Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:07

“Мегаком" казына жыртыгын бүтөйбү?


"Мегаком" компаниясы 2014-жылы мамлекеттин колуна толук өткөн
"Мегаком" компаниясы 2014-жылы мамлекеттин колуна толук өткөн

Өкмөт “Мегаком” деген бренд менен таанымал “Альфа-Телеком” уюлдук компаниясын сатуу чечимин жарыялады.

Өкмөттүн жүйөсүндө “Мегакомдун” кирешесинин көбү бюджетке кетип, компанияны өнүктүрүүгө акча каралбай жатат. Бул улана берсе, алдыңкы жылдары компания сызга отуруп калат. Бирок өкмөттүн бул демилгесин сындап, кирешелүү компанияны мамлекет карамагына калтыруу керек дегендер да бар.

Экономика министрлигинин “Мегакомду” сатуу демилгесин өкмөт колдоп жатат. Эми Жогорку Кеңеш менчиктештирүүгө макулдук берсе, ишкана сатыкка коюлат. Премьер-министр Темир Сариев муну министрликтин туура чечими деп эсептейт:

- "Жакшы киреше алып келип жаткан ишкана эмне үчүн сатылып жатат" деген суроо болушу мүмкүн. Чынында кирешенин бардык бөлүгүн мамлекеттик бюджетке алып жатабыз. Ушул себептүү компанияны өнүктүрүүгө аз эле каражат бөлүнүп жатат. Эгерде ушундай абал улана берсе, бир-эки жыл ичинде “Мегаком” атаандаштыкка туруштук бере албай, кирешелүү тармак артка кетет. Себеби уюлдук компаниялар арасында чоң атаандаштык бар.

Экономика министрлиги мамлекетке таандык 60ка жакын ишкананы менчиктештирүүнү парламентке сунуштады. Азырынча компаниялар качан сатыкка коюлары белгисиз. Анткени ишканаларды жеке менчикке сатууга уруксат берүү жагын депутаттар чечет. Өкмөттөн “Мегакомдун” болжолдуу баасы да айтыла элек. 2012-жылы бийлик ишкананын акцияларынын 49 пайызын 4 миллиард сомго сатууга аракет кылган.

Экономист Камалбек Карымшаков өкмөттүн “Мегакомду” сатуу чечимин колдойт. Анын пикиринде, учурда компаниядагы эң негизги маселе - бул мамлекеттик сатып алуулар, башкача айтканда, тендер. Заманбап, телекоммуникациялык компания тендер жолу менен көпкө иштей албайт. Техникаларды кээде тез арада алмаштыруу керек болуп калат, ал эми аны сатып алуу үчүн мыйзам боюнча үч-төрт айга чейин созулуп кетип жатат. Мындай иштер ири ишкананын ишин аксатып коюшу мүмкүн:

- Башка менчик ишканаларга салыштырмалуу айрым учурда артта калышы мүмкүн. Мисалы, мамлекеттик ишканада тендер маселеси бар, ар бир кенедей оокат тендер менен чечилет. Ал эми бул тармак өтө тез өнүгө турган технологиялар менен иштейт. Тендерди өткөргүчө убакыт өтүп кетет. Анан атаандаштыкка туруштук бере албай калышы мүмкүн. Бул алдыңкы жылдарда сезиле баштайт.

Бирок Карымшаков кеп “Мегакомдун” жеке тарапка кандай жол менен өтүшүндө дейт. Жогорку Кеңеш менчиктештирүүгө макулдук берсе компанияны сатуу ачык-айкын өтүшү керек. Антпесе саясий жүйөлөрдү пайда кылышы мүмкүн экенин кошумчалайт.

"Альфа Телеком" жабык акционердик коому 2009-жылдын июнь айында түзүлгөн. Ал учурда ээси Алексей Елисеев болгон. Убактылуу өкмөт 2010-жылдын май айында аталган компаниянын 49 пайызын улутташтырган. Ал эми өткөн жылы “Мегаком” толук бойдон мамлекеттин карамагына өткөн.

Ошол кезде мамлекет ишкана акцияларынын 100 пайызына ээлик кылуу керек деген маселени көтөрүп чыккан парламенттеги депутаттардын бири - Өмүрбек Абдрахманов. Ал бүгүнкү өкмөттүн “Мегакомду” сатуу чечимин сынга алууда. Өкмөт убактылуу казынаны толтуруу менен кирешелүү компаниядан кол жууп жатат деп эсептейт.

- Темир Сариев экономика министри болуп иштеди. Ишинен натыйжа чыккан жок. Эми өкмөткө келди, бул жактан деле эч кандай өнүгүү болбойт. Казынада ачка жок. Эми аны эптеп толтуруштун айласын таап жатышат. "Мегакомду" сатса жакшы баа болот, бирок бюджеттин жыртыгын бүтөлгөнү менен кийин жеке секторго өткөндө кирешенин аз эле пайызын алып калат. Мисалы, 50 миллион доллар киреше тапса, анын 10 миллионун эле салыкка алат, калганы менчик ишканада калат.

Компаниядан болсо азыркы абал тууралуу маалымат бере албастыгын билдиришти. "Мегаком" уюлдук компаниясынын кардарларынын саны эки жарым миллиондон ашты. Уюлдук оператордун байланышуу мейкиндиги өлкөнүн токсон пайыздан ашуун аймагын ичине камтыйт. Компания Кыргызстанда ири салык төлөөчүлөрдүн катарын толуктайт. Өткөн жылкы кирешеси 2 миллиарддан ашуун сомду түзөт.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG