Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:48

Бюджет: кирешеден чыгым көп


Иллюстрация
Иллюстрация

2017-жылга карата республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү 146,9 миллиард сомду түзүп, мындан эки жыл мурункуга салыштырмалуу 27 миллиард сомго көбөйдү.

Бул тууралуу коомдук бюджеттик угууда белгилүү болду. Каржы министрлиги бул бюджет толук аткарыларын ишендирсе, коомдук байкоочулар чыгым толук каржыланбай калган жагдайдан кеп салышууда. Айрыкча саламаттыкты сактоо тармагындагы мамлекет кепилдеген программаларды каржылоо буга чейин дагы толук ишке ашпай келгени айтылды.

Бюджеттин бүтпөгөн “тешиги”

Каржы министрлиги “2017-жылдын бюджети жана 2018-2019-жылдарга божомол боюнча” долбоорду ачык коомдук угууга алып чыкты. Коомдук угуулар буга чейин Ош менен Каракол шаарларында өтүп, үчүнчүсү 12-августта Бишкекте жыйынтыкталды.

Иштелип чыккан долбоорго ылайык, 2017-жылга карата республикалык бюджеттин таңкыстыгы 22,4 миллиард сомго барабар. Божомолдо 2019-жылга карата салык кирешеси көбөйө турганы көрсөтүлгөнү менен 2017-жылдын бюджетинде анын киреше бөлүгү өлкөнүн ички дүң өнүмүнө карата өзгөрүүсүз калды. Салыктык эмес түшүүсү 20,3 миллиард сомдун айланасында көрсөтүлгөн. Соңку мезгилде импорттун кыскарышынан улам бажы төлөмдөрү азайып, таңкыстыкка байланыштуу бюджетти аткарууда тобокелдик бары туурасында суроолор болду.

Бирок каржы министри Адылбек Касымалиев бул бюджетти аткарууда көйгөйлөр жаралбайт деп ишендирди:

- Бул жолу бюджеттин киреше бөлүгү чынында эле анча көбөйгөн жок. Себеби быйыл салык мыйзамдарына өзгөртүү кирип, экономика өнүгүшүнө карап, ишкерлерге жеңилдик бердик. Экспортко кетүүчү товарларды сатуудан түшчү салыкты кыскартып, анан накталай эмес операцияларды салыктан бошоттук. Негизи топтогон кирешелерибиз өзүбүздүн министрликтер менен мекеме-уюмдарды каржылоого толук жетет. Бирок бюджет таңкыстыгы дегенде өнүгүүгө жумшалчу чыгымдарды каржылоого акчабыз жетишпейт. Ошондуктан ага эл аралык донорлордон каражат алып жатабыз.

Мамлекет кепилдеген чыгымдар

Анткен менен коомдук угуунун жүрүшүндө буга чейин бекитилген бюджетти аткарууга келгенде маселелер чыккан учурлар бар экени белгиленди. Анткени мыйзам боюнча саламаттык сактоо тармагына бюджеттин 13 пайызы бөлүнүүгө тийиш. Бирок бул талап бузулуп, мамлекет кепилдеген программаларды каржылоо толук ишке ашпай калган учурлар туурасында сөз болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин байкоочу кеңешинин төрагасы Айбар Султангазиев оор илдеттерди дарылоого мамлекет бөлгөн каражат толук берилбей калган жагдайды мисал келтирди:

- Акысыз мамлекеттик медициналык жардам көрсөтүү боюнча мыйзамдын талабын аткарууга жакындашыбыз керек. Ал мыйзам тизмеге кирген ооруларды дарылоону мамлекет кепилдикке алганын милдеттендирген болчу. Бирок мен бул жерден ага каралган сумманы көргөн жокмун. Буга бөлүнгөн чыгаша мурдагы эле жылдарда бекитилген деңгээлде калыптыр. Биз бул маселени чечпесек болбойт. Трансплантациялык органдарды керектөөнү камсыздоо болгону жылына эки айга гана жетип жатат. Инсулин менен камсыздоо болсо алты айга чейин кечеңдөөдө. Буга каралган каражатты мамлекет кепилдеп берген соң өз учурунда бөлүнүшү керек болчу. Инсулин алганга акча өз убагында бөлүнбөй, аймактарда мөөнөтү өтүп кеткен дарылар берилүүдө.

Каржы министри бөйрөк ооруларын, кургак учук жана онкологиялык илдеттерди дарылоого быйыл 2 миллиард сомдон ашуун каражат табылганын белгиледи. Бирок буга чейин казынадагы абалга жараша толук каржылоо болбой калган учурлар бар экени айтылды. Саламаттык сактоо тармагына бөлүнгөн акчанын өлчөмү 30 миллиард сомдон ашуун экени көрсөтүлдү.

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев башка өлкөлөргө караганда мамлекет бул багытта өз милдеттенмесин аткарууга аракет жасап жатканына токтолду:

- Экономикалык кысталыш учурга карабастан мамлекет биздин социалдык тармакка бюджеттин чоң бөлүгүн карап жатат. Айрыкча саламаттыкты сактоо тармагына. Көйгөйлүү онкологиялык ооруларга, бөйрөк, кан ооруларына жана балдардын оор кеселдерине акча бөлүнүп жатат. Бирок эми бүтүндөй тармактын маселесин чечүүгө баары бир бул каражат жетишсиз.

Бюджетте социалдык блокту каржылоо артыкчылыктуу багыт катары калары белгиленди. Ошондуктан саламаттыкты сактоо менен билим берүүгө жумшала турган чыгымдардын дээрлик көпчүлүгү бюджеттин корголгон бөлүгүнө кирери көрсөтүлдү.

Ошол эле кезде капиталдык курулуш, имараттарды тейлөө жана жабдуу сатып алууга кетчү чыгымдар кыскартылган. Анткени быйыл Кыргызстандын тышкы карызы 3,7 миллиард долларга барабар экени эскертилди. Аны төлөөгө бюджеттен 2017-жылдан тарта жыл сайын 21 миллиард сомдон ашуун каражат жумшоо жагы долбоордо каралган.

XS
SM
MD
LG