Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Биз коррупциядан чарчадык


Камила Шаршекеева
Камила Шаршекеева

Мурдагы билим берүү министри, Борбор Азиядагы Америка университетинин негиздөөчүсү Камила Шаршекееванын президенттик шайлоо жана коррупция тууралуу блогун сунуштайбыз.

Конституция боюнча Кыргызстандын ар бир жараны шайлоого жана шайланууга укуктуу. Бирок чыныгы жашоодо бул укук кандайча ишке ашып жатат? Аны ишке ашырууга кандай шарттар түзүлгөн?

Мына мен жакында эле шайлоого катышуу жөнүндө ниетимди, башкача айтканда, конституциялык укугумду колдонуп көрөйүн деген оюмду айткам. Бирок ошол замат ыңгайсыз абалга тушуктум.

Албетте, мен суроо берген адамдарды айыптабайм. Алардын мага жаман ою жок. Алар болгону биздин коом үчүн эрөөн-терөөн болбой калган нерсени гана билгиси келет.

Өлкөнү өзгөртөлү, өнүктүрөлү деген идеяны туу туткандар, либералдуу баалуулуктарды карманган акылдуу, билимдүү эле кишилер менден «Шайлоого катышууга акчаңыз барбы?» деп сурап жатышты.

Алардын басымдуусу "Шайлоого акчасы жок катышуу - бул жөн эле тамаша, акча болбосо ооз ачпай деле коюш керек”, "Акчаң көп болбосо, анда шайлоо жыйынтыгына да таасир эте албайсың» деген ойдо экен.

Мындай пикирлерди уккан сайын шайлоого керектүү акчанын суммасына кызыгып жүрдүм. Ал канча болушу мүмкүн? Миллион, он миллион, балким жүз...Ошондой күндөрдүн биринде белгилүү эле саясатчынын "шайлоого кетчү чыгымдарды жарым миллиард сомго теңеп, аны мыйзамдаштыруу керек" дегенин угуп калдым. Чынын айтсам, мен буга аябай таң калдым.

Жарым миллиард! Элестетип көрүңүзчү...

Көрсө мугалим 200 доллардан ашпаган айлыкка жашаган өлкөдө, шайлоо учурунда бир эле талапкер жарым миллиард пулду эки-үч айда чачып салат экен. Бул эми расмий айтылган сумма. Мындан тышкары көмүскө акча да чачылбасына ким кепилдик берет?

Демек, шайлоого аттангандар бизге, Кыргызстандын жарандарына эгебейсиз сезилген сумманы сарптайт экен. Ошондо биздин демократиялык өлкөдө, ар бир адам кандайдыр бир айлыкты өз эмгеги менен алса, жетиштүү жашаса, башка мекендештер да жакшы жашасын деген ниет менен коомдун өнүгүүсүнө катышайын десе, бирок анын жогоркуда айткандай акчасы жок болсо, шайлана албай калабы?

Анда бул эмне деген лидерлик? Демек, мындай башчылык ролду сатып алуу керекпи? Мен мындай калыптанып калган, адамдын үрөйүн учурган эрежелерге такыр макул эмесмин.

Мен келе жаткан президенттик шайлоого катышкым келет, бирок акчанын күчү менен эмес, мекендештеримдин чыныгы ишеничи жана колдоосу аркылуу гана келүүгө макулмун! Мен өзүмдүн программамды сунуш кылууга даярмын, өлкө кандай жол менен алга жылышы керек деген пикиримди айтууга даярмын. Менде тажрыйба, жыйынтыктар бар, мен жашоону жакшыртуу боюнча коомго өз идеяларымды көрсөтө алам.

Бирок мага кайра эле «бир гана акча менен баары чечилет» дешет. Болгондо да чоң акча менен. Биз адамдын үрөйүн учурган мындай ырайымсыз эрежелерди бузушубуз керек деп ойлойм. Мындай системаны сындырып, жоготуу керек деп эсептейм!

Албетте, үгүт кампаниясына акча керек. Ал баарына түшүнүктүү. Шайлоого катышуучу күрөө сумма да жалпысынан өзүн-өзү актайт деп ишенем. Албетте, акча фонду керек: шайлоо кампаниясынын ар тарабын камсыз кылган, толук иштеген эксперттер болот, алардын баарына айлык төлөш керек.

Бирок менин айтайын деген негизги оюм – бул менин мекендештерим башчылыкка адамды шайлаганда, ал кишинин профессионалдык тажрыйбасына, кадыр-баркына, жоопкерчилигине карата тандаганга мүмкүнчүлүгү болушу керек. Алар байлыгы бар саясатчы - коррупционерлердин гана арасынан талапкер тандоого, мажбур болбошу керек; же болбосо кимдир бирөө канчадан бери ушул орунду мээлеп, өзүнүн шайланууга «мыйзамдуу» кезегин күтүп жүрүп, анан шайланбашы керек. Эгер андай адамдар байлыгын өзү «тапкан» болсо, алардын бул дөөлөтү эмнеден чогулган? Баарыбыз эле жакшы түшүнөбүз: бул коррупциянын кара тешиктеринен жана мамлекеттик мүлктүн кожоюнү жоктугунан пайдаланган адамдар. Мындай байлык – мамлекеттин чөнтөгүнөн агып кеткен каражат; бул – мамлекеттин пайдасына жумшалууга тийиш, сиз менен мага тийчү акча болчу, анткени бизден түшкөн салык өлкө казынасын кармап турат.

Бул каражаттарга мектептер, ооруканалар, жолдор салынышы керек эле; мугалим, врачтарга айлык болуп төлөнүшү керек эле; эффективдүү инфраструктура түзүүгө бөлүнүшү керек эле. Бирок өкмөттүн бюджетти пайдалануусу бүдөмүк болгондуктан, ар түрдүү каналдар аркылуу ушул акча уурдалып кеткен. Ошондуктан, мен алдыда келе жаткан шайлоодо бир гана ири каражаттын күчү менен келе турган адамдарды лидер, башчы деп атоого таптакыр макул эмесмин.

Биз кандай өлкөдө жашагыбыз келет?

Биз шайлоо жана жогорку мамлекеттик органга шайлоону айтканда, «бизге кандай бийлик керек» деген суроону ар дайым өзүбүзгө беребиз.

Жооп албетте түшүнүктүү, биз коомдун кызыкчылыгын биринчи орунга койгон саясий лидерди каалайбыз. Биз жакыр, бөлүнгөн, туруксуз үчүнчү өлкө болгубуз келеби? Же гүлдөп-өнүккөн, жогорку өлкө болгубуз келеби? Мунун баары – биз кандай бийликти тандап алсак, ошого байланыштуу.

Азыркы Түштүк Корея, Сингапур, Индонезия жана башка Азия мамлекеттеринин жери биздин Кыргызстанга окшоп чакан. Бир нече жыл мурда булар кедей, кунарсыз, бийлиги коррупцияга белден баткан өлкөлөр болчу.

Бүгүн булар дүйнөдөгү эң алдыңкы, экономикасы күчтүү өлкөлөрдүн катарына кирди. Алар жаратылыш кендери, мунай, газ, алтыны жоктугуна карабай, экономикада ушундай секирик жасай алды.

Мисалы, Сингапурдун өнүккөнүнө көз чаптырып көрөлү, өткөн кылымдын 60-жылдарында бул кичинекей өлкөнүн башына Ли Куан Ю деген адам келген. Экономикалык жактан ал киши мамлекетке максимум инвестиция тартып келип, салык жана бажы төлөмдөрдү азайтып, экономика жактан мыйзамга боштондук берген (либерализация кылган). Бирок андан да кызыктуусу - анын коррупция менен күрөшкөнү. Ли Куан Ю өзүнүн айланасындагы жакын адамдары кыңыр ишке шектелип, кармалса, аларга карата абдан ырайымсыз мыйзамды талап кылган.

Сингапурдун башчысы тууганчылык, уруучулуктун ар бир белгисин кыя чапкан. Ал тургай, анын абдан жакын достору жана туугандары коррупцияга шектелсе, дароо түрмөгө камалган. Ошентип отуруп, бул өлкө коррупциянын тамырын кыркууга жетишкен. Ли Куан Ю өзү кээде, коррупцияны азиялык жашоо-турмуштун кубулушу катары баалаган болсо да, аны ырайымсыз жоюуга жол ачкан. Болбосо, эгемендүүлүк алган кезде, бул мамлекетти жемкорлук чырмап турган болчу. Азыр ал дүйнөдөгү коррупциясы эң төмөн үч өлкөнүн бири болуп калды.

Азыркы өнүккөн мамлекеттер кандай мүнөзгө ээ? Аларда өкмөт - элдин өкүлү болуп эсептелет, анткени ал жалпы коомдун жок дегенде кандайдыр бир катмарынын атынан иш кылган орган. Мындай өлкөдө эл жалпы коомдун кызыкчылыгын, калктын муктаждыгын жогору койгон лидерди, Президент болуп иштөөгө шайлайт. Өнүккөн өлкөлөрдө шайлоонун жыйынтыгы – бул элдин (электораттын) чыныгы ниетин, максатын чагылдырат. Шайлоо деген биздегидей, убактысы бүткөн бийликтин алдын ала ойлонуп чыккан оюнун чагылдырбайт, бул - калп эле демократиянын беткабын кийип, театрды ойноо эмес.

Бардык демократиялуу эмес өлкөлөрдүн башында, автократтар отурат. Бүгүн биз автократияны токтотушубуз керек. Биз коррупцияны токтотууга болгон күчүбүздү толук жумшоого тийишпиз. Эгер биз андай аракет кылбасак, анда өлкөнү мындан ары да уурдап-тоноп жок кылышат да, кийинки муундар жакырчылыкта ачка калат. Коррупция бүгүн бизди сүлүктөй соруп жатат, ошондуктан биз шайлоодо бизге коюлган капкандан суурулуп чыгууга милдеттүүбүз; ал капканды - өлкөнү уурдаганга көнүп алган, бийликти - жеке баюунун мүмкүнчүлүгү көргөн адамдар коюп келатышат.

Мен эмне үчүн бул шайлоого катышайын деп чечтим? Мен – андай деле ишенчээк адам эмесмин; мен акча менен тажрыйбанын аздыгы – саясатта олуттуу тоскоолдук экенин толук түшүнүп турам. Бирок мен элди ойготкум келет, аларды коррупция менен күрөштө калп эле кооз сөздөр менен эмес, чыныгы, реалдуу ураан менен, демократиялык баалуулуктарды орнотуу урааны менен чыккым келет.

Биз коррупция терең орноп калган өлкөдө жашагандан чарчадык; буга чейинки шайлап келген бийликтер жеке баюуну максат кылып келгенин түшүнүүгө мезгил жетти!

Менин тажрыйбам – билим берүү системасында жаңы нерселерди жаратуу боюнча болду. Мен өз жашоомдо, коррупцияга такыр аралашпаган эки университет түздүм: Борбор Азиядагы Америка университети жана Борбор Азиядагы эл аралык университет. Айрыкча Борбор Азиядагы Америка университети аз убакыт ичинде абдан көп адамдар окугусу келген, иштегиси келген мекемеге айланды. Экинчи балапаным – Борбор Азиядагы эл аралык университет, бүгүнкү күндө Токмок шаарынын эң биринчи маданий жана билим борбору болуп калды. Биз тутунган эң негизги принцип - бул академиялык чынчылдык жана демократиялык баалуулуктар.

Камила Шаршекеева, коомдук ишмер

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG