Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:17

"Альфа Телекомду" алууга кардар чыкпады


Иллюстрация
Иллюстрация

"Мегаком" деген бренд менен таанымал "Альфа Телекомдун" үчүнчү аукциону өтпөй калды. Эми "Альфа Телекомдун" акцияларын бөлүп, фондулук биржа аркылуу сатуу сунуштала баштады.

"Альфа телеком" компаниясын 13,5 миллиард сомго баалаган аукционду 3-июнда өткөрүү пландалган. Бирок мындай баада ишкананы алууга кызыккан инвестор чыккан жок. Аукционду уюштурган Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун директору Болсунбек Казаковдун айтымында, эми компаниянын мындан аркы тагдыры боюнча чечим кабыл алынат:

- Сатып алууну каалагандар чыкпагандыктан аукцион өтпөй калды. Эми мыйзам чегинде сунуш беребиз. Азырынча сунуш бере элекпиз. Кандай сунуш болору тууралуу эч нерсе деп айта албайм. Өкмөт менен кеңешип, анан чечим кабыл алабыз.

Буга чейин Мүлк фонду Түркия, Кытай жана Түштүк Кореяда "Альфа Телекомду" сатып алууга кызыккан компаниялар бар деп ишендирип келген эле. Эми болсо аталган инвесторлордун кызыкчылыгына жооп бербей калды деп жооп беришүүдө.

“Альфа Телеком” үчүн айыпталгандар соттолду

“Альфа Телеком” үчүн айыпталгандар соттолду

Биринчи май райондук соту уюлдук компаниянын мурдагы жетекчилери Азамат Мурзалиев, Алмаз Абеков жана Аман уулу Кенжебек 8 жылдан 25 жылга чейин эркинен ажыратты.

"Альфа Телеком" алгач 2015-жылы сатыкка чыгарылган. Ал учурда мобилдик оператордун баасын бычууга атайын компания жалданып, наркы 19,7 миллиард сом деп аныкталган.

Бирок анда кардар чыкпай койгондуктан, өкмөт уюлдук ишкананын баасын экинчи жолу сатыкка чыгарганда 14 млрд 255 млн сомго чейин төмөндөткөн. Бул жолу да сатып алууну каалагандар чыккан жок.

Быйыл март айында аукцион жарыяланып, анда компания 13, 5 млрд сомго бааланган. Эми минтип үчүнчү жолу сатылбай, "Альфа Телеком" арабөк абалда калды.

Президент президент Алмазбек Атамбаев былтыр жыл аягында "Альфа Телекомду" эртелеп сатууну тапшырып, Мүлк фондунун ишин сынга алган:

- Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду бул компанияны сатуу боюнча өз деңгээлинде иш жүргүзбөй жатат. Бир жетекчини экинчисине алмаштырдык. Эч кандай жыйынтык жок, жаңы жетекчи да уктап жатат. Премьерликке “Мегакомду” сатууга жөндөмдүү адамды алып келүү керек деп ойлойм. Бизге жолдорду салууга каражат керек.

Президент айткандан бери Маммүлк фондунда эки жетекчи алмашты. Бирок компания дале сатыла элек.

Эми үчүнчу жолу "Альфа Телеком" сатылбай калган соң айрым мамлекеттик органдар компаниянын акцияларын бөлүп, фондулук биржадан сатууну сунуштап чыгышты. Маселен, Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы Санжар Мукамбетов "Альфа Телекомду" ачык акционердик коом катары түзүп, 15 пайызга чейин акциясын сатуу сунушу каралып жатканын билдирди:

- Биздин кызматта атайын жумушчу топ түзүлгөн. Мына ушул жумушчу топ учурда план жазып, даярдап жатат. Ага ылайык, "Альфа Телекомду" ачык акционердик коом катары түзүп, акциясын сатыкка чыгаруу сунушун карап жатат. Бирок бул боюнча эч кандай чечим кабыл алына элек.

“Мегакомдон” өөнөлгөн алты миллион кайда?

“Мегакомдон” өөнөлгөн алты миллион кайда?

“Альфа Телеком” мобилдик компаниясынын жетекчилиги алты миллион доллар уурдады деген шек менен 2011-жылы иш козголуп, үч адам камакка алынган.

Мамлекетке караштуу ишканалардын ичинен эң кирешелүү саналган компанияга кардар чыкпай жатканын адистер бир нече себеп менен түшүндүрүшөт. Анын негизгиси компания аралашкан чырлар. Ошондон улам инвесторлор ага акча салууга батынбай жатат деген пикир айтылып келет.

Мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиев "Альфа Телекомдун" сатылбай жатканын эки жагдай менен түшүндүрдү:

- Буга эки себеп болушу мүмкүн. Биринчиси - компанияны сунуштоодо маселе бар. Экинчиси - компаниянын кадыр-баркы, репутациясы боюнча маселе бар. Артынан канча деген сөз ээрчип, соттошуулардын аягы тыйылбай келет. Ошондуктан, инвестордун бул компанияга келиши кыйын.

Апрель ыңкылабынан соң улутташтырылган "Альфа Телеком" боюнча мурдагы кожоюндары бир нече жолу маселе көтөрүп, сотторго арызданган. Ишканада коррупциялык жаңжал да чыгып, бир нече жетекчиси Жогорку Сот тарабынан узак мөөнөткө кесилген. .

"Альфа Телеком" жабык акционердик коому 2009-жылы түзүлгөн. Ал учурда мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге жакын адамдар ээлик кылары айтылып келген.

2010-жылдагы апрель ыңкылабынан соң Убактылуу өкмөт аталган компаниянын 49 пайызын улутташтырган. 2014-жылы болсо компания толук бойдон мамлекеттин карамагына өткөн эле.

Кыргызстанда акыркы учурда мамлекет тарабынан жарыялаган бир нече аукцион өткөрүлбөй келет. Буга чейин Кара-Кече кенин комплекстүү иштетүү боюнча конкурс жарыяланып, ал да бир нече жолу өтпөй калды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG