Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:51

“Мегакомдон” өөнөлгөн алты миллион кайда?


Сүрөттө: "Мегаком" компаниясынын мурдагы жетекчиси Азамат Мурзалиев, анын кеңешчиси Алмазбек Абеков жана курулуш компаниясынын башчысы Аман уулу Кенжебек. 10-август, 2012-жыл
Сүрөттө: "Мегаком" компаниясынын мурдагы жетекчиси Азамат Мурзалиев, анын кеңешчиси Алмазбек Абеков жана курулуш компаниясынын башчысы Аман уулу Кенжебек. 10-август, 2012-жыл

“Мегаком” чатагы боюнча сот иши чаташып калды.

“Альфа Телеком” мобилдик компаниясынын жетекчилиги алты миллион доллар уурдады деген шек менен 2011-жылы иш козголуп, үч адам камакка алынган. Бул чуулуу кылмыш фактысы боюнча сот иши бир жылдан ашуун убактан бери Жогорку Сотко чейин жетип, кайра артына кайтып келди.

Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Бектен Сыдыгалиев алты миллион долларды оффшорго алып чыккандардын артында турган саясий күчтөрдүн да жүзү ачылат деп кезинде парламентте айткан убадасы аткарылган жок.

“Мегаком” деген ат менен белгилүү “Альфа Телеком” компаниясынан алты миллион доллар акчаны оффшорго чыгарып кеткен факты боюнча сот иши 2012-жылы 12-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна түшкөн. Бул иш боюнча соттолуучу компаниянын мурдагы топ-менеджерлери Алмаз Абеков, Азамат Мурзалиев жана "Новострой Сервис" фирмасынын жетекчиси Аман уулу Кенжебек 2012-жылы 31-майда Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абагына киргизилген болчу. Кийин алардын ичинен Мурзалиев үй камагына чыгарылган.

Тегирмен ташындай тегеренген сот иши

Биринчи Май райондук соту айыпкерлердин адвокаттарынын тергөө иши толук кандуу жүргүзүлгөн жок деген дооматын канааттандырып, ишти кайра тергөөгө жөнөткөн. Бирок мамлекеттик айыптоочунун каршы пикирин караган Бишкек шаар соту соттук териштирүүнү улантуу боюнча аныктама чыгарган. Тергөөнүн сапаты боюнча талаш Жогорку Сотко жетип, ал жактан ишти кароонун тартибин аныктоо кайрадан биринчи инстанциядагы сотко жөнөтүлгөн. Бул сот иши бир жылдан ашуун өйдө-ылдый тегеренип отуруп Биринчи Май райондук соту жакында мурдагы турумун экинчи ирет бекемдеген чечим чыгарды.

Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева бул чечимге учурда мамлекеттик айыптоо кайрадан протест келтиргенин белгиледи:

- 21-октябрда Биринчи Май райондук соту бул ишти карап чыгып, тергөөдө кетирилген кемтиктерди толуктоо боюнча мурда чыгарган чечимин кайрадан бекемдеди. Бирок буга кайра эле мамлекеттик айыптоо каршы пикирин билдирип, шаардык сотко кайрадан даттанды. Бул ушуну менен экинчи жолку айлампа болуп жатат. Былтыр дагы бул ишти кароонун тартиби боюнча маселе Жогорку Сотко чейин жеткен. Мына ошол жактан шаардык соттун ишти кароо боюнча чечими жокко чыгарылып, кайрадан биринчи инстанциядагы соттун мурдагы чечими күчүнө кирди. Эми бул жерде өтө чоң суммадагы маселе жана өтө кылдат кароону талап кылган жагдайлар бар болгондуктан ишти кароо созулуп жатат.

Артта турган күчтөрдүн айыбы ачылбай...

Бул сот иши чайналып, кылмыш иши бир жарым жылга чукул улам ары-бери айланкөчөк атып жатканы табышмактуу жагдайларды жаратууда. Баш прокурордун мурдагы биринчи орун басары Байтемир Ибраев мунун себебин тымызын тирешкен чоң саясий күчтөрдүн бул ишке аралашкан катуу таасиринен көрөт. Анткени 2012-жылы бул иш боюнча парламентте маалымат берген Улуттук коопсуздук комитетинин коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Бектен Сыдыгалиев “Альфа Телекомдон” акча которуунун артында чоң “киттер” тураарын айтып, кармалгандардын саясий калканчын табууга убада берген болчу.

Башкы прокурордун биринчи орун басары Байтемир Ибраев Бектен Сыдыгалиев башында ишти дилгир баштаганы менен аны аягына чейин иликтеп чыгып, айыпталып жаткан менеджерлердин артындагы чоң күчтөрдүн бетин ачууга даай албай койгонун айтты:

- Бул кылмыш иши козголуп жатканда жаңыдан кызматка келген Бектен Сыдыгалиев мага келип, өтө чоң жетекчилердин аты менен байланыштуу коррупциялык иштин бетин ачуу боюнча иштеп жатканын билдирген. Сыдыгалиев "бул иштин башында чоң “киттер” турат" деп мага айтканы дагы деле эсимде. Бул иш коомчулукта өтө чоң кызыгууну жараткан орчундуу иштерден болгондуктан ал биздин көзөмөлдө болчу. Бирок көп өтпөй мен жумуштан кетип калдым. Андан кийин Бектен Сыдыгалиев деле бул иштин артында турган күчтөр боюнча иликтөөсүн токтотуп койду окшойт. Анан калса ал ишти кийин көзөмөлдөгөн да эч ким болгон жок. Бирок мына ошол кылмыш ишиндеги илинчектердин арты менен анын жогору жагында отургандарга чыгууга толук мүмкүнчүлүк бар болчу.

“Мегакомдун” ошондогу топ-менеджерлери Азамат Мурзалиев менен Алмаз Абеков мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тушунда Мамлекеттик мүлк фонду тарабынан дайындалган. “Альфа-Телекомдун” аталган топ-менеджменти 2011-жылы 31 миллион долларга уюлдук операторго жаңы жабдыктарды сатып алуу үчүн кытайлык ZTE компаниясы менен келишим түзгөн. Тергөө учурунда ал келишимде “Альфа Телеком” сатып алган жабдыктар өтө кымбатка бааланганы аныкталган. Бул үчүн ZTE компаниясы Британ жана Виргин аралдарында катталган “Альфа Телекомдун” убактылуу жетекчиси Алмазбек Абековдун Truth Concept Limited аттуу оффшордук компаниясынын эсебине алты миллион доллар которгон.

Алты миллион доллар 2011-жылдын июль жана август айларында мыйзамсыз акчанын изин жашыруу үчүн үчкө бөлүнүп, анын бир бөлүгүнө Бишкектен бала бакчанын имараты сатып алынган. Бул иш туура бир жылдан кийин гана белгилүү болуп, коррупцияга каршы күрөшүү кызматы оффшорго миллиондорду которуунун схемаларын таап чыккан.

Сиам эгиздериндей жетелешип...

Мурдагы баш прокурор Кубатбек Байболов учурда аталган ишти кароо сотто аксап жатканын эки тараптын ортосундагы саясий чайкоочулук менен байланыштырды:

- Башында Башкы прокуратура менен Улуттук коопсуздук комитети мына ушундай иштин бетин ачтык деп эле күндө күпүлдөп жатып кийин унчукпай калышты. Менимче мына ошол кармалган менеджерлердин артында тургандар бийликтеги айрым бирөөлөрүн шантаж кылып, “анда биз силердин башка бир былыгыңарды” ачабыз деп коркутту окшойт. Себеби тергөө иши жакшы башталып барып эле, солгундап барып токтоп калганы мына ушундай ойго жетелеп турат. Анткени бийликтеги мына бул саясий күчтөр сиам эгиздери Зита менен Гитадай болуп бири-бири менен аябай чырмалышып калышкан да. Биринин кыңыр иши чыкса, экинчисин кайра тартып кете турган жагдай болуп калгандыктан булар кайра тил табышып, бул ишти акырындап барып жаап коюуга макулдашкан өңдүү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы коррупцияга каршы күрөшүү кызматы бул иштин алкагында толук териштирүү иштерин жүргүзгөнүн жүйө келтирүүдө. Атайын кызматтын изкубарлары прокуратуранын жана каржылык чагындоо кызматынын колдоосу менен оффшордук зоналардагы банк эсептеринен улам биринен сала бирине которулуп, баш катырма жолдор менен кымтылган мына ошол акчанын изин таап чыккан.

Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Бектен Сыдыгалиев “Альфа Телекомдон” уурдалган алты миллион доллардын эки миллиону борбордук Европада жайгашкан Лихтенштейн княздыгындагы оффшордук банктардын биринин эсебинен чыккан. Эки миллион долларга Бишкектен кеңсе кылууга бала бакча сатып алынганы аныкталып, бирок калган сумманын кайда кымырылганы азырынча тергөөгө белгисиз.

Далил да, сурак да жок

Бектен Сыдыгалиев
бул чуулгандуу иштин артында кайсы саясий күчтөр турушу мүмкүн деген суроого жооп табууга жетиштүү далилдер жок экенин белгилеп өттү:

- Бул жерде кайсы бир кагазга колу коюлган же башка бир кыйыр же түздөн-түз далилдер табылган жок. Анан калса камакка алынган соттолуучулар же бул иш боюнча күбөлөр кандайдыр бир үстү жактан көрсөтмөлөр болгону боюнча көрсөтмө беришкен жок. Анан тергөө иши бүтүп, ал иш сотко кеткен. Сот иши азыр минтип создугуп жатпайбы.

Илим Карыпбеков
Илим Карыпбеков
Коррупциялык схемалардын негизинде “Альфа Телекомдон” миллиондор сыртка которулуп жаткан учурда компанияда тышкы башкаруучу катары белгилүү юрист Илим Карыпбеков иштеп турган. Топ-менеджерлер Алмаз Абеков жана Азамат Мурзалиев менен компаниянын тышкы башкаруучусу Илим Карыпбековдун ортосунда кандай мамиле болгону белгисиз. Илим Карыпбеков 2011-жылы Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасынын буйругу менен бул кызматка келген.

Бул чуулгандуу ишке көзөмөл жүргүзгөн баш прокурордун мурдагы биринчи орун басары Байтемир Ибраев бул иште компаниянын тышкы башкаруучусу Илим Карыпбековдун ролу кандай болгону ачыкталбай калганына токтолду:

- Тышкы башкаруучу деген мамлекет ишенип тапшырган мүлктү жана андагы операциялар кандай болуп жатканына көз салып туруш үчүн дайындалган да. Мындай кызмат убактылуу болгону менен ал ошол кезде өтө зарыл кызмат катары атайын киргизилген болчу. Анан компаниядан мына ошондой ири суммадагы акча каражаты чыгарылып жатканда тышкы башкаруучу каякты карап отурган? Анын милдети мына ушуга окшогон көмүскө иштерди өз учурунда көзөмөлгө алып турушу керек эле. Анан эле бул иште тышкы башкаруучу эч нерсеге жооп бербегени кызык. Анын жок эле дегенде кызматтык милдетине шалаакылык менен мамиле кылганы көрүнүп турбайбы.

Бектен Сыдыгалиев мага келип, өтө чоң жетекчилердин аты менен байланыштуу коррупциялык иштин бетин ачуу боюнча иштеп жатканын билдирген.
Анткен менен “Альфа Телекомдун” мурдагы тышкы башкаруучу Илим Карыпбеков анын дарегине айтылган дооматтарды четке какты. Ал бул жагдайды компаниянын тышкы башкаруучусунун укугу жана милдеттери боюнча жобо же кандайдыр бир мыйзам актысы болбогону менен байланыштырды. Илим Карыпбеков “Альфа Телекомдун” ичиндеги акча которууларды толук көзөмөлдөөгө анын жетишээрлик укугу болбогонун жүйө келтирди.

Илим Карыпбеков буга карабастан Мамлекеттик мүлк фондуна мына ошол 2011-жылдагы көмүскө операциялар туурасында убагында маалымат берип турганын эске салды:

- Мен айлык албастан мына ошол кызматка келип, иштеп бердим. Бул боюнча Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчилигинин өтүнүчү болду эле. Бирок тышкы башкаруучунун укугу жана милдеттери так көрсөтүлгөн эмес. Мына ошондуктан мен компаниянын ички ишине кийлигишүүгө акым жок болчу. Бирок ошого карабастан компаниядагы акча которуулар боюнча маалымат берип тургам. Анын ичинде жанагы кылмыш ишине байланыштуу которулган каражат боюнча да маалымат бар болчу. Бул боюнча мен коррупцияга каршы күрөшүү кызматына тергөөдө тиешелүү көрсөтмө бергем.

Ошол эле кезде “Альфа Телекомдон” алты миллион доллар акчаны сыртка которууга түздөн-түз тиешеси бар деп шектелгендердин бири Алмаз Абековдун жактоочулары тергөөнүн койгон айыптоосун жалган жалаага негизделген жосунсуз аракеттер катары баалап келет. Анткени жактоочу тарап аталган алты миллион АКШ долларын “Альфа Телекомго” Кытайдан наркы кымбат бааланган жабдуу сатып алууга байланыштуу келишимдин “акысы” деген айыптоого каршы. Буга соттолуучу Алмаз Абековдун адвокаты Икрамидин Айткулов аталган каражат кытайлык компаниядан анын “Алиппе ТВ” боюнча техникалык ойлоп табуусуна которулуп берилген гонорардык акысы болчу деген жүйөнү карманууда.
XS
SM
MD
LG