Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Казынада өнүгүүгө акча тартыш


Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети 24-октябрдагы жыйынында ”Кыргыз Республикасынын 2017-жылдагы республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзамдын долбоорун карап, парламенттин кароосуна сунуштоо чечимин кабыл алды.

Талкууда долбоор мурдагы жылдардай эле социалдык тешиктерди бүтөөгө багытталгандыктан Кыргызстандын өнүгүүсүнө жол сала албайт деп сындагандар да болду.

Жогорку Кеңеш жаңы жылдын бюджетине кандай өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайт? Милдетин аткаруучу болуп турган өкмөт долбоорду тезинен кайра оңдоп түзөөгө жетише алабы? Үч жылга алдын ала даярдалган божомолдор эмне үчүн ишке ашпай жатат?

"Арай көз чарай" талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты, Бюджет жана финансы комитетинин мүчөсү Улан Примов, каржы министринин орун басары Алмазбек Азимов жана экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев катышты.

Тышкы карызды кайтаруу көйгөйү

Тышкы карызды кайтаруу көйгөйү

Кыргызстандын тышкы карызы 4 миллиард долларга чукулдап калганын “Өнүгүү-Прогресс” фракциясында каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди.

“Азаттык”: Алмаз мырза, Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин кечээки жыйынында 2017-жылдын бюджети мурдагы жылдардагыдай эле социалдык багытта даярдалган жана ал Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүн камсыз кыла албайт деген сын айтылды. Мындан 2-3 жыл илгери 2017-2018-жылга болжол кабыл алынып жатканда жана Кыргызстанды Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы бекитилип жатканда абдан жакшы өнүгүү болот деп белгиленген эле. Эмне үчүн ошол документтерде белгиленген божомолдор ишке ашпай жатат?

Алмазбек Азимов: Алгач, 2017-жылдын бюджетинин параметрлери жөнүндө маалымат берейин: эмдиги жылдын киреше бөлүгү 126 миллиард 800 миллион сом, чыгаша бөлүгү 150 миллиард 100 миллион сом, тартыштык 23,3 миллиард сом деп белгиленип жатат.

Өнүгүү бюджетине эмдиги жылга 34 млрд сом карап жатабыз, ал каражат тышкы жана ички булактардан алынат. Ал эми бюджеттин 50% социалдык секторго жумшалаары чын. Бирок, биз ага карабастан өнүгүү бюджетин да көбөйткөнгө аракет кылып жатабыз. Бюджеттин тартыштыгы 23, 3 млрд. сом болсо өнүгүү бюджетинин көлөмү ички дүң продукцияга карата 4,7% түзөт. Биз тышкы инвестициялык мамлекеттик программалардын долбоорун алып таштай турган болсок 17,8 млрд. сом болот. Анда бюджеттин тартыштыгы 5,5 млрд сомду түзүп, ички дүң продукциянын 1,1% гана барабар болот. Ошондо 3,7% өнүгүү бюджетине кетип жатат.

“Азаттык”: Улан мырза, эмдиги жылдын бюджетинде ички дүң продукциянын реалдуу өсүшү 2,9% деп белгиленип жатат. Бул быйылкы 5,2 деген милдеттен кыйла төмөн. Демек, өкмөт алдын ала эле өнүгүү болбойт деген чекти коюп жатабы? Парламент буга макулбу? Парламент киреше табуунун башка булактарын көрсөтүп, өзгөртүү сунуштарын бере алабы?

Улан Примов: 2016-жылдын бюджети кабыл алынып жатканда ички дүң продукциянын көлөмү боюнча макул болбогон пикирибизди айтканбыз, анткени 5,2% өсүш болбой тургандыгы белгилүү болчу. Өнөктөш мамлекеттердеги экономикалык санкциялар бар экендигин эскерткенбиз. Бирок, өкмөт бул дымактуу план аны ишке ашырабыз деп ынандырган. Ал эми эмдиги жылы ички дүң продуциянын өсүшү 2,9% деп болжолдонуп жатат, өкмөт аны ишке ашырабыз деп ишендирип жатат. Чынында мындан ашкан өсүш болушу мүмкүн эмес, себеби Евразия экономикалык биримдигиндеги өлкөлөргө карата экономикалык санкциялар токтотула элек. Өкмөт болгон күч-аракетин жумшап жатат, бирок экономикада чоң өзгөрүүлөр жана өсүштөр болбойт.

“Азаттык”: Айылчы мырза, кечээ өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү 126 миллиард 800 миллион сом, чыгаша бөлүгү 150 миллиард 100 миллион сом, тартыштык 23,3 миллиард сом деп тааныштырып, бул өнүктүрүүнүн бюджети деп белгиледи. Теорияда кандай, кирешесинен чыгашасы көп бюджет менен өнүгүүнү камсыз кыла алабы?

Айылчы Сарыбаев: Мамлекеттик бюджет бекитилип жатканда теория же практика деп каралбайт. Анын толуктуулук, бирдиктүүлүк, реалдуулук, ачыктык деген гана негизги принциптери бар. Менимче, өкмөт бул принциптерди кармануу менен даярдап жатат деп айтсак болот.

Ал эми бюджеттин социалдык багытта болушун өзгөртүүгө же кыскартууга мүмкүн эмес, себеби бул мугалимдер, дарыгерлердин айлыктары, пенсионерлер жана балдарды кароого берилген жөлөк-пулдар. Тескерисинче, социалдык тармакка кеткен каражатты көтөрүү милдети биринчи планга коюлуш керек. Себеби, инфляция күчтүү, баалар өсүп жатат. Андан көрө пайдасыз чыгымдарды азайтуу, мамлекеттик бийлик органдарындагы керексиз структуралар менен адамдардын санын азайтуу керек, бул парламентте көтөрүлгөн менен ишке ашпай жатат.

Реалдуу сектор, өнүгүү сектор деген экономикага жумшала турган акча. Кыргызстандагы пайда бере турган, стратегиялык ишканалар салык берип, пайда алып келүүнүн ордуна рентабелдүүлүгүн азайтып, киреше алышпай араң иштеп жатышат. Ал жерде эки фактор роль ойноп жатат: биринчиден, башкаруучулары чын эле иштей алышпайт же экинчиден, акырындап ишкананы банкротко алып барып, жеке менчикке айландыруу максаты бар. Бул илгертен бери пайдаланып келе жаткан коррупциялык схема. Ал иштеп турганда бюджеттин кирешеси көбөйбөйт. Ошондуктан коррупциялык схеманы жоюу керек жана ага негиз бере турган мыйзамдарды кайра карап чыгуу керек.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG