Линктер

дүйшөмбү, 21-август, 2017 Бишкек убактысы 22:02

Мурдагы билим берүү министри Камила Шаршекееванын коомдогу айрым терс көрүнүштөр тууралуу блогун сунуштайбыз.

Жакында эле мен БААУда (Борбор Азиядагы Америка университети) болуп, студенттерге лекция окуп келдим эле. Аларды жаңы конушу менен куттуктап, бир нече жүрөк өйүткөн коомдук көрүнүштөр тууралуу ой бөлүштүм. Ошол ойлорду жана аларды жүзөгө ашыруу жолдорун силер менен да бөлүшөйүн деп чечтим.

Мен көп учурда бул жашоодо эмнелерди аткарышым керек деп ой жүгүртөм. Экинчи жагынан, ал максаттарды кандай жол менен жигердүү ишке ашыруу керек деп ойлоном.

Биздин өлкө бир нече жылдан бери демократиялык мамлекетке өтүү процессинде. Ошол абал менен өлкөнүн бардык тармагында кыйынчылыктарды жеңип келатабыз.

Мен өзүм буга чейин эмне кылдым? Мен билим берүү маселелерин чечүүгө, аны реформалоого көп жылдарды арнадым. Ушул максатта БААУ, БАЭУ университеттерин түздүм; билим берүү министри болуп турган чагымда мектепке жалпы республикалык тестти киргиздим; ошол кездеги тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов менен бирге ЕККУ академиясын ачтык.

Андан сырткары университеттеги мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу үчүн EdNet деген уюм түздүк. Азыркы күндө ал окуу программаларын аккредитациялай турган көз карандысыз күчкө айланды.

Министр болуп турган жылдары айылдык мектептерди колдоо үчүн Дүйнөлүк банктын жардамы менен өлкөгө 15 млн доллар грант тарта алдык (Rural Education project). Дагы PISA деген дүйнөлүк баалоо системасына Кыргызстанды киргизип, анын натыйжасында биздин билим берүүнүн так диагнозун алдык.

Мен тилектештерим менен чогуу татыктуу жашоого жетүү деген максатты алдыма коюп келатам. Ушуга тиешелүү америкалык жазуучу жана ойчул Генри Торо мындай деп айткан экен: «Адамдардын көбү тымызын өксүктө жашайт» деп. Бул адамдар өз жашоосунун маани-маңызы жок өтүп жатканына өкүнөт дегенди билдирет. Албетте, турмуш-тиричилик баарыбызга керек, нан табуу – табигый нерсе, бирок бул жашоого келүүнүн андан да башка себептери болсо керек. Бул жарыкка жалгыз гана байлык топтоо үчүн келбейбиз, атак-даңкты артта калтыруу үчүн гана өмүр сүрбөйбүз. Адам баласы коомго күкүмдөй болсо да пайда алып келүү үчүн жашашы керек.

Ушул ойлор мени эмнеге жетеледи? Генри Торо (баса, ал Гарварддын бүтүрүүчүсү болгон) айткан нерсе биздин бүгүнкү жашоого абдан туура келет экен: ал өзү келип чыккан топто, ар бир адам жеке жыргалчылыгы менен негизги муктаждыктарын камсыздоодон сырткары, жашоодо да бийик максаттарды сезе билген. Менимче, кыргызстандыктардын көбү ушундай максаттарды түшүнбөйбүз, айланабызга, коомго, өлкөгө, ал тургай, дүйнөгө таасир эте аларыбызды сезбейбиз.

Ар бир адамга өзүнчө талант берилген: бирөөгө - азыраак, башкасына - көбүрөөк. Диний адамдар, мисалы, бардык нерсе Кудайдан деп ишенет. Бирок адам туулгандан таланттуу болобу, же кийин талант табабы, кандай болсо да, ошол талантты жеке өзүнө гана эмес, жалпы коомдун пайдасына жумшоосу керек. Албетте ар бирибиз өзүбүздү жана жакындарыбызды жакшы камсыз кылайын дейбиз. Мунун эч кандай жаманы жок. Бирок кээ бир адамдарга бул - жетишсиз. Мен ушул категориядагы адамдарга кирем деп ойлойм.

Ошон үчүн бүгүн бардык кайдыгер эмес адамдарга кайрылгым келет: кимде-ким өлкөнүн тагдырына күйсө, жөндөмү жана мүмкүнчүлүгү болсо, алар өзүнө эле эмес, жалпы коомдун жашоосун өзгөрткөнгө жардам бериши керек. Эгер сен бир нерсенин туура эмес болуп жатканын көрүп турсаң, аны оңдоого катышууң абзел. Өзүң үчүн да, башкалар үчүн да.

Акыркы кездери мен "Рубиконду кесип өтүү" деген фразаны, метафораны көп колдонуп калдым. Бул идиома эмнени билдирет? Тарыхта белгилүү Римдин баатыры жана аскер башчысы Юлий Цезарь канча жыл сыртта жүрүп, башка элдерди багындырып, мекенине кайтып жатканда өз өлкөсүнүн Сенаты ага кайтып келүүгө тыюу салат. Ошондо Цезарь ал тыюуга карабастан, Римдин чек арасы болгон Рубикон деген кызыл дайраны кечип өтүп, болбой эле Римге кирүүнү чечет. Ошондо ал: “артка чегинүүгө жол жок" деген.

Бүгүн өлкөдөгү коомдук адилетсиздик болуп көрбөгөндөй тамырлады. Жумушсуздук жогорку көрсөткүчкө жетти, жаштар иш издеп башка өлкөлөргө кетип жатат, билим берүү жана саламаттык сактоонун абалы өтө кейиштүү жана адамдарыбыз радикалдуу исламга ооп жатат. Мунун баарына эмне себеп? Жашоодо өз жолун көрбөй, түйшөлткөн суроолорго жооп таппай, жаштар ушундай шектүү нерселерге көңүлүн буруп, өздөрү эңсеген бактылуу жашоону ушул жактан издеп жатат.

Биз ар бирибиз Кыргызстаныбыз өнүккөн, гүлдөгөн өлкө болушун каалайбыз. Ал үчүн биздин экономикага жогорку билимдүү, мамлекет системасын түшүнгөн башкаруучулар, квалификациясы бар адамдар керек. Мындай кадрларды даярдоо үчүн ошондой деңгээлдеги билим берүү керек. Билим системасы жаңы нерселерди, жаңы информациялык технологияны, өлкөнү башкаруу жана коомдук өнүгүүнүн моделдерин камтышы керек. Эгер жаштарыбыз өзүн көрсөтүп, ийгиликтүү болушу үчүн глобализм шартында жумуш берген адамдардын талабына жооп бериши кажет. Биздин билим берүү - Франция, Канада, Жапониянын билим берүүсүндөй, жада калса андан калышпагандай болушу керек.

Биз башкаларды туураган системадан чыгышыбыз керек, өзүбүздүн иштеп чыккан кайталангыс системабыз болушу зарыл. Бизге талдап ойлонгон, өзүнүн жеке моделдерин чыгарган, дүйнөлүк экономикага чыга ала турган адистер керек.

Дагы айтып кетчү маанилүү нерсе: бардык иште этикалык эреже болушу керек. Жогорку этика менен иш алып барган интеллектуалдык өнүгүүнү бир гана чыныгы коомдук жактан жоопкерчиликтүү жарандар түзө алат.

Ал эми чынында кандай болуп жатат? Азыр Кыргызстанда такыр тескери көрүнүш өкүм сүрүүдө. Коомдук жашоонун бардык жагында акылга сыйбаган, логикага жатпаган, түшүнүксүз, популисттик көрүнүштөр орун алууда.

Бул айрым саясатчылардын улутчулдукту, расизмди, экономикалык жактан тартыштыкты, бөтөн элден жатыркоо сезимдерин бетке кармаганынан улам билинет. Бул карапайм адамдарды акылга сыйбаган нерселер менен алдап, аларды саясий же бизнес элиталарга каршы тукуруудан көрүнөт.

Менин байкашымча, Кыргызстанда билим алып жаткан же билими күчтүүлөр деле, саны боюнча көп армияны түзсө да, алар өлкөдөгү көрүнүштөргө кайдыгер. Анын жыйынтыгы ушундай жашоого түртүп жатат. Ошондуктан мен Рубиконду, артка кайтпас жолду кесип өтүү керек деп абдан катуу ишенем.

Рубиконду кесип өткөн бир нече өлкө бар: Түштүк Корея, Тайван, Сингапур жана башкалар. Бул өлкөлөр адегенде билим берүүсүн колго алган, демократиялык саясий системаларды реформалашкан, коррупцияны жойгон, жеке менчикти кол тийбес деп жарыялашкан. Мунун баары кайдыгер эмес жарандардын ушул ишке активдүү катышуусу менен ишке ашкан.

Эмне үчүн мен билим берүүгө басым жасап жатам? Себеби билим – бул бир гана өзүнүн максаттарын, кызыкчылыктарын түшүнүү, аларды айтып берүү эмес, ошол нерселерди шайлоо аркылуу кантип ишке ашырууну түшүнүү. Элдин кызыкчылыгы – бул чынчыл бийлик, инвестиция жана жумуш.

Адамдар жакшы ойлонуп тандоо жасаш үчүн популисттик, акылга сыйбаган пропаганданы ажыратып билиши керек. Алар өздөрүнүн чыныгы кызыкчылыктарын, коомдук чөйрө, өлкө кандай болуусун өздөрү аныкташы керек.

Эгер чынчыл өкмөтү бар өлкөдө жашагыбыз келсе, биз билим берүүнү өнүктүрүшүбүз керек. Ал үчүн биз бул секторду карап чыгып, анын максаттарын жаңылап, замандын жана технологиянын өнүгүүсүн эске алып, мамлекетти башкарууну кайрадан аныктап чыгышыбыз керек. Биздеги билим берүү либерализацияга муктаж. Бул университеттерге автономия, мектептерге кеңири эркиндик берүү, эркин атаандаштык шартында ар бир мектеп өзүнүн окуу программасын иштеп чыгуусу керек дегенди билдирет.

Андан сырткары мамлекет каржылаган мектептерде, айыл менен шаардын мектеби бирдей суммада каржыланышы керек. Мугалимдердин айлыгы жогору болууга тийиш. Албетте бул көп каражатты талап кылат, бирок ошентсе да мамлекеттик бюджет түзүп жатканда ушул секторго артыкчылык берүүсү зарыл. Ушундай гана чаралар түп-тамырынан маселени чече алат. Ошондо гана окуучулар менен студенттер коррупцияны кадыресе көрүнүш катары баалабай, чындап билимге жана дүйнөлүк маданиятка умтулат.

1993-жылдан бери мен билим берүүдөгү негизги принциптерди айтып келатам. Бул – академиялык чынчылдык, академиялык эркиндик жана критикалык ой жүгүртүү. Ушул гана принциптер коррупцияны жеңүүгө, популизмди токтотууга жол ачат.

Бул биздин өлкөнүн колунан келет! Бизде бул үчүн жакшы шарттар бар! Бизде кандайдыр бир деңгээлде интеллектуалдык эркиндик бар, салыштырмалуу сөз эркиндиги бар. Биздин эл жакшы жашоо үчүн билимдин маанилүү экенин өзү эле түшүнөт. Кыргызстандын географиялык жактан абдан жакшы жайгашкан - Евразиянын дал ортосунда, ар түрдүү цивилизациялардын кесилишинде турат. Биздин башка маданияттардын эң жакшы жерлерин сиңирип алып, транспорттук түйүн (хаб) болууга шартыбыз бар .

Эми кайрадан Генри Торонун оюна кайтып келели. Урматтуу кайдыгер эмес мекендештерим, мен силерге кайрылам, артка чегинбес сапарга чыгалы. Биз татыктуу жашоого ээ болуш үчүн ар бирибиз чыныгы ишти жасашыбыз керек.

Келгиле, ар бирибиз талантыбызды ушул миссияны аткарууга жумшайлы, биз эңсеген гүлдөгөн Кыргызстанды чыныгы жашоого ишке ашыруу – бизди бириктирген максат болсун! Мындан ары бул ишти эртеңкиге калтырбайлы. Рубиконду биз кечээ эле кесип өтүшүбүз керек болчу!

Камила Шаршекеева, коомдук ишмер, Борбор Азиядагы эл аралык университеттин ректору, БААУнун​ негиздөөчүсү, мурдагы билим берүү министри

P/S: Автордун ою "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG