Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:59

Бийлик кенебеген тышкы карыз


Кыргызстандын акыркы беш жылда чет мамлекеттерден алган карызы 20 жыл бою алган карыздын үчтөн экисин түздү.

Тышкы карыздын өлчөмү дээрлик 4 миллиард долларга чаап барган чакты мамлекет башчы карыз алуудан чочулабоого чакырды. Экономисттер болсо тышкы карыз болочок муундун мойнуна оор жүк болорун ырасташат.

Алты жылда кошулган миллиард

Каржы министрлигинин акыркы маалыматы боюнча Кыргызстандын тышкы карызы учурда 3 миллиард 764 миллион долларды түзөт. 2010-жылдын аягында Кыргызстандын тышкы карызы 2 миллиард 602 миллион АКШ доллары болчу. Андан берки алты жылда тышкы карыздын өлчөмү 1 миллиарддан ашуун долларга көбөйдү.

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы беш жылда алынган карыз июнь коогасынан кийин Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүүгө, Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы электр линиясын курууга жана өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн туташтырган альтернативалуу жолдун курулушуна сарпталган.

Тышкы карызды кайтаруу көйгөйү

Тышкы карызды кайтаруу көйгөйү

Кыргызстандын тышкы карызы 4 миллиард долларга чукулдап калганын “Өнүгүү-Прогресс” фракциясында каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди.

Каржы министрлигине караштуу мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Сыдыковдун айтуусунда, сырттан алынган карыздардын эсебинен 160 насыя келишими түзүлгөн:

- Тышкы карыздын 24% энергетика тармагына жумшалган. Ушундай эле өлчөмдө 24-28% айланасында каражат жол, инфраструктурага, ал эми айыл чарба жана ирригацияга 20% сарпталган. Мындан тышкары бюджеттин тартыштыгын жабууга да жумшалган.

Кыргызстандын ички-тышкы карызы ички дүң продукциясынын көлөмүнүн 70% жакындап калганын Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта фонду да эскертүүдө. Дүйнөлүк банк өлкөнүн быйылкы экономикалык өсүшүн 2,2% деп баалады.

Эл аралык валюта фондунун Кыргызстандагы миссия башчысы Эдуард Жемайел кыргыз бийлигин ички дүң продукциянын көлөмүн көбөйтүүнүн жолдорун издөөгө чакырды:

- 2014-жылы мамлекеттик карыздын өлчөмү ички дүң продукция көлөмүнүн 43-44% түзчү. Учурда бул көрсөткүч 70% жакындап, өлкө тобокелчилик чегинде турат. Ошондуктан, биз кыргыз өкмөтүн салыктарды жоюудан качууга, бюджет тартыштыгын азайтууга жана ички дүң продукциянын көлөмүн көбөйтүүгө чакырабыз.

"Карыз алгандан коркпош керек"

Бирок мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев өткөн аптада курган салттуу маалымат жыйынында тышкы карыз, насыялардын көлөмү деп элди чочутууга себеп жок деп билдирди. Президент учурда алынып жаткан насыя акчалардын үстөк пайызы өтө төмөн экенин белгилеп, мындай акчаны өлкөнү өнүктүрүүгө жумшай берүү керек деп айтты:

- Ооба, өлкөнүн тышкы карызы 3,7 млрд доллар. Алты миллион калкы бар Кыргызстандын карызы ушунча. Ал эми 16 млн калкы бар Казакстандыкы 160 млрд доллар тышкы карызы бар. Алар дагы карыз алып жатышат. Мунай менен газы бар, ооба, бирок бир күнү алар экөө тең түккө турбай калышы мүмкүн. Менимче, биз дагы карыз алышыбыз керек. Биз алган карыздын баарын жолдорго жана электр энергиясына жумшап жатабыз. Жолдор – экономиканы өнүктүрүүнүн кепилдиги. Биз миграция маселесин толук чечүү үчүн гранттык колдоо ала албасак, анда ирригацияга да карыз алып, түштүктөгү сугат маселесин чечүүгө тийишпиз. Мен бизнесте жана саясатта жакшы түшүнгөн киши катары айтарым: Кыргызстан мындан ары да карыз алышы керек. Бизге улам эскертип, тышкы карызың 70% чектен ашып кетти деп жаткан Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк банк АКШнын башкы донорлору. Биз карыздан коркпошубуз керек. Атамбаев өзүнүн достук мамилесинен пайдаланып, Кыргызстан үчүн үстөк пайызы төмөн, жеңилдетилген карыздарды алып келип жатат. Башка өлкөлөрдүн башчылары дүйнөнү кыдырып, карыз ала албай жатышат. Менден кийинки бийликке келген адам ала алабы, же жокпу - ал да белгисиз.

Экономисттер болсо, тескерисинче тыштан алынган карыз өлкөнүн өнүгүүсү үчүн эмес, көбүнчө бюджеттин жыртык-тешигин бүтөөгө, ички карыздардан кутулууга сарпталып кеткендигин айтышууда. Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаевдин сөзү боюнча, минтип жумшалган тышкы карыздан пайда жок:

- Эгерде тышкы карыз өндүрүшкө салынып, андан жакшы киреше берип, анын эсебинен салыктар да түшсө анда жакшы. Бирок, тилекке каршы, ошол акча салынды деген тармактар: энергетика да, айыл чарба тармагы да кирешеси жок, тескерисинче тартыштык менен чыгып, бюджеттен акча сурап жатышат. Тышкы карыз туура колдонулган жок.

Ички өндүрүштү колдошубуз керек, андан түшкөн пайда менен карыздын ордун толуктоого толук мүмкүн.

Ушул тапта Кыргызстандын Кытайга карызы 1,336 млрд доллар. Андан кийин Орусияга 300 млн доллар, Жапонияга 243 млн, Германияга 100 млн, Түркияга 97 млн доллар карыз. Түштүк Кореяга 14 млн, Кувейтке 8, Сауд Арабиясына 7 млн, Бириккен Араб Эмираттарына 6 млн доллар карыз. Европа өлкөлөрүнөн Франция 4 млн, Дания 3 млн карыз берген.

Ал эми Дүйнөлүк банктан 1 миллиард 11 миллион доллар, Азия өнүктүрүү банкынан 969 миллион доллар, Эл аралык валюта корунан 494 миллион доллар насыя алынган. Адистердин бекемдөөсү боюнча, булардын ичинен Кытайдан алынган карыздардын шарттары катаалыраак. Айрым пикирлерге караганда Кытай акчасынын күчү менен Кыргызстанга экономикалык үстөмдүк жүргүзүүсү толук ыктымал.

Кытай карызы үчүн Кыргызстанды басып албайт

Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитет төрагасынын орун басары Зиядин Жамалдинов карыз алууну токтотуп, ансыз жашоонун жолдорун издөө керек деген пикирде. Анын сөзү боюнча, карыз үчүн чет мамлекеттер Кыргызстанды басып албайт, бирок карызды мөөнөтүнөн кечиктирбей төлөө тууралуу өлкөнүн милдеттенмеси бар:

- Карыз үчүн Кытай Кыргызстанды басып албайт. Ага мыйзам да жол бербейт. Бирок Кыргызстан алган карызын кайтарууга тийиш. Ушул тапта дээрлик 4 млрд. долларга жетти. Айтканга оңой болгону менен, аны төлөө түйшүгү биздин болочок муунга түшөт. Ошол кезде Кыргызстандын карызды кайтаруу мүмкүнчүлүгү кандай болот? Ал убакта өлкөнүн башында кандай күн болот? Мына ушуну азыртан ойлонуп, карыз алууну токтотуу керек. Биз каражат алуунун жолдорун ичтен издешибиз керек. Миграция кызматы быйылкы жылы Кыргызстандагы жумуш орундарына берилген квотанын эсебинен эле 600-700 млн. сом бюджетке түшүрдү. Биздин сыртка ташылып жаткан алтын концентрантына бажы төлөмдөрүн көбөйтүү менен мамлекеттик бюджетке оңой эмес акча алып келүүгө болот. Ички өндүрүштү колдошубуз керек, андан түшкөн пайда менен карыздын ордун толуктоого толук мүмкүн.

Дүйнөлүк практикага ылайык, тышкы карыздын көлөмү ички дүң продукция көлөмүнүн 60% аша баштаганда улуттук коопсуздукка коркунуч келтире баштайт. Ошондуктан тышкы карыз ички дүң продукциянын 60% ашпаш керек деген мыйзам кабыл алынган. Муну белгилеген Каржы министрлиги карыздын чоңдугу боюнча эл аралык чектөөнүн көрсөткүчтөрүнүн негизинде үч чекти белгилеп, тышкы карызды андан ашырбоо үчүн тиешелүү чараларды көрөрүн маалымдоодо. Бирок ал кандай чаралар болору азырынча айтылбай турат.

Ошондой эле министрликтин маалыматы боюнча, 3,7 млрд доллар тышкы карыз улуттук валюта менен эсептегенде 259,354 млрд сомду түзөт. Сом көрсөткүчүндө тышкы карыздын өлчөмү ИДП көлөмүнүн 52% түзөт. Ал эми тышкы карызды төлөө өз учурунда, тиешелүү өлчөмдө жүргүзүлүүдө деп бекемдейт министрлик.

Каржы министри Адылбек Касымалиев жакында парламентте билдиргени боюнча карыз төлөөнүн эң бийик чеги 2024-2030-жылдарга туш келет. Бүгүнкү күндө өлкөнүн тышкы карызы ар бир киши башына болжолдуу 625 доллардан туура келет.

Казакстандын тышкы карызы 155 млрд доллар, Орусияныкы 525 млрд, ал эми АКШнын тышкы карызы 13 триллион доллар.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG