Линктер

шейшемби, 17-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:09

Узап бара жаткан жумада Кыргызстанда президенттик шайлоо өнөктүгү расмий башталды.

Ошол эле кезде өлкөдө оппозициячыл саясатчылардын үстүнөн сот жараяндары уланууда. АКШда президент Дональд Трампка карата ФБРдин мурдагы башчысы Жеймс Коминин көрсөтмөлөрү боюнча Сенат териштирүүнү баштады. Орусиянын бир нече шаарында оппозициянын нааразылык акциялары өтүп, демонстранттар кармалды.

Шайлоо шааниси башталды...

14-июнда Жогорку Кеңеш президенттик шайлоону 15-октябрга дайындоо боюнча токтом кабыл алды. Токтомдун негизинде шайлоону өткөрүүгө даярдык көрүүгө Борбордук шайлоо комиссиясы менен өкмөткө тапшырма берилди.

Мындай жол менен өлкөдө президенттик шайлоо өнөктүгү расмий башталды. Парламент токтомунун негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы календарлык планды бекитти. Ага ылайык, 15-июндан тарта президенттикке ат салышууну каалаган жеке адамдар жана саясий партиялар талапкерлерди көрсөтө башташты.

Бул жараян 1-августка чейин жүрөрүн БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди:

- Шайлоо дайындалгандан тарта талапкерлерди көрсөтүү мезгили башталды. Ал шайлоо өтчү күнгө 75 күн калганга чейин созулат. Ал эки жол менен ишке ашат. Жеке жарандар өздөрүн, саясий партиялар талапкерин көрсөтсө болот. Добуш берүү күнүнө 50 күн калганга чейин шайлоого катышам деген бардык талапкерлер өздөрүн колдоо боюнча 30 миңден ашык адамдын колу коюлган тизмени БШКга тапшырышы керек.

Евробиримдик Атамбаевдин "мураскерин" сурады

Президент Алмазбек Атамбаевдин Евробиримдиктин лидерлери менен Брюсселдеги жолугушуусунда Кыргызстандагы быйылкы президенттик шайлоо маселеси көтөрүлдү.

Ушул эле мезгилде президенттикке ат салышууну каалагандар шайлоо күрөөсүн төлөп, мамлекеттик тилди билерин далилдеген сынакты тапшырышы керек. Ал эми БШК президенттикке талапкерлерди 1-сентябрдан тартып каттай баштап, 10-сентябрда талапкерлердин так тизмеси бекитилет.

Ушул күндөн тарта үгүт өнөктүгү башталып, 14-октябрда аяктоого тийиш. Ал эми шайлоонун жыйынтыгы 4-ноябрдан кеч эмес мөөнөттө жарыяланышы керек.

Президенттик шайлоо өнөктүгүнүн расмий башталышы Кыргызстандагы саясий окуяларды дагы кызытты. Алгач болуп, президенттикке ат салышам деген талапкерлердин ачыкка чыгышына шарт түздү. Азыркы учурга чейин өлкө башчылык үчүн ат салышат деген негизги саясий күчтөрдүн талапкерлери аныкталып калган.

Алсак, бийликтеги Социал-демократтар партиясы учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбековду, "Ак шумкар" саясий партиясынын төрагасы Темир Сариевди, "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаевди, "Республика" партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабановду чыгарарын жарыялаган. "Ата Мекен" болсо камактагы лидери Өмүрбек Текебаевди көрсөткөн.

Булардын ичинен “Ак шумкар” партиясы 19-июнда курултай өткөрүп, Сариевдин талапкерлигин расмий көрсөтөрү дайын болду. Ал эми Социал-демократтар кийинки апталарда съездге чогулуп, бийликтин талапкерин бекитери кабарланды.

КСДП таптаган Жээнбеков

КСДПнын саясий кеңеши президенттикке өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин сунуштагандан бери анын дарамети ар түрдүүчө талданып жатат.

Анткен менен Социал-демократтардын талапкеринин айланасында дале болсо талкуулар токтобой жатат. Буга бийликчил партия кош талапкерди чыгарышы мүмкүн деген божомолдор себеп болууда. Сооронбай Жээнбеков менен кошо чыгышы мүмкүн делип Жогорку Кеңештин учурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбековдун ысымы аталууда. Турсунбеков да бул сөздөрдү четке какпай да, ырастабай да талкууну кызытып жатат.

Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов бул суроого ачык жооп бербей, бардык маселе съездде белгилүү болорун "Азаттыкка" билдирди:

- Биздин партия өз талапкерин сөзсүз көрсөтөт. Жакынкы арада партиянын съезди өтөт. Мына ушул съездде белгилүү болот.

Саясий эксперт Марс Сариев социал-демократчылардын кош талапкер чыгаруу ыктымалдуугу бар экенин, бирок ал бийлик партиясындагы бөлүнүп-жарылуудан эмес деп башка себеп менен түшүндүрдү:

- Социал-демократтар кош талапкер чыгаруу ыктымалдуулугу бар. Бирок мен кош талапкер партиянын ичиндеги түшүнбөстүктөн же учурдагы парламент төрагасынын нааразылыгынан эмес, атайын саясаттын негизинде болушу мүмкүн. Себеби учурда партиянын ичинде болуп жаткан саясий процесстерди президент Алмазбек Атамбаев көзөмөлдөп жатат. Партияда ага каршы чыкчу деле адам жок деп ойлойм.

Мындан сырткары Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков да өткөн айда Алайда жергиликтүү тургундар менен жолугушууда президенттикке барарын билдирген эле.

Өтүп бараткан аптада Жогорку Сот Келдибековдун соттуулугу ушул кезге чейин алына электиги тууралуу билдирүү таратты. Анда оппозициячыл саясатчынын соттуулугу быйыл 8-ноябрда гана алынары эскертилген. Бул Акматбек Келдибековдун быйылкы шайлоого катышууга мыйзам жол бербейт дегендикке жатат.

Бирок Келдибеков Жогорку Соттон расмий маалымат албаганын, ошондуктан президенттик орун үчүн ат салышуу аракетин уланта берерин "Азаттыкка" билдирди:

- Жогорку Соттун расмий өкүлүнүн бул билдирүүнү жарыялаганын көргөн жокпуз. Эч кандай справка деген жок. Айрым маалымат булактары эле жазып коюшту. Бул расмий маалымат болуп эсептелбейт. Шайлоого чейин дагы убакыт бар. Соттуулукту алуу боюнча мыйзамдуу аракеттерди көрөбүз.

Ошондой эле оппозициядагы "Ата Мекен" партиясы камактагы жетекчиси Өмүрбек Текебаевдин талапкерлигин көрсөтүү ниетин билдирген.

Учурда Текебаевдин үстүнөн сот жараяны активдүү жүрүп жатат. Ошондуктан, "Ата Мекендин" лидеринин талапкер катары каттайбы деген суроо ачык бойдон калууда. Оппозициячыл саясатчынын тарапкерлери бийлик ишти тездик менен бүткөрүп, Текебаевге карата сот өкүмүн чыгарууну көздөп жатканын айтып келишет. Эгер Текебаевди айыптаган сот өкүмү чыгып калса, шайлоого талапкер болууга мыйзам жол бербейт.

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова мындай жол менен Текебаевди президенттикке талапкер катары каттатпоо аракети көрүлүп жатат деген пикирин айтты:

- Сот өтө тездик менен мыйзам бузуулар коштолуп өтүп жатат. Мунун бир гана максаты бар. Алар Текебаевди президенттикке талапкер катары каттатпоону көздөшүүдө. Бул мыйзамга каршы келет.

Удаалаш уланган соттор

Чындыгында эле узаган жумада Текебаев баш болгон "Ата Мекен" партиясынын төрт өкүлүнө карата сот иштери бир учурда жүрдү. Коррупцияга айыпталган Өмүрбек Текебаев менен экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун бөгөт чарасына байланыштуу даттануу арызы Жогорку Сотто чейин жетти. Анда саясатчылардын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча чечим кабыл алына элек.

Ошол эле кезде 15-июнда "Ата Мекен" фракциясынан депутат Алманбет Шыкмаматовдун кылмыш иши Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда карала баштады. Муну менен жума күндөн тарта "Ата Мекен" фракциясынын башка бир депутаты, мурдагы баш прокурор Аида Салянованын сот иши башталды.

Мындан сырткары партиянын дагы бир мүчөсү, мурдагы депутат Райкан Төлөгөнов "Мегакомдун" иши боюнча камакта болсо, башка мүчөсү Шералы Абдылдаевге издөө жарыялаган.

Сарпашев кызматтан биротоло кетти

Узаган аптада учурдагы бийликтин ишенимдүү өкүлдөрүнүн бири, Мамлекеттик каттоо кызматынын убактылуу иштен четтетилген жетекчиси Тайырбек Сарпашев кызматтан биротоло кетти.

Негизи Сарпашев кызматынан ушул жылдын февраль айында убактылуу четтетилген эле. Буга мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык Бишкек шаарындагы бир гектардан ашык жердин сатылып кеткени боюнча козголгон кылмыш иши негиз болгон.

Башкы прокуратура февраль айында премьер-министрге Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Сарпашевди кызматтан алуу тууралуу сунуштама жөнөткөн.

Сарпашевдин төбөсүндө айланган сур булут

Башкы прокуратура 10-февралда Бишкектин чок ортосундагы Максим Бакиевдин бир гектардан ашык жеринин сатылып кеткени боюнча кылмыш ишин козгоду.

Мындан бир ай өтпөй Башкы прокуратура Сарпашевге "кызматынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айып менен кылмыш ишин козгогон. Тактап айтканда, 2013-жылы вице-премьер-министр болуп турганда туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү даярдоого керектелген бланктарды сатып алуу боюнча тендерге байланыштуу "мыйзамсыз протоколдук тапшырма берген" деп айтылган. Бул иш боюнча кылмыш курамы жок деген негизде Улуттук коопсуздук кызматы Тайырбек Сарпашевге карата козголгон кылмыш ишти кыскартты.

Сарпашев өз эрки менен иштен кетүү тууралуу арыз жазганын "Азаттыкка" ырастап, аны айрым саясий күчтөр каралап жатканын билдирүүдө:

- Вице-премьер-министр болуп тургандагы иштерим боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу токтоду. Колума расмий кагазды алдым. Скрябин көчөсүндөгү жер боюнча козголгон кылмыш иши аягына чыгарына, анда менин күнөөм жоктугуна терең ишенем. Анда да мыйзам бузуу болбогонун далилдейм. Мамлекеттик каттоо кызматы төрт айдан бери төрагасы жок отурат, бул абдан туура эмес деп ойлойм. Ал жакта жетекчи болушу керек, күндө жасалып жаткан иштерге жоопкерчиликти бирөө алышы керек.

Тайырбек Сарпашев.
Тайырбек Сарпашев.

Бирок ошол эле учурда бийликтин ишенимдүү адамы саналган Сарпашевге карата иштин кыскарышын кош стандартуулук катары баалап жатышат.

Маселен, Сарпашевдин ишин сынга алып келген "Республика - Ата Журт" фракциясынын мүчөсү Максат Сабиров каттоо кызматынын жетекчиси бийликтеги күчтөрдүн саясий кармашынын курмандыгы болду деген жоромолду четке какты:

- Анын иши боюнча убактылуу комиссия түзүлгөн. Ары жак, бери жагынын баары бүткөн. Парламенттик комиссиянын корутундусу чыккан. Анан өкмөттүн комиссиясы корутунду чыгарып туруп ары же бери кылышы керек болчу да. Өткөн жолку чакырылыштагы комиссия да үч мыйзамды бузган деген чечим чыгарып, Башкы прокуратура өкмөткө тапшырма берип өкмөт болсо сөгүш берип аны жумушунан ылдыйлаткан. Эми мунун баары жөн айтылбайт да, айтылса акталып чыга бербейт беле.

АКШдагы териштирүү

Өтүп бараткан аптада АКШда президент Дональд Трампка карата ФБРдин мурдагы башчысы Жеймс Коминин көрсөтмөлөрү боюнча Сенат териштирүүнү баштады. Анда Сенаттын Чалгын иштери боюнча комитетинде Коми президент Трамп менен болгон жолугушуулары тууралуу маалымат берди.

Коминин айтымында, 2016-жылдын күзүндө өткөн президенттик шайлоого Орусия аралашууну көздөп, ал үчүн тынымсыз аракет кылган. Бирок иликтөө мекемесинин аны так көрсөтө турган "далилдери" жоктугун дагы айтты. Киберчабуул 2015-жылы башталып, андан бери "жүздөгөн" америкалык компаниялар, коомдук уюмдар орусиялык хакерлердин чабуулуна кабылган.

ФБРдин мурдагы башчысы билдиргендей, 14-февралда Ак үйдө президенттин кабинетиндеги жолугушууда Трамп башкаларды чыгарып жиберип, Коми менен көзмө көз сүйлөшкөндө Флинндин маселесин көтөргөн.

Трамп эки жолу [Флинн] "жакшы адам" деп, ага байланышкан иликтөөнү токтотуп коюуга түз көрсөтмө бербегени менен «Сиздин колуңуздан келээрине ишенем" - деп айтканы ФБРдин башчысын таң калтырган. Андыктан жолугушуудан чыкканда ал машинесине отурары менен президент менен жолугушууда эмне сөз болгонун аки-чүкүсүнө чейин ноутбугуна жазып, "документтештирип" койгонуна басым жасады.

ФБРдин мурдагы башчысынын көрсөтмөсүнө удаа эле Ак үйдүн юристи "АКШнын президенти калпычы эмес" деп билдирди.

Жеймс Коми сенаторлордун суроолоруна жооп берип жатып, президент Трамптын ФБР жана анын кызматкерлери тууралуу буга чейин айтканын “карандай эле калп" деди. Ошол эле кезде АКШнын атайын прокурору Роберт Мюллер президент Дональд Трамп Орусия боюнча иликтөөгө бут тосууга аракеттенгенби деген суроону териштирип жатканын медиа каражаттары жазып чыгышты.

14-июнда Сенаттын Чалгын кызматына АКШнын баш прокурору, ФБРдин жетекчиси түз баш ийген Жефф Сешнс дагы келип көрсөтмө берген. Ал өткөн жылдагы президенттик шайлоого чейин Орусиянын расмийлери менен жолукканда АКШдагы шайлоо тууралуу сүйлөшпөгөнүн айтты.

Миңдеген адамдар кармалган жүрүш

Ал ортодо АКШда Сенат Орусияга каршы жаңы санкцияларды колдоо менен буга чейинкилерин да мыйзам аркылуу бекемдөө үчүн добуш берди. Ал эми Орусиянын бир нече шаарында оппозициянын нааразылык акциялары өтүп, демонстранттар кармалды.

12-июнда өткөн коррупцияга каршы акцияларда оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын болжол менен 1500дөн ашык тарапташы кармалды.

Жөө жүрүштөн бир көрүнүш
Жөө жүрүштөн бир көрүнүш

Навальный өзү да баш калаадагы уруксатсыз акцияны баштаар алдында үйүнүн алдында кармалды. Москванын Симоновский соту Навальныйды 30 күнгө камоо чечимин чыгарды. Ал экинчи ирет митинг өткөрүү эрежелерин бузуп, тартип коргоо органдарына баш ийбегени үчүн айыпталды.

Навальный шаар бийликтеринин тоскоолдуктарына карабай ушунча элдин топтолушуна сыймыктанарын сот өкүмүн күтүп жатып журналисттерге айтты:

- Мен өз көзүм менен акцияны көргөн жокмун. Москва менен Санкт-Петербургда көп адам чогулганын билем. Эки жакта тең бийлик тыюу салуу менен митингге чыккандардын санын азайтууга аракет кылышты. Ошого карабай ушунча киши чыкканына сыймыктанам.

Навальныйдын чакырыгы менен эл митинг өткөрүүгө уруксат берген Сахаров атындагы кең көчөгө чыкпай, Тверь көчөсүнө жөнөшкөн. Бийлик демонстранттардын бул кадамын провокация деп атады.

14-июнда түз эфирде суроолорго жооп берип жатып, орус президенти Владимир Путин акцияларды оппозициянын өзүн жарнамалоо аракети деп атады.

- Протесттик акция өткөрүү бир иш, бирок бул акцияларды өзүн жарнамалоо үчүн чагымчылдыктын жана абалды курчутууну куралы катары колдонуу башка иш. Бул нерсени мен кубаттай албайм, - деди Путин.

Путин жылдык маалымат жыйынында.15-июнь, 2017-жыл
Путин жылдык маалымат жыйынында.15-июнь, 2017-жыл

Өкмөткө каршы акцияларга Навальный жетектеген "Коррупцияга каршы күрөшүү фонду" быйыл мартта жарыялаган фильм себеп болгон. Анда Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведевдин мүлктөрү иликтенет. Фонд премьердин декларацияда көрсөтүлбөгөн мүлктөрү деп Орусиянын булуң-бурчундагы жана Италиядагы хансарайларды, жер тилкелерди, жүзүмзарларды, андан тышкары яхталарды көрсөткөн.

Оппозициячы Алексей Навальный 2018-жылкы президенттик шайлоого катышарын да жарыялап келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG