Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:06

Габей: Лафайетт тырышчаак жаштарга ачык


Лафайетт коллежинин имараттары
Лафайетт коллежинин имараттары

"Сорос-Кыргызстан" фонду жана Кыргыз лидерлер академиясынын көмөгү менен АКШнын Пенсильвания штатындагы алдыңкы окуу жайлардын бири, Лафайетт колледжинин студенттерди кабыл алуу бөлүмүнүн жетекчиси Южин Габей Бишкекке атайын иш сапар менен келип, орто мектептин элүү бүтүрүүчүсүнө өз колледжине тапшыруу процессин түшүндүргөн акысыз семинар өттү.

Южин Габейдин айтымында, таланттуу, англис тилин мыкты билген кыргызстандык жаштар үчүн Лафайетт колледжи акысыз билим алууга мүмкүнчүлүк түзүп жатат. Сынак тапшыруунун сырлары тууралуу ал "Азаттык" радиосуна маек берди.

Южин Габей: АКШда жалпысынан үч миңден ашуун университет жана колледж бар. Биздики ошолордун катарында. Нью-Йорктон анча алыс эмес, Пенсильвания штатындагы Лафайетт аттуу колледж. Окуу программабыздын басымдуу бөлүгүн инженерия жана экономикалык илимдер түзөт.

"Азаттык": Кыргыз абитуриенттерге кандай сунуштар менен келдиңиз?

Южин Габей: Бул жактагы кыргызстандык абитуриенттерге АКШдагы колледжге тапшыруу процесси тууралуу маалымат бергени келдим. Бул абдан татаал процесс. Ал тургай Америкадагы абитуриенттер да кыйналат. Ушундан улам бул жактагы жаштарга документтерди толтуруу, сынактарга даярдануу жаатында маалымат берип, үч күндүк семинар өттүк.

"Азаттык": Кандай шарттар менен кабыл алуу жүрөт? Кыргызстандык студенттер бул колледжге тапшыруу үчүн эмне кылышы керек?

Биздин талаптарга жооп берген абитуриент Лафайетт колледжине 280 миң доллар төлөп окугандын ордуна акысыз билим алып келет. Анткени биз дүйнөнүн булуң-бурчунан ушундай акысыз программа менен студенттерди алып жатабыз.

Южин Габей: Application же сурамжылоочу анкета колледжге тапшыруудагы эң негизги баскыч. Ушундан улам аны биз негизги кадам деп атайбыз. Документтердин башында абитуриенттен орто мектепте алган бааларынын транскрипциясын сурайбыз. Алардын мурда кандай окуганы биз үчүн маанилүү. Буга кошумча мектептеги класс жетекчисинен же мугалиминен бизге тапшырган бала жөнүндө мүнөздөмө талап кылабыз. Ошондой эле эл аралык стандарттагы SAT же билим деңгээлин текшерген тестирлөөдөн өтөт. Биздин колледжде эмнеге окугусу келгенин белгилеген эссе жазышы керек. Мен дал ушул эссе жазуу боюнча абитуриенттерге маалымат берип, жол көрсөткөнү Бишкекке келгем.

"Азаттык": Англис тилинин деңгээлин өлчөгөн TOEFL же дагы башка эл аралык стандарттагы тест тапшырышы керекпи?

Южин Габей: Албетте TOEFL жана IELTS биз талап кылган негизги тесттер. Чет элдик абитуриент ушул экөөнү тең тапшырып, баллы жогору болууга тийиш.

"Азаттык": Балким сиз байкасаңыз керек, АКШда окугусу келген абитуриенттерибиздин көбү алыскы айылдардан. Алардын жогоруда сиз айткан тесттерди тапшырууга же англис тилин тереңдетип окууга мүмкүнчүлүгү жок. Ушул сыяктуу жаштар силердин колледжге тил билбей эле тапшырып, кийин ал жактан үйрөнүп алса болобу?

Южин Габей: Жана айткандай, АКШда колледж жана окуу жайлар көп. Алардын ар биринин өзүнчө демографиялык саясаты бар. Биздин окуу жайга кире турган студенттер англис тилин абдан жакшы билиши керек. Себеби, алар дароо эле окуу процессине аралашып кетет. Бизде англис тилин өнүктүрүүгө жардам берүүчү кандайдыр бир көпүрө программалар каралган эмес. Балким башка окуу жайлар мындай нерсени практикалайт. Ушундан улам биз дүйнөдөгү англис тилинде суудай билген, эң мыкты, тырышчаак студенттерди алууга аракет кылабыз.

"Азаттык": Түшүнүктүү, силерде окуу бекер болбосо керек?

Южин Габей: Биздин окуу жайдагы жалпы билим берүүнүн акысы жеке эле окутуу эмес, анын ичине жатакана, тамак-ашы, китеп, окуу куралдарын кошкондо бакалавр даражасын алуу үчүн Кыргызстандан бара турган студент жылына 70 миң АКШ долларын төлөмөк. Ошондо төрт жылда жалпы сумма 280 миң доллардын айланасындагы акчага барабар болот. Бирок биздин окуу жай бул өлкөдөн билим алууну каалаган таланттуу, тырышчаак студенттер үчүн көмөкчү фонддорду таап, алардын жардамы менен акы төлөөнү жокко чыгардык. Башкача айтканда, биздин талаптарга жооп берген абитуриент Лафайетт колледжине 280 миң доллар төлөп окугандын ордуна акысыз билим алып келет. Анткени биз дүйнөнүн булуң-бурчунан ушундай акысыз программа менен студенттерди алып жатабыз.

"Азаттык": Инженериялык факультеттер үстөмдүк кылат дебедиңизби, андан башка кандай тармактарыңар бар?

Инженерияны окугусу келген, бирок ага тапшыра албай жаткан жаштар үчүн Лафайетт мыкты чечим. Так илимдер менен катарлаш студенттерибиз глобалдык жашоого интеграция болуу үчүн лидерликти да үйрөнөт.

Южин Габей: Лафайетт колледжи илимдин 50 тармагы боюнча билим берет. Гуманитардык, так илимдер, дизайнерлик айтор бардык тармакта билим алууга болот. Бирок эң башкы приоритет катары инженерияны алдыңкы планга чыгарганбыз. Биздики ошонусу менен өзгөчө десем жаңылышпайм.

АКШда эки жүздөн ашуун либералдык колледж бар. Алардын бирөөндө да инженериялык кафедра жок. Биздин инженерия тармагындагы окуу стандарттарыбыз дүйнөлүк жогорку стандартка шайкеш келет. Инженерияны химиялык, компьютердик, механикалык, экологиялык, жана деп бөлүп окутабыз. Ушундан улам инженерияны окугусу келген, бирок ага тапшыра албай жаткан жаштар үчүн Лафайетт мыкты чечим. Так илимдер менен катарлаш студенттерибиз глобалдык жашоого интеграция болуу үчүн лидерликти да үйрөнөт. Мамлекеттик башкаруу, юриспруденция, чет тилдер айтор бардык тармакта билим алса болот. Бизге келген жаштар кийин окууну бүткөндө эмне кылам, кайда барам деп сыртта калбашы үчүн шыктандыруучу программалар да каралган. Биз жаштарды илимий даражага эмес, заманбап жашоодо өз ордун татыктуу табууга даярдайбыз.

"Азаттык": Кандайдыр бир ден соолук же жаш курагы боюнча чектөөлөр барбы?

Южин Габей: Биздин башкы талап - абдан таланттуу, акылдуу студент болсун. Окуу жайыбыз мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерди да кабыл алат. Бирок алар академиялык билим алууга умтулган, билим деңгээли мыкты болушу абзел.

"Азаттык": Силердин колледжге тапшыра албай калган жаштар кандай катачылыктарды кетирет? Ошолорду кайталабоо үчүн эмне кеңеш бере аласыз?

Южин Габей: Эң башкысы толук кандуу маалымат алуу. АКШда Гарвард жана Стенфорддон башка да мыкты окуу жайлар толтура. Байкашымча, чет жактагы абитуриенттер дароо эле Гарвард, Стенфорд же Йелге тапшырып, өтө албай кыйнала беришет. Анткени аларга өтүү абдан кыйын. Мыктынын мыктысы да кулап калышы ыктымал.

Кыргызстандык абитуриенттин алгачкы катасы - бул тандоо көп экенин билбей калганы. Адеп кеңири маалымат алып, мүмкүнчүлүктөрдүн баарын карап чыгууну сунуштайт элем. Экинчи чоң ката - кабыл алуу анкетасын толтуруу процессин туура түшүнбөй калышат. Бул жактагы билим берүү системасы биздеги окуу жайларга тапшыруудагы маанилүү кадам болгон анкета толтуруу тууралуу таптакыр эч нерсе үйрөтпөйт. Башкача ойлонуп, чыгармачылык менен мамиле кылуучу баскыч, Мектептен алган баасы менен TOEFL жыйынтыгы өтө маанилүү. Сын-пикирин ачык айта алган, чоң тоскоолдуктарга мокобогон жаштарды издейбиз.

P.S. Лафайетт колледжи АКШнын Пенсильвания штатында 1826-жылы негизделген. Илимдин 37 тармагында төрт жылдык жогорку билим берет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG