Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:31

“Альфа Телеком” үчүн айыпталгандар соттолду


Солдон онго карай: Алмазбек Абеков, Азамат Мурзалиев жана Аман уулу Кенжебек. 10-август, 2012-жыл
Солдон онго карай: Алмазбек Абеков, Азамат Мурзалиев жана Аман уулу Кенжебек. 10-август, 2012-жыл

Төрт жылдан бери уланып келген “Альфа Телеком” уюлдук компаниясынын иши боюнча алгачкы баскычтагы сот өкүмү чыкты. Биринчи май райондук соту уюлдук компаниянын мурдагы жетекчилери Азамат Мурзалиев, Алмаз Абеков жана Аман уулу Кенжебек 8 жылдан 25 жылга чейин эркинен ажыратты. Алар “Мегакомдун” каражаттарын өз кызыкчылыгына колдонуп, башка өлкөгө чыгарып кеткен деген айып тагылган.

“Мегаком” деген аталыш менен белгилүү болгон “Альфа Телеком” компаниясынын мурдагы жетекчилерине өкүмдү Бишкектин Биринчи Май райондук соту 13-октябрда чыгарды. Ага ылайык, компанияны мурунку директору Азамат Мурзалиев 12 жыл, директордун кеңешчиси Алмазбек Абеков 25 жылга кесилди. Ал эми алар менен бирге айыпталган “Новострой сервис” ишканасынын башчысы Аман уулу Кенжебек 8 жылга эркинен ажыратылды.

Соттун өкүмү тууралуу Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева “Азаттыкка” төмөнкүлөрдү билдирди:

- Алмазбек Абеков, Азамат Мурзалиев жана Аман уулу Кенжебек сот чечимине ылайык, Кылмыш-Жаза кодексинин бир нече беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды. Алсак, Алмазбек Абеков “кылмышты легалдаштыруу”, “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу” жана “алдамчылык” беренелер боюнча күнөөлүү деп табылып, жалпысынан 25 жылга эркинен ажыратылды. Үй-мүлкү мамлекеттин эсебине чегерилет. Ошондой эле мамлекеттин эсебине 91 миллион 937 миң сом төлөп бериши керек. Ал эми Азамат Мурзалиев “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу” жана “алдамчылык” беренелери боюнча жалпысынан 15 жылга эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланат. Ошондой эле “Альфа Телекомдун” мүлкүнө зыян келтиргени үчүн 22 миллион 284 миң сом төлөп бериши керек болот. Аман уулу Кенжебек болсо “алдамчылык” жана “кылмыш далалаты” боюнча күнөөлүү деп табылып, сегиз жылга кесилди. Үй-мүлкү мамлекеттин эсебине чегерилет.

Соттун мындай өкүмүнө соттолгондордун адвокаттары дароо каршылыгын билдирип чыкты.

Алмазбек Абековдун адвокаты Икрамидин Айткулов ишти караган судья Эмилбек Каиповду “буйрутма” аткарып жатат деп айыптоодо:

- Cот өкүмү адилетсиз экени ачык эле көрүнүп калды. Бул ачыктан-ачык эле мыйзамсыз өкүм. Биз өкүмдү чыгарган судья Кайыповго кылмыш ишин козготуу боюнча маселени көтөрөбүз. Анткени, ал буйрутма өкүм чыгарганы белгилүү болуп калды.

“Мегакомдон” өөнөлгөн алты миллион кайда?

“Мегакомдон” өөнөлгөн алты миллион кайда?

Адвокат Айткулов судья өкүмдү чыгарууда соттолуучулардын аргументтерин, далилдерин көзгө илбей, бир жактуу иш алпарганын айтууда. Буга байланыштуу Бишкек шаардык сотуна кайрыларын соттолуучулардын жактоочулары билдиришти. Ошентип, “Альфа Телеком” боюнча төрт жылдан ашык сүргөн сот жараяны боюнча алгачкы өкүм чыкты.

Апрель ыңкылабынан соң мамлекет улутташтырылган “Альфа Телеком” ишканасынын жетекчилерине 2012-жылдын башында кылмыш иш козголуп, камакка алынган. Аларга «Альфа Телеком» ишканаcына 142 миллион сомдон ашык зыян келтирди деген айып тагылган. Кийинчерээк Мурзалиев менен Аман уулу үй камагына чыгарылып, Абеков тергөө абагында калган. Үч жарым жыл УКМКнын тергөө абагында отурган Алмазбек Абековду Биринчи Май райондук соту үй камагына чыгарган. Бирок 8-сентябрда ал кайрадан камалган.

Бул убакыт аралыгында Алмазбек Абеков бир нече жолу сотторго ишенбөөчүлүк көрсөтүп, өлкө бийлигине кайрылууларды жолдогон эле. Сот адилеттигин камсыз кылууга күрөшүү үчүн кийинки президенттик шайлоого талапкерлигин коерун да жар салган.

Азамат Мурзалиев, Алмазбек Абеков “Альфа Телекомдун” жетекчилигине келген учурда бийликтер четтен билим алган, жаш менеджерлерге кызмат берилгенин байма-бай айтып келишкен. Бирок аз убакыт өтпөй эле бул адистердин ири каражатты башка мамлекетке чыгарганы айтылган.

Экономикалык эксперт Искендер Шаршеев бул жаңжалда Абеков баштаган топ кимдир-бирөөлөрдүн куралына айланды деп болжойт:

- Албетте, бул адистер уюлдук компаниянын өнүгүшүнө өз салымын кошушту. Аны эч ким четке кага албаса керек. Бирок күмөндүү иштер чыкканы бул көп учурда саясий, көмүскө кыймылдардын негизинде болуп калды окшойт. Албетте, соттун чечимине ишенишибиз керек. Бирок бул окуялар болгон соң алар менен бирге болгон чоң күчтөр өзүн куткарып, мурда ушундай иштер боюнча тажрыйбасы жок жаш адистер садага чабылды деп түшүнгөнбүз.

Бул окуялар болгон соң алар менен бирге болгон чоң күчтөр өзүн куткарып, мурда ушундай иштер боюнча тажрыйбасы жок жаш адистер садага чабылды деп түшүнгөнбүз.

Ошондой эле Шаршеев бул окуядан соң көптөгөн жаш адистер мамлекеттик ишканаларга баруудан чочулап калганын айтууда. Ошол эле учурда мамлекет улутташтырган “Альфа Телекомдун” азыркы абалына нааразы болгондор да арбын.

Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примовдун айтымында, бул ишкананы натыйжалуу башкаруу жолго коюлбай келатат:

- “Альфа Телекомду” жеке менчикке өткөрүп бербесек, өнүгүү болбой калды. Компания бара-бара жаңыланбай, азыркы аукциондогу баасынан да төмөндөрү белгилүү болуп калды. Дегеле мамлекеттик ишканалардын эффективдүүлүгү боюнча абдан чоң маселе болууда.

Өкмөт болсо “Альфа Телекомду” сатыкка чыгарып, баасын 9 млрд 7 млн сом деп аныктаган. Бирок кардардын жоктугунан биринчи аукцион өтпөй калган. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду баштапкы баа менен эле компания кайрадан сатыкка чыгарыларын жарыялаган. Ага ылайык, компаниянын баасы өзгөрүлбөй, аны сатып алууну каалаган кардар алгач жалпы баанын он пайызын атайын эсепке которуусу зарыл.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG