Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:40

Өкмөт он жети мамлекеттик ишкананы сатат


Өкмөт сатмакчы болуп жаткан мамлекеттик ишканалардын катарында ири кирешелүү “Мегаком” да бар.
Өкмөт сатмакчы болуп жаткан мамлекеттик ишканалардын катарында ири кирешелүү “Мегаком” да бар.

Кыргыз өкмөтү 17 мамлекеттик ишкананы менчиктештирүүгө уруксат берүүнү сурап, парламентке кайрылды.

Өкмөттүн программасына ылайык, 2015-2017-жылдар аралыгында 14 акционердик жана жоопкерчилиги чектелген үч коом менчикке сатылышы керек. Тизмеде талкуу жаратып жаткан ири кирешелүү “Мегаком” ишканасынан тышкары, “Дастан” заводунун 98 пайызы да сатыкка коюлганы турат. Аскерий техникаларды чыгарууга ылайыкташкан бул ишкананы Орусияга сатуу, карыздын ордуна берүү сыяктуу буга чейинки бир катар аракеттер ар кандай себептерге байланыштуу токтоп калганы белгилүү. Азыр бул ачык акционердик коомдун 98 пайызына Мамлекеттик мүлк фонду ээлик кылат.

Аталган фонддун жетекчиси Алмазбек Кадыркулов заводду сатаар алдында инвестициялык конкурс жарыяланганын айтат. Андыктан “Дастанды” ким сатып алса да өндүрүштү башка нукка бурбай, жабдыктарды модернизациялашы керек.

- Ал жакта финансылык милдеттенмелер бар. Ишкананы өнүктүрүп, модернизациялаш керек. Капиталдык курулушка 200 млн, модернизацияга 300 млн. сом сарптап, кадрларды кайрадан окутуп, заманбап шаймандар менен иш алып барышы керек.

Ири ишканалардын катарындагы “Кыргызстан” авиакомпаниясы буга чейин сатыктан алынып салынган. Себеби компания жогорку кызматтагы адамдарды ташыгандыктан өкмөт аны сатуудан баш тарткан болчу. Бирок, аталган ишкананы менчикке сатуу маселеси кайрадан жанданып, компаниянын 51 пайызын сатуу сунушталууда.

"Кыргызпочтасынын" экинчи өмүрү

Сатыкка коюлат деп буга чейин жарыяланган тизмеден өкмөт «Кыргызпочтасы» ишканасын чыгарганы турат. Экономика министри Олег Панкратовдун айтканына караганда, өкмөт "Кыргызпочтасын" сатпай эле реформалап, банктардын филиалдарына айландыруу, өлкө аймактарына алардын сактык кассаларын ачуу көбүрөөк пайда берет деп болжоп жатат:

- Биздин улуттук өнүктүрүү стратегиясында почталык банк түзүү долбоору каралган. Аны менен өлкөдө банк кызматы жөнөкөй элге жеткиликтүү болушу керек. Андыктан "Кыргызпочтасы" аркылуу бардык айыл өкмөттөрүндө биз банкы кызматын жеткиликтүү кылсак болот. Ошондуктан өкмөттүн токтому чыгып, биз "Кыргызпочтасын" өнүктүргөнү жатабыз.

Белгилей кетсек, 100 пайызы мамлекеттин энчисинде турган «Альфа Телеком» компаниясы 17 менчиктештирүүгө кирген ишканалардын эӊ ириси болуп саналат. Анын баштапкы баасы болжол менен 300 млн. доллар деп бааланууда. Өкмөт "Мегакомдун" келечегин ойлоп, аны сатуу боюнча бирдиктүү чечим кабыл алган. Компаниянын башкы директору Азат Базаркулов азыркы учурда атаандаш компаниялар арбып, кардарлардын басымдуу бөлүгү компьютерге өтүп жаткандыктан, келечекте мамлекет атаандаштыкка туруштук бере албай калышы чындыкка жакын болуп турганын билдирди.

- Көрсөткүчтөр жакшы, бирок жылдан-жылга азайып баштаарына көзүбүз жетип жатат. Дүйнө жүзүндө абоненттен интернет телефонго өтө баштады. WhatsАpp, Viber сыяктуу программалар толугу менен телефонду алмаштырып келатат. Ошондой эле ушул жылдын 1-октябрынан баштап ЕАЭБге кирген өлкөлөр роуминг кызматынан баш тартышы керек. Бул дагы өз кезегинде кирешеге таасир берип, көлөмдү кыскартат, – деп билдирди "Мегаком" компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов

Өкмөттүн 2015-2017-жылдары мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы парламенттин тийиштүү комитетинде 23-июнда колдоо тапкан. Бирок жалпы жыйында депутаттар мыйзамды оңой колдоп берээри күмөн. Себеби депутаттар арасында айрыкча "Мегакомдун" сатылышына каршы болгондор арбын.

XS
SM
MD
LG