Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:03

Европа базарына жетпеген товарлар


Кыргыз балы
Кыргыз балы

Экономика министрлиги ВСП+ программасы боюнча алгачкы этапта Европа базарына чыгарууга даяр төрт топтогу товарлардын тизмесин аныктады.

ВСП+ программасы Кыргызстандын 6200 түрдүү товарын Евробиримдиктин базарына бажы төлөмсүз киргизүүгө мүмкүнчүлүк берген. Тизменин көпчүлүгүн айыл чарба товарлары түзөт. Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция учурда эки лаборотория экспортко чыкчу айыл чарба азыктарына сертификат берүүгө даяр экенин билдирди. Экономист эксперттер Европадан контракттарды алуу үчүн товарлардын стандарттарын шайкеш келтирүү менен керектүү көлөмдү топтоп жөнөтүүдө көйгөйлөр барын белгилешүүдө.

Тизменин баштапкы этабы аныкталды

Экономика министрлиги ВСП+ программасы жеңилдик берген 6200 товардын арасынан азырынча төрт топтогу 96 түрдүү товарды анализдеп чыгып, аларды Евробиримдиктин рыногуна чыгууга даяр деп тапты. Бул товарлар Европа рыногунун керектөө талабына жана жергиликтүү өндүрүштүн ыңгайына жараша тандалган.

Эшигин ачкан Европага эмне сатабыз?

Эшигин ачкан Европага эмне сатабыз?

Кыргызстан адам укугун сактоо менен гана Европа Биримдигинин жалпы жеңилдик системасынан (ВСП+) колдоно алат. Бул тууралуу Бишкекте жалпы жеңилдик системасын колдонуунун жол-жобосуна арналган талкууда айтылды.

Экономика министрлигинин өкүлү Бүбүсара Токтоналиева Кыргызстандан өндүрүлгөн товарлар талдоого алынып, анын негизинде баштапкы тизмеси аныкталганын билдирди:

- Биринчи этапта буга биз өзүбүздүн эксперттик баалообуз менен жыйынтык чыгардык. Ошонун негизинде экспортко чыгарууга даяр деп бир нече товарлардын түрүн белгилегенбиз. Аларды биз негизинен төрт топко бөлдүк. Бизде бул боюнча жумушчу топ түзүлүп, ага ишкер чөйрөдөн жана мамлекеттик органдардан өкүлдөр кирген. Мына ошол жумушчу топ бардыгын талдап, анын негизинде тизмени иштеп чыкканбыз. Мындан сырткары бизге Евробиримдиктин техникалык жөнгө салуу миссиясы дагы келип, алардын эксперттери дагы өз баасын беришкен.

Европа базары эмнени керектейт?

ВСП+ программасынын алкагында Кыргызстандан Евробиримдиктин 27 өлкөсүнө экспорттоло турган тизмеге айыл чарба азыктары, жылкы, эшек, коён, эчки сыяктуу тирүүлөй мал-жандыктар, өндүрүштүк чийки зат, алтын-күмүш ж.б. баалуу металл түрлөрү, жүндөн, пахтадан токулган кездемелер жана кийиз буюмдар, кайыш жана кайыштан жасалган товарлар, желим буюмдар жана химиялык кошулмалар сыяктуулар кирет.

Экономика министрлигинин соода бөлүмүнүн башчысы Бүбүсара Токтоналиева Евробиримдик менен соода жүгүртүү жандана баштаганын айтты:

Биздин соода алакабыз азыркы учурда Евробиримдикке кирген Латвия, Литва, Эстония, Италия жана Германия сыяктуу өлкөлөр менен жакшы менен жүрүүдө. Учурда соода жүгүртүү өтө чоң көлөмдө болбосо дагы бир аз жанданып калды.
Бүбүсара Токтоналиева

- Бүгүнкү күндө кургатылган жер-жемиш, жаңгак, козу карын, тоо балы, төө буурчак, пахтадан жана жүндөн тигилген же токулган кийим-кече, кийиз жана кийизден жасалган буюмдар ийгиликтүү экспорттолуп жатат. Биздин соода алакабыз азыркы учурда Евробиримдикке кирген Латвия, Литва, Эстония, Италия жана Германия сыяктуу өлкөлөр менен жакшы менен жүрүүдө. Учурда соода жүгүртүү өтө чоң көлөмдө болбосо дагы бир аз жанданып калды. Азыркы учурда биз Евробиримдиктеги биздин дипломатиялык өкүлчүлүктөр аркылуу маалыматтарды жайылтып, алар аркылуу кызыкдар соода өнөктөштөрдү табууга аракеттенип жатабыз.

Лабораториялардын даярдыгы

Ош менен Бишкек шаарларында жайгашкан заманбап үлгүдөгү эки лаборатория айыл чарба азыктарынын сапатын жана фитосанитардык коопсуздугун текшерип, сертификация берүүгө ылайыкташканы белгилүү болду.

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын жетекчи орун басары Амангелди Исаев экспорттук товарды лабораториялык сертификациялоонун тартибине токтолду:

- ВСП+ программасынын эксперттери келип, биздин лабораториялар менен таанышып кетишти. Биздин лабораториялардын корутундуларын ЕЭБ дагы, ЕБ дагы тааныйт. Анткени жетимишке чукул мамлекет Like программасынын мүчөсү. Ал эми биздин жанагы карантиндик багыттагы эки лаборатория бул эл аралык уюмдун аккредитациясын алып, анын корутундусун тааныйт. Лабораториялык изилдөөнүн тартиби мындай: экспортко товар алып чыгуучу тарап бизге кайрылат, анан анын товарынан үлгү алынып, текшерип чыгып, анда карантиндик белги бар же жок деген жыйынтыгын чыгарат. Эгерде андан мына ошондой нерсе табылган болсо, фитосанитардык сертификация берилбейт. Сертификат алган товардын ээси ВСП+ боюнча Евробиримдиктин базарынабы же ЕАЭБнын аймагындагы базаргабы, тоскоолдуксуз өтө берет.

Стандарттардын шайкештиги

Анткен менен Кыргызстанда өндүрүлүп, Европа базарына чыгарыла турган товарлар Евробиримдиктин техникалык жөнгө салуу стандарттарына шайкеш келиши абзел.

Азыркы учурда биз Евробиримдиктин стандарттары биякта турсун, Евразия экономикалык биримдигинин стандаттарына шайкеш келтире албай жатабыз. Анткени биз техникалык жөнгө салууга байланыштуу мурдагы мамлекеттик стандарттардын бардыгын учурунда жок кылып алганбыз.
Абай Алымкулов

Экономист Абай Алымкулов Кыргызстандан өндүрүлгөн товарлардын сапаттык стандарттарында маселе бар экенин айтып, бул көйгөй чечилмейинче аларды Евробиримдиктин рыногуна чыгаруу куру кыял болорун эскертти:

- Мына ошол товарлардын ар биринин өзүнүн иштелип чыккан техникалык регламенти, стандартын аныктоочу усулдары бар. Азыркы учурда биз Евробиримдиктин стандарттары биякта турсун, Евразия экономикалык биримдигинин стандаттарына шайкеш келтире албай жатабыз. Анткени биз техникалык жөнгө салууга байланыштуу мурдагы мамлекеттик стандарттардын бардыгын учурунда жок кылып алганбыз. ЕАЭБ талабы боюнча келе жаткан августтан тарта биз дагы 18 түрлүү техникалык регламентти кабыл алабыз. Буга чейин он алтысын киргизгенбиз. Азыркыдай жагдайда катаал техникалык регламенттердин бардыгы күчүнө киргенде көйгөйлөр башталат. Биздин өндүрүштүк товарлар Европа турсун Кордойдон ары өтпөй калат.

Кыргызстан Евробиримдиктин рыногуна бажы төлөмүсүз товарларды киргизүүгө уруксат берген ВСП+ программасынын макамын былтыр 2016-жылы январь айында алган. Евробиримдик мындай жеңилдикти дүйнө жүзү боюнча өнүгүп келе жаткан тогуз өлкөгө гана берген. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен жалгыз Кыргызстан мына ошондой жеңилдиктен колдонуу укугуна ээ болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG