Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:00

“Манас": ректор бизден, акча сизден...


“Манас” университети
“Манас” университети

Жогорку Кеңеште Кыргыз-түрк “Манас” университетинин ректорлугу тууралуу маселе кайрадан көтөрүлдү.

Парламенттин Бюджет жана каржы комитети 5-сентябрдагы жыйынында окуу жайдын уставы боюнча меморандумду карады. Анда өкмөткө кыргыз тараптан ректор дайындоо тууралуу сунуш даярдоо тапшырмасы берилди.

Аталган университетти соңку беш жылдан бери түрк жараны башкарып келет жана ректорлукка байланышкан маселе 2011-жылда да чоң талкуу жараткан эле.

Бишкектеги Кыргыз-түрк “Манас” университети боюнча өкмөттөр аралык келишим 2011-жылы Алмазбек Атамбаев премьер-министр болуп турганда жаңыртылган эле. Ага ылайык, окуу жайдын уставы тууралуу меморандум ошол жылы эле Жогорку Кеңештин кароосунан өтүп, макулдук алынышы керек болчу.

Парламенттин Бюджет жана каржы комитети 5-сентябрда ректорлукка байланышкан маселелерден улам бул меморандумду ратификациялоону кийинкиге жылдырып койду.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Сайдулла Нышановдун “Азаттыкка” билдиришинче, анда өкмөткө кыргыз тараптан ректор дайындоо маселеси боюнча сунуш даярдоо тапшырмасы берилди:

- Окуу жай Кыргызстанда болгондон кийин жетекчиси кыргыз тараптан болушу керек. Ушунчалык эле меймандос болуп, түрктөр менен жакын экенибизди билгизели десек, анда башкаруу кезек менен болушу керек. Алардын жараны башкаргандан кийин биздики да башкарып дегендей. Биз ректор ар дайым алардан болушуна шарт түзбөшүбүз керек. Алар канчалык каражат берген күндө да бул туура эмес. Биз бул акча берип жатат, тигил каражат бөлүп жатат деп жетеленбей өз позициябызды көрсөтүшүбүз зарыл.

Парламентте университеттин жерине байланыштуу да доомат айтылды. Окуу жайга кыргыз өкмөтү 80ден ашуун гектар жер берген. Депутат Сайдулла Нышанов шаардын жакшы бөлүгүнөн алынган эбегейсиз жерге негизинен бир кабаттуу гана имараттар курулуп жатканын сынга алды:

- Бул ошол жерлердин баарын ээлеп коёлу деген саясат гана болуп жатат. Азыр шаардын борборундагы жердин бир сотыхы 100 миң долларга чейин жетип жатат. Биз аларга шаардын эң жакшы, абасы таза жеринен бергенбиз. Жол каттамы жакшы. Ошол жердин бир сотыхы жүз миң болбосо да 50-60 миң доллар болсо керек. Ошондуктан бул өтө чоң сумма. Булар болсо ошол жердин баарын ээлеп калуу үчүн бир кабаттуу имараттар менен чегинин баарын айланта куруп алды.

Ушул тушта Кыргызстандын Билим берүү министрлиги “Манас” университетинин ректорлугу боюнча сунуш даярдап жатат. Бул тууралуу министрликтин статс-катчысы Калыс Шадыканов маалымдады:

- Буга чейин эгер ректор түрк тараптан болсо, ревизиялык комиссия биз тараптан болушу керек дегендей сунуштар болгон. Ректор 2011-жылга чейин бизден эле дайындалып келген. Ошондо түрктөр эч кандай маселе көтөргөн эмес. Кийинки келишим боюнча ушундай болуп калды. Биз эми ар бир беш жылда кезектешип башкарууга макулбуз. Биз өкмөткө сунуштарды берип кайра карап чыгабыз жана бул сунуштарыбызды түрк өкмөтүнө жөнөтөбүз.

“Манас” университетинин жетекчилиги Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн маселе боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Ректорлук маселесин Жогорку Кеңеш 2011-жылы да талкуулаган. Ошол кезге чейин университеттин Кыргызстан тараптан шайланып келген башчысынын ордуна түрк жаранынын дайындалышынын мыйзамдуулугун тактоо өкмөткө тапшырылган.

Азыркы ректор Себахаттин Балжы мындан беш жыл мурун жаңы дайындалганда “Азаттыкка” комментарий берип жатып мындай кадрдык орун алмашуу университеттин ички чарбалык иши деп түшүндүрмө берген. Муну саясатташтыруу, чоң сөз кылуу эки боордош өлкөнүн ымаласына доо кетирерин кыйыткан.

Анткен менен мурунку билим берүү министри Досбол Нур уулунун пикиринде, каржылык көзөмөл толугу менен түрк тарапта болгондон кийин ректор кыргыз тараптан дайындалышы керек.

- Негизи “жаманды коногу бийлейт” деген болбошу керек. Ректор кыргыз тараптан дайындалганы туура. Окуу жай тууралуу келишимде башында каражатты теңме-тең чыгарылат деп жазылган. Бирок бизде каражат тартыш болгондуктан акчанын баарын Түркия берип жатат. Каржылык маселелерди камкордук кеңеши чечет. Камкордук кеңештин төрагасы Түркиянын каржы министри болот. Ал кеңешке Кыргызстандын өкмөт башчысы, тиешелүү министр кирет. Каржы маселеси алардын колунда болгондон кийин ректордун бизден дайындалганы оң болот.

Кыргыз-түрк "Манас" университети 1995-жылы ачылган. Окуу жайды толугу менен түрк өкмөтү каржылайт. Учурда беш миңге чукул улан-кыз бекер билим алат жана алардын дээрлик басымдуу бөлүгү Кыргызстандын жарандары.

XS
SM
MD
LG