Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:57

Офшордогу кыргызстандыктар


Иликтөө журналистикасынын эл аралык консорциуму офшордук аймактарда катталган компаниялардын тизмесин ачыктады. Анда кыргызстандыктар да бар.

Мамлекеттик органдардын билдиришинче, апрель окуясында Максим Бакиев миллиондон доллар акчаны офшордук аймактарга катталган фирмалар аркылуу чыгарып кеткен.

Тизмеге илинген кыргыз жарандары

Иликтөө журналистикасынын эл аралык консорциуму офшордук аймактардагы компанияларга тиешеси бар деп кыргызстандык Азамат Мурзалиев, Аман Тентиев жана башка адамдарды аташкан. Азамат Мурзалиев -“Мегаком” уюлдук компаниясынын мурдагы башкы деректири, учурда коррупцияга шектелип, үй камагында. Ал эми ишкер Аман Тентиев болсо, буга чейин “Электр станциялар” ишканасын жетектеген.

Аман ТентиевАзаттык” менен маегинде офшордук аймакта катталуу - эл аралык деңгээлде иш алып барам деген компаниялар үчүн ыңгайлуу экенине токтолду.

- Кипрге, андан ары Лондонго каттаганбыз. Аудитордук жана консалтинг компаниялардын баары тең эле ушундай кылышат. Мындан он жыл мурун биз иштеп жүргөн маалда бизде да жогорудагыдай пландар болгон. Биз Казакстанга, Тажикстанга чыккан элек. Бирок консталтингге чыккандан бери ал компания менен иштебей калганбыз. Ал жакта эч кандай операция болгон жок.

Жогорудагылардан тышкары, тизмеде аты коомчулукка белгисиз кыргызстандыктар (Жолдошбек Акматалиев, Ангелина Ли) да бар.

Офшордук аймак деп – салыктары өтө төмөн, же жокко эсе, эсеп-кысап документтерин катуу талап кылбаган финансылык борборлор айтылат. Аларды көп учурда акчасы ашып-ташыган байлардын “бейиши” деп да атап жүрүшөт. Офшордук аймактар катары Кариб деңизи, Тынч жана Индия мухиттеринде жайгашкан аралдар, Европанын айрым жерлери белгилүү. Аталган иликтөөгө офшордук аймактар деп маселен, Кипр, Сингапур, Британиянын Виргин, Кайман аралдары жана Кука сыяктуу башка аралдар да кирген.

Каржы рыногун көзөмөлдөө жана тескөө боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчиси Юруслан Тойчубековдун айтымында, офшордук аймактарда компанияларын каттаткан башка да кыргыз жарандары бар.

- Илгертен бери түзүлгөн жыйырма чакты арал бар. Ошондой эле кайсы бир мамлекеттер бар. Биринчиден, аларда салык системасы башкача, жеңил. Салык төлөп жатканда абдан төмөнкү көрсөткүч менен төлөнөт. Айрым жерлерде бир жыл бою салык төлөбөйсүң.

Кыргызстандын офшорго кеткен акчасы

Ошол эле кезде офшордук аймактар кылмыштуу арам акчаны адалдоо, салыктарды жашыруу үчүн кызмат кылат.

Бизнес-аналитик Искендер Шаршеев мыйзамсыз жол менен табылган акчалар офшордук аймактарда адал кирешеге айланарын айтты.

- Мисалы, сиз Кипрдеги банкка эсеп ачсаңыз, аны ошол банктан башка эч ким билбейт. Ошондой эле эгер бул жактагы маңзаттарын жүгүртүүдөн түшкөн акчаны ал жактагы банкка сала турган болсоңуз, “бул эмне болгон акча” деп силерге эч ким суроо бербейт. Ал акча мыйзамдуу, таза киреше болуп эсептелип калат.

Кыргызстан акыркы 10 жылда кечирген эки ыңкылапта тең мамлекеттин акчалары уурдалып, чет өлкөгө чыгарылып кеткен деп айтылып жүрөт. Юруслан Тойчубеков ал акчалар офшордук аймактарга кетти деген ишенимде.

- Мен билгенден, биринчи ыңкылапта Акаевдин баласы 1.5 млрд. долларга жакын акчаны алып чыгып кеткен. Экинчи ыңкылап болгондо Бакиевдер жана алардын тегерегинде жүргөн кишилер 2 млрд. долларга жакын каражатты алып кетип калышты. Максим Бакиевдин жанындагы Евгений Гуревич дегендер офшордук аймактар менен иштечү да.

Анткен менен офшордук аймакта катталган компания "бир гана мыйзамсыз жол менен аракеттенет деп эсептөө жаңылыш пикир" дейт ишкер Аман Тентиев. Ал мунун артыкчылыгы катары салыктын жоктугун жана дүйнөгө чыгуу мүмкүнчүлүгүн атады:

- Орусиядагы жана Англиядагы компаниялардын бардыгы офшордогу компанияларда катталган. Бул дүйнөдө жакшы тажрыйба катары саналат. Бизде болсо, офшорго чыкса эле “мунун бир мандеми бар, жашырган бир нерсеси бар” деп ойлошот. Чынында андай эмес, бизде офшор дегенди туура эмес түшүнүп жатышат.

Иликтөө журналистикасынын эл аралык консорциуму аталган иликтөөнү жүргүзүүдө 58 өлкөнүн 112 журналисти менен кызматташып, 2.5 млн. электрондук документке көз жүгүртүп чыгышкан. Аталган уюм буга чейин офшордук аймактарга акчасын каткан дүйнө байларынын тизмесин жарыялашкан.

Ал эми дүйнөдө бир катар өлкөлөр офшордук аймактарда иш жүргүзүүгө каршы күрөштү күчөтүүгө чакырып келет.

XS
SM
MD
LG