Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:02

Каледонияны бүткөндөр ишсиз калбайт


Глазго
Глазго

Шотландиянын Каледония университетинин өкүлдөрү Бишкекке келип, абитуриенттер жана каалоочулар үчүн таанышуу семинарын өтүштү.

Глазго Британиядагы эң арзан шаарлардын бири. Бул шаарда билим алуу менен бирге иштегенге да чоң мүмкүнчүлүктөр бар.

Быйыл Шотландиянын Глазго Каледония университетинде чет элдик студенттер үчүн атайын гранттык программалар ачылды. Бул стипендиялар жана аталган университетке тапшыруунун жол-жобосун Глазгодон Бишкекке келген Каледония университетинин окутуучусу кыргызстандык жаштарга айтып берди.

Жолугушууга келген студенттердин бири Нургүл максаты тууралуу ой бөлүштү:

- Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында экинчи курста, мамлекеттик башкаруу факультетинде окуйм. Башка өлкөдө да окуп көрсөм деген чоң максатым бар. Мага азыркы Шотландиядагы мүмкүнчүлүк жакты. Эгер өтүп калсам башкаруу, бизнес тармагында билим алып, англис тилди да терең үйрөнүп келмекмин.

Каледония университети Глазгонун чок ортосунда орун алган. Анда дүйнөнүн жүздөн ашык өлкөсүнүн студенттери билим инженерия, курулуш, бизнести башкаруу, медиа тармактарында билим алышат. Бул тармактардын баары академиялык жогорку мектептер деп аталат. Бүтүрүүчүлөрдүн иш орду менен камсыз болуусу 2015-жылдагы эсеп менен 95 пайыз болгон. Мунун себебин аталган окуу жайдын англис тили боюнча координатору Мелани Грей мындайча түшүндүрдү:

- Биздин окуу жайда эң акыркы технологиялык жана изилдөө иштери жүрүп турат. Бакалавр, магистратура жана илимий изилдөөчү программаларыбыздын окутуучулары жана факультеттер British Petroleum сыяктуу ири компаниялар, өндүрүш, соода жана саламаттык тармагындагы чоң ишканалар менен тыгыз иш алып барып, аларга керек болгон адистерди даярдап чыгууну көздөшөт. Андыктан сабактар заманбап талаптарга жараша улам жаңырып турат.

Бул окуу жайга тапшыруунун эки жолу бар. Биринчиси - сынактардан жогорку деңгээлдеги баа алып, университеттин акысыз же келишимдик төлөмдү жарым-жартылай төлөө укугуна ээ болуу. Бул үчүн англис тилин жогорку деңгээлде билгенин тастыктаган ILTES сынагынан алган баллы мыкты болууга тийиш. Ошондой эле орто мектепти бүткөнү тууралуу билимин ырастаган документтеги баалар да жакшы болуусу маанилүү.

Бул багытта Борбор Азиядагы балдарды АКШ менен Британиянын жогорку окуу жайларына өтүүсүнө көмөк көрсөтүп жүргөн Into University Partnership эл аралык уюмунун өкүлү Надин Берзлер мындай кеңештерин айтты:

- Алгачкы кадамдарды эле айтып берейин. АКШ же Британиядан бакалавр, магистратура же балким дагы башка багытта билим алгысы келген чет элдик абитуриент орто мектепти абдан жакшы деңгээлде бүтүрүшү керек. Мектептен алган баалары абдан маанилүү. Алар англис тилин билгенин тастыктаган документке ээ болушу керек. Бул эми университет үчүн эле эмес. Маселен Британ бийлиги виза берип жатканда талапкердин англис тилин билүү деңгээлине да карайт. ILTES сынагынан жок дегенде 5,5 балл болсо жакшы. Ал эми АКШ окуу жайлары TOEFL сынагынын жыйынтыгын сурашат. Магистратура, илим изилдөөнү каалагандар бул сынактардын жогорку деңгээлдеги академиялык түрүн тапшырышы керек.

Глазгодогу Каледония университетинин Бангладеш, Нью-Йорк жана Лондондо да өкүлчүлүктөрү бар. Окутуучу Мелани Грей кимде ким окуусун Лондондо улантууну кааласа, оңой эле которула аларын эскертет. Ал эми стипендиясы жок, келишимдик төлөмдү берип окууну каалагандар үчүн бир жылдык билим акысы 11 миң фунт стерлингден өйдө. Бирок сынактардан ийгиликтүү өткөн студенттерге 40 же 100 пайыздык жеңилдетүүлөр да каралган. Кошумча маалыматты www. gcu.ac.uk веб сайтынан англис тилинде таап окуй аласыз.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG