Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:35

Бакиевдин "байлыгы": кимден кимге?


“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү Курманбек Бакиевге жана анын жакындарына таандык мүлктөрдүн чоо-жайын иликтеди.

2010-жылы Убактылуу өкмөттүн декрети менен Бакиевдерге жана алардын жакындарына таандык делген 47 объект улутташтырылганы белгилүү. Ушул убакка чейин алардын айрымдары мамлекетке өтсө, кай бирлери жеке колдорго сатылган. Сатып алууга кардар чыкпай саргайган мүлктөр да жок эмес.

Бакиевдердин Ысык-Көл жээгиндеги эле мүлктөрүн тизмектеп көрөлү. Алар: “Аврора Грин”, “Аврора плюс”, “Каприз” туристтик комплекстери, Бостеридеги 6,5 гектар жери менен “Достук” эс алуу үйү, дээрлик 10 гектар жери менен “Витязь” пансионаты, 11 гектар жери бар “Солнышко” пансионаты, Чолпон-Атадагы баш-аягы 20 гектар жер тилкеси, Каракол лыжа базасындагы мейманкана, “Кес-Сеңир” эс алуу комплекси. Бул Убактылуу өкмөт тизмеге алган гана объекттер,

Курманбек Бакиевдин көкүрөк күчүгү Максимдин элден тартып алган байлыктары боюнча ар кандай маалыматтар айтылып келет. Биз жогоруда аталган объекттердин айрымдарына баш бактык. Бул заңгыраган хан сарай “Витязь” пансионатында жайгашкан. Жалаң карагайдан курулган коттеджде убагында Максим Бакиев чардачу. Эки кабат үйгө 14 киши кенен батат, керек болсо теннис кортуна чейинки бардык шарттар түзүлгөн. Азыр болсо Мамлекеттик мүлк фонду эс алуучулар үчүн суткасына 28 миң сомдон ижарага берет.

Ал арада Бакиевдердин улутташтырылбай калган дагы бир мүлкү ортого чыкты. Бул тууралуу алгач журналист Элнура Алканова “Фергана” маалымат агенттиги үчүн иликтөө жасаган. Эркиндик бульварында жайгашкан мурдагы “Ала-Тоо” мейманканасы 2009-жылы табышмактуу жагдайда “Гольфстрим Строй” ишканасына 4,2 миллион сомго сатылып кеткен. Бул ишкана “Билдинг констракшн групп” компаниясына таандык. Жалпак тил менен айтканда, “Ала-Тоо” мейманканасы Максимдин өнөкштөштөрүнө сатылган.

Ошентип мурдагы “Ала-Тоо” мейманканасын 2010-жылдагы апрель ыңкылабынан кийин Мамлекеттик курулуш агенттигинин кызматкери Кушбак Жайчиевге 5 миллион сомго сатылган. Көп өтпөй Жайчиев 2012-жылдын декабрында 20 эсе кымбат, тагыраагы 100 миллион сомго “Кыргыз мунай” ишканасына саткан. Бул компания парламенттеги “Бир бол” фракциясынын депутаты Исхак Пирматовго таандык экени айтылып келет. Эң кызыгы бузулган мейманкананын ордуна көп кабат үй куруп жаткан “Главстрой” ишканасы коомчулукка ушул эле фракциянын лидери Алтынбек Сулаймановдуку катары белгилүү.

Сулайманов менен Пирматовдон түшүндүрмө алууга мүмкүн болгон жок. Ойлорун айтабыз дешсе эшигибиз ачык. Мамлекеттик курулуш агенттигинин мурдагы кызматкери Кушбак Жайчиев камерага сүйлөп берүүдөн караманча баш тартты. Бирок ал мейманкананы алып-сатуудан бир да тыйын пайда көрбөгөнүн, таасирдүү адамдар убагында коркутуп-үркүтүп анын атына каттатып койгонун камера сыртында айтып берди.

Бакиевдин "байлыгы": кимден кимге?
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:45 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG