Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:01

"Ак шумкар" Сариевди президенттикке аттандырды


Темир Сариев
Темир Сариев

15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого талапкерлерин сүрөгөн саясий партиялардын ичинен "Ак шумкар" партиясы курултайын биринчилерден болуп өткөрүп, өз лидери Темир Сариевди президенттик жарышка расмий аттандырды.

Партиянын курултайына делегаттардан тышкары саясий үчилтик атыккан саясатчылардан Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, убактылуу өкмөт кезиндеги үзөңгүлөшү Азимбек Бекназаров өңдүү саясатчылар катышты. Ошол эле учурда Темир Сариев шайлоодо кайсы күчтөр менен бирге болору тууралуу ачык айтылган жок.

"Улуу кыргыз кыялы"

Улуттук филармонияда уюшулган партиянын жетинчи съездине чогулган төрт жүздөн ашык делегат партия лидерин бир добуштан колдоп беришти.

Сариев президенттик жарыш учурунда өз платформасы менен кенен тааныштырарын айтып, ага чейин үч пункттан турган болжолдуу программасын сунуштады. Алар: "өлкөдө темирдей тартип, мыйзамдын диктатурасын орнотуу, укук коргоо органдарын реформалоо, калктын биримдигин сактоо".

Мындан сырткары Темир Сариев “Америка кыялы” деген сыяктуу эле “Кыргыз кыялы” деген идеяны көтөрүп, Кыргызстан ошого жетүүгө аракет кылышы керек деди:

- Биз бүгүн “Улуу кыргыз кыялын” жаратышыбыз керек. Анда элибиздин эңсөөсү менен көксөөсү камтылган, ынтымак менен ырашкерликке ширелген калктын кыялы болуш керек. Албетте, “Улуу кыргыз кыялы” дегенди жамбаштап жатып алуу деп түшүнбөйлү. Жааны алыска мээлесек, жебенин күүсү алыска барат. “Улуу кыргыз кыялына” жетүү бул реалдуу мүмкүнчүлүк.

Сариев ошондой эле өзү премьер-министр учурунда Кыргызстан кошулган Евразия экономикалык биримдигиндеги өлкөлөр менен мамилени жакшыртып, экономика, чек ара багыттарындагы мамилелерди жакшыртам деп убада кылды.

"Ак шумкар" Сариевди шайлоого аттандырды
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:28 0:00

Бирок ошол эле кезде анын программасындагы убадалар айта жүргөн эле сөздөр экенин белгилеп, башкы маселе аны аткарууда экенин кыйыткандар да болду. Убактылуу өкмөт учурунда Сариевдин үзөңгүлөшү Азимбек Бекназаров буларды айтты:

- Сариевдин программасы негизинен жакшы жазылган. Бирок орусча жазылып, кийин кайра кыргызча даярдалганы көрүнүп турат. Анткени “Кыргыз кыялы” дебейт да, кыял деген сөз мүнөздү түшүндүрөт. “Кыргыз үмүтү” десе жакшы болмок. Анан мурдагы талапкерлер айтып жүргөн, тартип, экономика, тышкы саясат, ШКУ, “ЕАЭБ менен бирге бололу” деген идеяларды айтып жатат. Менимче өзү премьер-министр болуп турган учурда аткарган иштерин улантам дегендей ой калтырды. Мындан сырткары өзү чыгып сүйлөгөндө Темир Сариев “президент шайлоону таза өткөрөт деп ишенем” деди. Бул “мага тийишпесеңиз” дегендей таш ыргытканы болду окшойт. Бирок азыркы президент КСДПдан гана президент алып келүүгө аракет кылат. Ошон үчүн Сариев бийликчил талапкерден 2-3 эсе артык күч жумшаса гана жеңишке жетет.

“Ак шумкар” партиясынын жыйынына партия мүчөлөрүнөн сырткары конок катары бир катар саясатчылар, коомдук ишмерлер да чакырылган. Алардын арасында Турсунбек Чыңгышев, Накен Касиев, Курманбек Осмонов, Камила Талиева, Алмамбет Шыкмаматов жана өздөрү да президенттикке талапкер болуп калышы күтүлүп жаткан Акматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиев да бар. Акыркы экөө атайын сөз алып, Сариевдин талапкер катары сунушталышы менен куттуктаганга да үлгүрүштү.

“Ак шумкар” партиясынын жыйынында Сариев башка талапкерлер же саясий күчтөр менен биригеби же жокпу айтылган жок. Бирок аны айрым аймактарда добуш ала албай калышы мүмкүндүгүн айтып, күркүл саясатчылар менен кошулуу керек дегендер көп.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Надира Нарматова буларга токтолду:

- Темир Аргембаевич деле жөн эле чыга калган адам эмес. Бул киши премьерликке чейин жеткен, өзүнүн орду бар, таасири, электораты бар киши. Бирок бүгүнкү абалда ал сөзсүз түрдө башка саясатчылар менен биригиши зарыл. Анча-мынча пикирлеш, ойлору бир жерден чыккан адамдар менен бириксе ашыкча болбойт. Бирок биригүүнү да адамдар олуттуу кабылдашы керек да. Алар бириксе, жеке кызыкчылыктар үчүн эмес, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн бир жээкке чогулушу керек. Анткени административдик ресурс, ар кандай жаман иштерге каршы турууда бир эле “Ак шумкар” партиясынын алы жетпейт. Алар башка өнөктөштөр менен чогуу күрөшүүсү керек.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлерден документтерди 15-июндан тарта кабыл ала баштады.

Азырынча президенттик шайлоого катышууну көздөгөн эки адам: "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана "Лига-антикризис" борборунун төрагасы Назарбек Нышанов өзүн-өзү көрсөтөрү тууралуу Боршайкомго арыз-документтерин тапшырышты.

Үгүт иштери 10-сентябрда башталып, 14-октябрда аяктоого тийиш. Ал эми шайлоонун жыйынтыгы 4-ноябрга чейин жарыяланышы керек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG