жылдан бери тазалайт эле го. Тазаланууну ар бир адам өзүнөн башташ керек, анан командасынан, партиясынан тазаласын. КСДПдан баштаса болот беле?

Ошол Акаев, Бакиев заманындагы жоруктарды КСДП жасап жатат. Парламентте отурган бир депутаты бүтүндөй бир улуттун намысына шек келтирип жатат, дагы бир депутаты бир журналистти уят сөздөр менен сөгүп жатат. Ушуларды тазалап, андайлар арабызда болбош керек десек болот беле?

2012-жылы президент коррупция менен күрөшөм деп атайын жарлык чыгарган. Бирок азыркыга чейин кен байлыктарыбызда Бриштейндин схемасы иштеп жатат. “Кумтөрдүн” аягына чыктыкпы? Бардык комиссияларда коррупция бар деп чыгышкан. Энергетикада Ширшов дегендин схемасы иштеп жатат. Анын коррупциялык схемасын буза алдыкпы?

Талант Султанов
Талант Султанов

Талант Султанов: Азимбек мырза туура айтып жатат, мурдагы президенттер да аракет кылышкан. Бирок алар өкмөт бардык маалыматтар менен ачык иштей турган болсо өздөрүнүн коррупциялык ниеттери көрүнүп кала турганын түшүнүшкөн. Азыркы бийликте бул долбоорду ишке ашыруу ниети да, аны аткарууга саясий эрки да бар. Коррупциянын кесепеттери менен күрөшпөй, анын алдын алуу керектигин жакшы түшүнүп жатат.

Маалыматтардын баары ачык болсо өкмөт так иштейт, жарандардын көзөмөлүндө болот. Биз азыр интернет аркылуу ким кандай иштеп жатканын, кайсы жерде эмне болуп жатканын көрүп жатпайбызбы. Эгер бул “Таза коом” долбоору чындап ишке киргенде бардыгы коомдун көз алдында болуп, өкмөт ыкчам, таза иштеп, элге жакын болот деген максатты коюп жатабыз.

(Талкуунун толук вариантын бул жерден угуңуз)

"Таза коомдун" дымагы жана келечеги (1-бөлүк)
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:31 0:00
Түз линк

"Таза коомдун" дымагы жана келечеги (2-бөлүк)
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:37 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG