Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:01

УКМК "атамекенчи" саясатчыга издөө салды


Шералы Абдылдаев
Шералы Абдылдаев

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Өмүрбек Текебаевдин ишине байланыштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы төрагасы, "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Шералы Абдылдаевге издөө жарыялады.

Мекеменин маалыматына караганда, партия мүчөсү Абдылдаев "коррупция" беренеси боюнча айыпталууда. Партиялаштары анын тергөөдөн качпаганын белгилеп, муну саясий куугунтуктун уландысы катары сыпаттап жатышат.

УКМК Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун мурдагы төрагасы Шералы Абдылдаевге издөө жарыяланганын 5-июнда кабарлаган. Маалыматка караганда, Абдылдаевге Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 1-пунктуна ылайык (коррупция) айып сыртынан тагылды.

УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулаймановдун белгилешинче, учурда атайын кызмат анын кайсы жерде экенин аныктоо үчүн ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

- Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы башчысы Шералы Абдылдаев "Ата Мекен" фракциясынын лидери жана башка адамдарга карата козголгон кылмыш ишинин фигуранттарынын бири болуп эсептелет. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен баш коргоо чарасы катары ага карата камоо чечими кабыл алынды.

Партиялаштары айыптарга ишенбейт

"Ата Мекен" партиясынын лидери жана мүчөсү Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов быйыл февралда орус ишкеринен "Мегакомду" көзөмөлдөө үчүн 1 миллион доллар пара алган деген айып менен кармалып, камакка алынышкан.

Башкы прокуратура Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Анда ал 2010-жылы Алексей Модин аттуу орусиянын жараны аркылуу орусиялык ишкер Леонид Маевскийден бир миллион доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин кошумчасы менен кайтарып берерин убада кылганы айтылган. Бул иш боюнча соттук териштирүү Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 5-июнда башталды.

Текебаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунованын белгилешинче, Абдылдаев буга чейин иш боюнча күбө катары суралган.

- Негизи Абдылдаев күбө катары чакырылган. Көргөзмө бергенден эки жумадан кийин иш козгоп, анан издөө жарыялап коюптур. Чындыгында ал эч жакка качып кеткен жок. Эгерде ошондо эле күмөн санаса камашмак эле да. Кылмыш иши козголгонун уккандан кийин анын үй-бүлөсү менен байланышканбыз. Ал Түркияга операция жасатканы кетиптир.

Адвокаттын маалыматына караганда, Абдылдаев "Текебаев менен бирге кылмышка барган, Мүлк фондун башкарып турган убакта Орусиянын жараны Алексей Модинди "Мегакомдун" башкармалыгына киргизгенге аракет кылган" деп айыпталууда.

Саясатчынын партиялаштары менен тарапташтары муну бийликтин оппоненттерге карата куугунтугу деп айтып келатышат. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, "атамекенчи" Асия Сасыкбаева Абдылдаевдин иши буга чейин да бир нече ирет текшерилгенин "Азаттыкка" билдирди.

- "Ата Мекендин" мүчөлөрүнүн бардыгына иш козгоп жатат. Бул чындыкка сыйбайт. Кантип эле ар бир адам ууру, чыккынчылык жасаган адам болуп калсын? Бул аша чапкандык, Атамбаевдин "Ата Мекенди" талкалайын дегени. 2010-жылдан бери эле баштаган, азыр күчүнө кирип, сотторду, милиция УКМК колунда болгондон кийин ушул иштерди жасап жатат деп ойлойм. Шералынын (Абдылдаев - авт.) ишин, кызматын буга чейин көп жолу текшеришкен. Эгер "Ата Мекендин" мүчөлөрү кызматта болсо ал жерди текшерүү жөнөкөй болгон эмес, ал жерди лупа менен текшерет. Ошондуктан бул куугунтук болуп жатат.

Артыков: куугунтук эмес

Жогорку Кеңеште түзүлгөн депутаттык комиссия апрель окуяларындагы мародерчулук, банк кутучуларын талап-тоноо, "Мегаком" жана башка улутташтырылган объекттер, интернеттин кымбатташы боюнча маселени иликтеп чыккан.

Анвар Артыков
Анвар Артыков

​Комиссиянын төрагасы, Социал-демократтар фракциясынын депутаты Анвар Артыков ошол кезде бул иштерди тергөөдө тоскоолдук болгонун айтып, тиешеси бар деп айрым бир адамдардын атын атаган. Анын "Азаттыкка" айтымында, корутундуда Абдылдаевдин дагы аты айтылган.

- Менимче УКМК туура эле кылып жатат. Биздин депутаттык комиссиянын корутундусунда ал киши жөнүндө жазылган. Актаныш үчүн бир нерсени айтыш керек да, айта беришет. Сот аныктасын, мен судья эмесмин, бирок факттар ошолордун күнөөсү бар деп айтып турат. Саясий куугунтук болгудай эмне куугунтук болуп жатат, мен түшүнбөйм аны. "Мегакомдун" чырынын тегерегинде Абдылдаев "Ата Мекендин" кишиси. Биз корутундуда жазып жатпайбызбы, 2010-жылкы коогалаңдан кийин бийликке келген партиялар бийликти бөлүп алган. Ар тармактын жетекчилери президент Отунбаевага эмес, партиянын жетекчилерине баш ийип, ошолордун заказын аткарып калган. Бүт талап-тоноочулукка тиешеси бар, мүлктөрдү кайра каттатканга тиешеси бар органдардын бардыгы "Ата Мекендин" көзөмөлүндө болуп жатат. Ошону сот аныктасын, булардын тиешеси болуш керек, сот аныктасын деп айтып жатабыз.

УКМК издеп жаткан Шералы Абдылдаев "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү. Ал 2015-жылкы парламенттик шайлоодо аталган партиянын тизмесине 26-болуп киргизилген. Ал 2010-жылдагы апрель окуяларында, тагырагы 6-апрелде Таластагы ызы-чуу маалында элдик губернатор болуп шайланган. Бир аптадан кийин Мамлекеттик мүлк фондунун башына келип, бул кызматты 2012-жылга чейин жетектеген.

Текебаев менен Чотоновдон сырткары Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын эки депутаты Алмамбет Шыкмаматовго жана Аида Саляновага "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, иши сотто каралууда.

Дагы бир "атамекенчи" Райхан Төлөгөнов талап-тоноочулукка айыпталып камакка алынган. Ушул эле партиянын мүчөсү Туратбек Мадылбековдун уулу Элдар Мадылбековдун аты быйыл Максим Бакиевге таандык бир гектардан ашуун жери сатылып кеткени тууралуу чууда кайра аталган. УКМК бул боюнча да иликтөө жүрүп жатканын маалымдоодо.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG