Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 10:14

Жогорку Кеңеште премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөт мүчөлөрү мактоо-алкоолор менен кошо кескин сын дагы угушту. Өкмөткө негизинен жолдордун абалы, жол кырсыктары, жеңилдетилген насыя, экономикалык-социалдык жана коопсуздук маселелерине байланыштуу суроолор берилди.

Жогорку Кеңеш өкмөттүн отчетун жактырды

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев жумушсуздук, кирешенин төмөндүгү, баалардын өсүшү жана жол маселеси, коррупция башкы көйгөй экенин белгиледи. Коомчулук реформа күтүп жатканын, отчеттогу сандардын аныктыгы күмөн жаратарын айтты:

- ЕАЭБдин алкагында кыргыз экономикасынын адаптация болушуна багытталган таблицаны карап көргүлө. Агроөнөр жай комплекси, кайра иштетүү жана айыл чарба продукцияларын өндүрүү боюнча 312 долбоорго 50 миллион доллар берилип жатат. Ал эми соода инфраструктурасы боюнча үч долбоорго 20 миллион доллар берилүүдө. Мен бул фонддун приоритеттери туура эмес деп эсептейм, саясатын кайра карап чыгуу керек. Фонд эл үчүн, мамлекет үчүн иштеши керек. Жолдор боюнча башкы маселе бул коррупция, экинчиси сапатсыз долбоорлор жана курулушка көзөмөлдүн жоктугу. Функционалдык жана саясий көз караш менен алганда сиздикиндей алсыз өкмөттү көрө элекмин.

Парламенттеги оппозициялык фракциянын лидери премьер-министрди бир катар маанилүү маселелерде өз позициясын көрсөтпөгөнүн сындап, өткөн жылдагы өкмөттүн ишин "канааттандырарлык эмес" деп баалады.

Алмамбет Шыкмаматов
Алмамбет Шыкмаматов

Отчетту сындаган "Ата-Мекен" фракциясынын лидеринин милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов өкмөттүн айрым долбоорлорун белгиледи:

- Биз канчадан бери эле электрондук өкмөт деп айтып келе жатабыз. Ал ишке аша элек. Электрондук өкмөт бюрократияны жоймок. Сапаттуу чечимдерди кабыл алууга жардам бермек. Бул өкмөттүн, парламенттин жана бардык мамлекеттик мекемелердин ишин жөнгө салмак. Азыр айыл чарбаны башкы багыт деп жатабыз. Бирок айыл чарбадан башка бизде адамдык потенциал эң маанилүү. Буга басым жасоо үчүн улуттун ден-соолугу чың болушу керек. Ошондой эле билим берүү тармагында алгылыктуу иштер жасалышы абзел. Бул эң ириде заманбап мектептер дегенди түшүндүрөт. Мисалы, 190 мектеп планга кирсе, ошонун 77си гана бүттү. 13 бала бакчадан бир гана бала бакча курулду.

Сооронбай Жээнбеков отчет берип жатып 2016-жылдагы өкмөттүн планы 90%, ал эми мамлекеттик программалар 78% аткарылды деп билдирди. Калктын өкмөткө ишеними жогорулаганын айтты. Эл аралык рейтингдерде Кыргызстандын көрсөткүчтөрүн жакшыртуу максатында өзүнчө иш-аракеттердин планы бекитилгенине токтолду. Башкы жетишкендик катары Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин ичинен Кыргызстан ички дүң продукциясынын өсүү темпи боюнча лидер экенин, алдыда көптөгөн кызыктуу долбоорлор турганына токтолду.

Өкмөттүн отчету
Өкмөттүн отчету

- Учурда өкмөттүн күчү экспортерлорду колдоого багытталууда. Эгерде мамлекет тарабынан финансылык колдоо болсо анда ата мекендик өндүрүш тармагында өнүгүү болот. Бүгүнкү күндө Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду көп ишкерлер колдонгон, өндүрүш секторунда ийгиликтүү иштеп жаткан үлгүлүү уюм катары белгилүү. Ошондой эле көптөгөн кызыктуу жана перспективдүү долбоорлордун финансылык булагына айлана турган Кыргыз-кытай өнүктүрүү фондун түзүү маселеси каралууда. Бул багытта сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Жогорку Кеңеште өкмөткө жол кырсыгына байланыштуу соңку жагдай, "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча суроолор арбын берилди. Сооронбай Жээнбеков бул боюнча чечим жакында кабыл алынат деп ишендирди:

- "Таза коом" долбоору башталды. Ага азыр каражат каралып жатат. Ошонун негизинде бир эле "Коопсуз шаар" эмес, 387 мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү дагы электрондоштурууну бир жакшы компанияга берүү боюнча маселе турат, бул боюнча иштер жүрүп жатат. Жакын арада чечим кабыл алынат. Учурда каражат изделүүдө. Экинчиден, ошол "Коопсуз шаарга" кирбеген жерлерди жергиликтүү бийликтин каражаты менен ишке ашыруу каралып жатат. Мисалы, Бишкек шаары 40 миллион сом бөлүп жатат.

Бирок айрым депутаттар "Коопсуз шаар" долбоорун "Таза коом" долбоорунун алкагында ишке ашыруу аракетин сынга алышты жана сот иштерин күтпөй чукул арада ишке ашыруу керектиги айтылды.

Өмүрбек Бабанов
Өмүрбек Бабанов

"Республика-Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов кагаздагы киреше менен банкка түшкөн эсептин айырмасына көңүл бурду:

- Мынакей, 166 мамлекеттик компаниядан алты компания эле 98% пайда табат экен. Калгандарынын пайдасы жок. Биз бул боюнча анализ жүргүзүшүбүз керек. 2014-жылы 861 миллион сом бюджетке түшсө, 2015-жылы 321 миллион болсо, былтыр 488 миллион сом түшүптүр. Кагаздагы киреше менен банктагы эсептин айырмасы асман менен жердей болуп атат.

Социал-демократтар фракциясынын төрагасы Иса Өмүркулов болсо өткөн жылы өлкөдө социалдык-экономикалык стабилдүүлүк болгонун белгилеп, өкмөттү коркпой насыя алууга чакырды:

- Азыр айрым кесиптештер насыя алуу боюнча чочулап айтып жатат. Насыя алуудан коркпош керек. Көбүрөөк алып, аны бирок уурдабай максаттуу жумшасак мамлекет өнүгөт. Мисалы Жапонияда алган карызы ички дүң продукциясынан 248% көп экен. Италияныкы 114%, Швецияныкы 167%, Сингапурдуку 346% пайыз экен. Ошон үчүн өзүңүз айткандай, карыздан четинен кутула беребиз, ала бериш керек. Алган акчанын баарын инфраструктурага, коммуникацияга жана башка керектүү багыттарга жумшай турган болсок, бизде сөзсүз түрдө жыйынтык болот.

"Ата-Мекен" фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев мамлекеттин экономикалык багыты кандай болот деген суроого жооп алынбаганын белгиледи:

- Кыргызстанды өркүндөтө турган эки чоң күч бар. Бул инвестор менен өлкө ичиндеги ишкерлер. Быйыл президенттик шайлоо болот. Бул экөө тең азыр бул президент болуп калса эмне болот, тигил президент болуп калсачы деп ойлонуп турат. Биз экономиканы саясаттын жетегине калтырып койдук. Мына ушундай болбошу үчүн Грузиядагыдай Экономикалык эркиндиктердин актысын кабыл албайлыбы. Алар дагы бизге окшоп бири-бирин камап, компроматтар кармашы болуп жатканда элдин кызыкчылыгын биринчи орунга коюп, 10 эле пункттан турган экономикалык декларация кабыл алышкан. Мен ошону даярдадым. Эгер ошону экономика министрине тапшырсаңыз инвесторлор да, ишкерлерибиз да ишенимдүү иш жүргүзө баштайт.

Оппозиция экономикалык өсүшкө ишенбейт

Өкмөт жылдык отчетун берип жатканда парламенттен тышкары оппозициячыл саясатчылар тобу өлкөнүн экономикалык абалын талкуулады. Анда өкмөттүн экономикалык көрсөткүчтөрү турмуш чындыгынан алыс деп мүнөздөп, муну бюджеттин абалы оор деген тыянак менен негиздөөгө аракет кылышты.

Сандар жана турмуш чындыгы

Оппозициялык саясатчылар уюштурган "Экономика: сандар жана реалдуулук" деп аталган тегерек үстөл жыйынында өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал талкууланды.

Жыйындын башында Эсеп палатасынын мурдагы төрайымы Элмира Ибраимова өкмөт жарыялаган экономикалык көрсөткүчтөрдү анализдеген баяндама жасады. Баяндама "Кыргызстан эмнеге жакырланды?" деп аталып, негизинен өлкөнүн экономикасын башкаруу көйгөйүн көтөрдү.

Элмира Ибраимова экономикада өсүш болуп жатса, анда эмнеге бюджет тартыш деген суроону кабыргасынан койду:

- Расмий сандарды мисал келтирейин. Экономиканын негизги тармактары болгон өнөр жай 5 пайызга, курулуш 7 пайызга өскөн. Бирок бюджеттин киреше бөлүгү 2015-жылга салыштырмалуу 0,1 пайызды түзүп жатат. Анда ошол өсүштөн түшчү акча кайда? Ал кооз сандар кээде ошентип суроо белгилерине айланып калат. Баарынан кызыгы бюджеттин жалпы чыгашасында мамлекеттик кызматтын, коргоо жана коопсуздук тармактарынын үлүштөрү өскөн. Ошол эле кезде социалдык тармактын чыгымдары кыскарган. Өткөн 2016-жылдын бюджети өлкөнү жакырланткан бюджет болду.

Эсеп палатасынын мурдагы төрайымынын "экономикада өсүш болсо, анда эмнеге бюджеттин кирешеси көбөйгөн жок" деген суроосуна жооп алуу үчүн Экономика министрлигине кайрылдык. Бирок экономика министринин биринчи орун басары Алмаз Сазбаков иш сапарда экенин айтып, бул суроого жооп берүүдөн баш тартты.

Улуттук статистика комитетинин төрага орун басары Баис Касымбеков алардын экономикалык көрсөткүчтөр боюнча берген расмий маалыматтары так деп ишендирди:

- Бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууга ар кандай факторлор таасир этиши мүмкүн. Салык же болбосо бажы жыйымдары азыраак чогулуп калышы ыктымал. Биздин экономикалык көрсөткүчтөр тууралуу маалыматтар так, анык жана расмий. Ал материалдардын аныктыгына өзүбүз жооп беребиз. Биз ар кайсы тараптан колу коюлуп, мөөр басылып келген маалыматтарды топтоштуруп, жыйынтыгын гана чыгарабыз. Ага биз кошумча же алымча киргизе албайбыз. Аларды эсептеп чыгуунун өзүнүн эл аралык стандарты бар.

Салыштыруудагы айырмачылык

"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров өкмөт чыныгы турмуштан алыс экономикалык өсүштөр тууралуу куру сөздүн ордуна, артка кетүүнү моюнга алууга тийиш деп эсептейт. Адахан Мадумаров азыркы учурдагы өлкөнүн экономикалык абалын коңшу өлкөлөрдүн бири менен салыштырды:

- Кыргызстан азыркы учурда экономикалык көрсөткүчтөр боюнча жарандык согушту башынан кечирген Тажикстандан артта калды. Биз азыр экономикалык рейтинг боюнча 115-орунга түштүк. "Бардыгы бизге суктанып, тамшанып жатат" деп курулай эле мактана бергендин кесепети ушул. Азыр бизде орточо пенсия канча? Эттин, ундун, нандын, майдын жана ушул сыяктуу күндөлүк керектелүүчү буюмдардын баасы 2010-жылы канча эле? Электр энергиясынын баасы канча эле? Жети жыл өткөндөн кийин алардын баасы канча болду? Жашоо шарттары кандай өзгөрдү? Бул жерде жөн эле мына ошол сандарды салыштырып көрүп, жыйынтык чыгаргыла. Анан биз чын эле жыргап же артка кеттикпи, ошондо чындыгын түшүнөсүңөр.

Сооронбай Жээнбеков эгемен Кыргызстандын саясий тарыхындагы 28-премьер-министр. Ал өкмөт башчы болуп мындан туура бир жыл мурун шайланган. Ага чейинки өкмөт башчылар Кумтөр, коррупция жана жол маселелери боюнча талаш-тартыштын артынан иштен кеткен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG