Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:02

TOEFL-IELTS: максатка жетүүгө көпүрө


Англисче билесизби?
Англисче билесизби?

Чет элдеги дээрлик бардык окуу жайларга ийгиликтүү өтүүнүн эң биринчи ачкычы англис тилин мыкты деңгээлде билүү эмеспи. Аны билгенди ырастаган сертификаттарды дээрлик бардык окуу жайлар жана өлкөлөр талап кылат. TOEFL менен IELTSтин айырмасы кандай?

Англис тилин билүү даражасын ченеген​ TOEFL тестинин (Test of English as a Foreign Language) жана эл аралык англис тилин баалоо системасынын IELTS (International English Language Testing System) сынагы бири-биринен кескин айырмаланат.

Эки сынакта мазмун жагынан окшоштук болгону менен орфографиялык жактан айырмачылык көп. TOEFL англис тилинин АКШ, ал эми IELTS британ вариантына багытталган. Эки тест тең төрт бөлүктөн турат: окуп түшүнүү, угуу, сүйлөө жана жазуу.

TOEFL адатта академиялык сынак болуп эсептелет. Аны ийгиликтүү тапшыргандарга чет жактагы окуу жайларга эшик ачык. IELTS ичинен негизги жана академиялык деп экиге бөлүнөт. Негизги тестти Британия, Канада, Австралия, Жаңы Зеландия өлкөлөрүнө барууну каалаган эммигранттар, академиялыкты болсо окуу жайлардан билим алуу үчүн тапшырышат. TOEFL сынагынын эң жогорку баллы 120, IELTSтики 9 деп белгиленген.

Эки тестке кантип даярдык көрсө болот?

Борбор Азиядагы Америка университетинин кошумча билим берүү борборунун TOEFL сынагына даярдаган окутуучусу Асем Жунусова мындай дейт:

- Биринчиден, анын түзүлүшүн карап чыгып, дыкаттык менен даярдануу зарыл. Сынак негизи төрт саатка созулат. Күнүнө жок дегенде беш саат убакытты сынакка даярданууга бөлүп койсо жакшы. Эч качан өзүңдү аябашың керек. Окуп түшүнүү, угуу, жазуу, сүйлөшүү деген бөлүмдөргө өз-өзүнчө даярданса жакшы. IBT же IELTS сынактарында тил билүү деңгээли абдан жогору болушу керек. Академиялык сынакка тийиштүү гана тексттерди эмес, көркөм адабий китептерди, New York Times, Би-Би-Сидеги кыска жана кызыктуу макалаларды окуса болот.

Бул эки сынакты жылына дүйнөдө бир нече миллион киши тапшырат. Маселен, 2012-жылы эле IELTS сынагына 2 миллион киши катышкан. Бул тест кагаз түрүндө атайын тил борборлорунда алынат. IELTSтин жыйынтыгын Британиянын билим берүү кеңеши, Кэмбридж университетинин англис тили бөлүмү ошондой эле Австралиядагы IELTS кызматы текшерет.

Ал эми TOEFL тести алгач 1964-жылы Америка Кошмо Штаттарындагы Стэнфорд университетинде иштелип чыккан. 1973-жылдан бери эл аралык деңгээлге чыгып, кийин интернеттин өнүгүүсү менен IBT же интернет аркылуу тапшырган түрү азыр кеңири кулач жайды.

Кыргызстандагы сынак алуучу жайлар тууралуу окутуучу Асем Жунусованын маалыматында, бизде азыр расмий TOEFL IBT сынагын тапшыруучу расмий үч борбор бар. Биринчиси - Бизнес академиясында, экинчиси - Улуттук илимдер академиясында, үчүнчүсү - Бишкектеги англис тилин окутуучу London School мектебинде.

Тандап алган өлкө жана окуу жайга карата кайсы сынакты тапшырууну албетте алгач ошол окуу жайдын интернет сайтынан тапса болот. Ал эми бул эки сынакка даярдануу жаатында азыр баш калаа Бишкекте абдан көп курстар жана ааламтордо миңдеген көмөкчү сайттар бар. TOEFL тестинин быйылкы баасы 180 доллар. Ал эми IELTS сынагын баш кеңсеси Алматы шаарында жайгашкан Interpress эл аралык компаниясы Бишкекте уюштуруп жатат. Анын баасы болжол менен 11-12 миң сомдун тегерегинде.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG