Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:24

Кыргызстанда IT технология базары өнүгүү жолунда. 2016-жылы бул тармакта түшкөн жалпы киреше 241 млн сомго жеткен.

Өлкөдө IT технология жаатында эмгектенген отузга жакын компания бар, аларга 70% буйрутма башка мамлекеттерден түшөт. Эксперттер мындай кирешелүү тармактын негизги көйгөйү - адистерди даярдоо экенин белгилешет.

Технология өнүккөнү смартфон, планшет, чакан компьютерлер жашообуздун бир бөлүгүнө айланды. Смартфондогу тиркемелер, компьютердеги ар кандай программалар ыкчам өзгөрүп, жаңыланууда.

Дүйнөлүк эксперттер кийинки жылдары мындай программаларды ойлоп таап, иштеп чыккан IT адистиги чоң суроо-талапты жараткан кесипке айланарын айтып келишет. Бул кесипте аймактык жана аралык чек жок. Мейли Алай же Ат-Башыда жаша, тийиштүү шартың, мыкты адис болсоң Америкадан да буйрутма алып иштей берсең болот.

- Уюлдук телефондорго, смартфондорго тиркемелерди жасайбыз. Веб сайттарды түзүп чыгып, ага дизайн ар кандай интерфейстерди ойлоп табабыз,- дейт Адилет Абылов.

Казакстан интернет соодасынан салык алат

Казакстанда дал ушундай жол менен соода кылган ишкерлер каттоого туруп, мамлекетке салык төлөөгө милдеттендирилди.

Адилет Абылов Кыргызстандын IT тармагында Spalmalo деп аталган ийгиликтүү компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири. Ал жогорку окуу жайды ушул тармакта окуп, бул кесиптин келечеги бар экенин 10 жыл мурда эле сезген.

- Мен 2006-жылы университетти аяктадым. Анан IT тармагында фрилансер болуп иштей баштадым. Жакшы эле каражат тапчумун. Кийин көмүскөдө иштебей, мыйзамдуу түрдө компания ачып иштей баштадык.

Ишкер Абылов Кыргызстанда IT тармагы өнүгүүгө өр алды дейт. Беш жылдан бери анын компаниясы ондогон долбоорлорду ишке ашырып, бул чөйрөдө абройлуу ишканага айланды. Spalmalo көбүнчө Орусия, Казакстан, АКШ жана Европа өлкөлөрүндөгү компаниялар менен иштейт.

- Менин оюмча, бул тармак 2000-жылдардан тарта өнүгө баштады. Мен университетте окуп жүргөндө эле Америка, Европа өлкөлөрү менен иштеген программисттер бар болчу. Азыр бизде да өнүгүп келе жатат. Маселен, Америкада же Европада программисттердин кызматы кымбатыраак. Бул жумушта сенин кайсы жерде отурганың маанилүү эмес. Интернет аркылуу дүйнөнүн булуң-бурчу менен иштеше бересиң.

IT кирешелүү тармак

Кыргызстанда 2000-жылдан тарта программа иштеп чыгуучулардын ити чөп жей баштаган. Бирок, ал жылдары ар ким өз алдынча иштеп, тийиштүү документтери бар компаниялар жокко эсе болчу. Андан бери бир канча жеке фирмалар ачылды. 2012-жылдары мындай ишканалардын башын бириктирген Жогорку технологиялар паркы түзүлгөн. Анда 27 компания катталган.

- Жылдан-жылга компаниялардын саны көбөйүүдө. Көмүскөдө иштеп жаткандар ачыкка чыга баштады. Бул жакшы көрүнүш жана компаниялардын мүмкүнчүлүгү кеңейүүдө, - деди Жогорку технологиялар паркынын жетекчиси Виктор Альбрехт.

Жогорку технологиялар паркы, жалпак тил менен айтканда, интернет аркылуу компаниялардын башын бириктирген виртуалдуу мекеме десек болот. Өкмөт тарабынан бул паркта катталган компанияларга салыктан жеңилдиктер каралган.

Кыргызстандык IT компаниялардын көпчүлүгү компьютерге, уюлдук телефонго ар кандай программаларды түзүү менен алектенет. Алардын 2016-жылдагы кирешеси 241 млн сомго жетти. Атамекендик программисттер бул жылы ички базардан 50 млн сом тапса, кирешенин 190 млн сомдон ашыгы чет өлкөдөн келген. Эң көп буйрутма кылуучу өлкөлөр Казакстан 39%, АКШ 31% жана Жапония 8,02%. Кыргыз компанияларынын программа иштеп чыгуу акысы башка өлкөлөргө салыштырмалуу кыйла арзан. Анткен менен сапат жагынан башкалардан ашса ашат, бирок кем калбайт.

- Көпчүлүгү интернет, мобилдик телефондорго тиркемелерди иштеп чыгууда. Андан сырткары банк системасындагы терминал кассаларынын программалары менен иштешет. Анан эл аралык кичи долбоорлор болуп турат, - дейт Альбрехт.

Кандайдыр бир программа же тиркеме түзүп чыгуу акысы анын татаалдыгына жараша 1000 доллардан 100 миң долларга чейин болот. Ар кандай компаниялардын мобилдик тиркемелери иштелип чыгып, ал дайыма жаңыланып, жаңы функциялар кошулуп, дизайны өзгөрүп турат эмеспи. Демек, ал тиркеме кардарларга дайыма ыңгайлуу болуу үчүн компаниялар IT адистердин кызматынан пайдаланышат.

IT тармагындагы көйгөйлөр

Кыргызстанда IT тармагында адистердин жетишсиздиги негизги маселе болууда. Ар бир компания жумушчулардын саны көбөйтүү үчүн өзү адис даярдап, окутууга туура келет. Жогорку технологиялар паркынын жетекчиси Виктор Альбрехт:

- Азыр бизде программисттер жетишпей жатат. Компаниялар жакшы адистер менен камсыз болуп туруу үчүн өздөрү окутуп даярдоо менен дагы алектенишет.

Маселен, Европанын кайсы бир компаниясына программа түзүүчү керек болсо, ал арзанын издейт. Мыкты адис болсоң Кыргызстанда туруп ал компанияга иштей бересиң. Алардын акчасы биздеги айлыктан бир топ жогору. Бул тармакты өнүктүрсөк жакшы болмок.
Исабек Ташиев

Исабек Ташиев учурда Түркиядагы жогорку окуу жайлардын биринде окуйт. Сабактан сырткары уюлдук тиркеме, компьютердик программаларды түзүп иштейт. Исабектин ырасташынча, дүйнө жүзүндө популярдуу жана кирешелүү кесипке Кыргызстанда анча көңүл бурулбай келет. Айрым өлкөдө IT тармагы казынага ири суммадагы каражат алып келет.

- Менин пикиримде, Кыргызстан Кытай сыяктуу ири өлкөлөрдүн жанында ишкердик кылып же завод-фабрика куруп аларга атаандаш боло албайт. Анын үстүнө бизде калктын саны чектелүү. Ал эми IT тармагында чек ара тоскоолдук кыла албайт. Маселен, Европанын кайсы бир компаниясына программа түзүүчү керек болсо, ал арзанын издейт. Мыкты адис болсоң Кыргызстанда туруп ал компанияга иштей бересиң. Алардын акчасы биздеги айлыктан бир топ жогору. Бул тармакты өнүктүрсөк жакшы болмок.

Исабек Ташиев кыргыз жаштары кесип тандоодо жаңылууда дейт. Буга маалыматтын жетишсиздиги себеп болууда. Мындан улам жаштарга акыркы технологиялар жаатында билим алуу кол жеткис кесиптей сезилет.

- Бул тармактын дагы бир артыкчылыгы азыр бардык жерде орун алган паракорчулук жок. Тааныш-билиш аркылуу жумушка кирет деген жок. Колуңан эч нерсе келбесе бат эле иштен айдаласың. Ачык-айкын атаандаштык орун алган.

Азырынча Кыргызстанда бул тармак өз киндигин өзү кесүүдө десек жарашат. Кадрларды даярдоодо программаларды иштеп чыгуу жана кызмат көрсөтүү ассоциациясы эл аралык уюмдар менен биргеликте аракет кылып жатышат. Бир жыл мурун ачылган IT академия долбоору программист болууну каалаган жаштарды окутууда.

- Бул академияны ачканыбызга бир жыл болду. Каалоочулар абдан көп. Эми бул кесип дүйнө жүзүндө суроо-талапка ээ эмеспи. Азыр кадрларды даярдоого ушундай аракеттер бар. Эми келечекте аймактарга ачсакпы деген пландарды ойлонуп жатабыз. Биздин план боюнча 2030-жылга чейин 50 миң адис даярдоо максатыбыз бар, - деди Программаларды иштеп чыгуу жана кызмат көрсөтүү ассоциациясынын жетекчиси Азис Абакиров.

Чынында аймактардагы жаштарды бул кесипке үйрөтүүдө чоң көйгөйлөр жаралууда. Интернет ылдамдыгы, акыркы технологияны үйрөтүүчү мугалимдердин тартышыгы сыяктуу маселелер чечиле элек. IT адис Ширин Муканбетованын пикиринде, мамлекет бул тармакка жардам бериши керек.

- Бизге өкмөт жакшы көңүл бурбай жатат. Жеңил өнөр жай сыяктуу тармактарга гана басым жасап жаткандай. Коомдо дагы акыркы технология боюнча түшүнүк азыраак. Бул жаатта өкмөт кандайдыр бир кыска же узак мөөнөттөгү программа кабыл алып, иштесе жакшы болмок эле.

Жаш программист Исабек Ташиев дагы жогорудагы сунушка үндөш пикирин ортого салды.

- Бул адистикке мектеп жашынан үйрөтүү керек. Азыр биздеги мектеп программасындагы информатика сабагы стандарттарга толук жооп бербейт. Мектепте бул жаатта адистер жок. Бишкек шаарында жеке курстар ачылууда. Бирок ага карапайым үй-бүлөнүн балдары бара албай жатат.

Учурда IT академиясынын окутуу акысы жылына 900 АКШ долларын түзөт. Бирок, курсту ийгиликтүү аяктагандар жумуш менен дароо камсыз болот. Программист болууну каалагандар англис тилин жана математика, физиканы мыкты окуусу керек. Бул тармакта креативдүү ой жүгүртө алган таланттуу жаштарга акча өзү келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-жылдан тарта "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG