Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:20

Кара-Кечеде иш токтоп турат


Жумгал районунун аймагында жайгашкан "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын Кара-Кече филиалында бир айдан бери иш токтоп турат. Мунун кесепетинен бүгүнкү күндө белгиленген иштин 30% гана аткарылган.

Кара-Кечедеги кырдаалды жөнгө салуу үчүн өкмөттүн Нарындагы өкүлү Аманбай Кайыпов абал менен жеринен барып таанышты. Кайыпов көмүр кенинде иштеген жумушчулар менен жолугушуу учурунда буларды айтты:

- Регион болуп бөлүнгөнүңөрдү токтоткула. Эгер кимде ким мыйзам буза турган болсо камайбыз. Биз мурункулардай болуп ушул жерден бир тоголок көмүр алган жерибиз жок. Анан жол тособуз, митинг кылабыз деген оюңар болсо дароо токтоткула.

Кенчилер "Кыргыз көмүр" ишканасына атбашылык Талант Бокешов дайындалганына нааразы болгонун ырасташууда. Кара-Кече көмүр кенин коргоо коомунун тең төрөгасы Жоробай Адисов “Азаттыкка” буларды айтты.

- "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын директору Мирлан Жакыповдун үстүнөн Мээрбек Мискенбаев 35 млн. сом доо кылгандан бери аны кызматтан четтетип, атбашылык Талант Бокешовду ордуна алып келип койду. Себеби Беш-Сарынын директору Камчыбек Жолдошбаевдин кишиси болуп жатат. Ошол келгенден бери бул жерде күйүүчү май жок. Экинчиден, мурунку келишим менен иштеп жаткан оор жүк тартуучу “Ховолордун” кетип калышы менен бир айдан бери иш жок токтоп турат. Мындан улам көмүр кени казылбай калса кышка отун камдалбай калуу коркунучу бар. Ишти турукташтыруу үчүн Бокешовду иштен кетирип, тоо кенди жакшы билген иш билги кишинин жумушка келүүсүн өтүнөбүз.

"Кыргыз көмүр" ишканасынын жетекчиси алмашканда аны менен катар эле "Кара-Кече көмүр" филиалынын директорунун милдетин аткаруучу болуп Кадыркан Абдрахманов дайындалган. Ал аталган ишканада буга чейин техникалык директор болуп эмгектенген.

- Жетекчилик алмашкандан бери Кара-Кече менен келишимдик негизде көмүр казып иштеген “Воргас” жана “Транс Азия” жеке фирмалар акырындык менен техникаларын айдап чыгып кетишкен. Фирмалардын бул кадамга барышына көмүр ишкананын мурунку карыздары жана жетекчиликтин алмашуусу себеп болду.

Бул фирмалар бизге жүк ташып иштеп берчү. Эми алар "жетекчилик ашмашты, мурунку карызыңарды төлөп бересиңерби же жокпу" деп чыгып кетишти. Бул маселени губернатор чечип берем деп жатат. Сүйлөшүп кайра алып келсе биз даярбыз. Кайра ишти баштайбыз. Бирок, тилекке каршы, учурда жасалчу иштин 30% гана аткарылды. Эгер техникалар мурункудай иштесе ишти толуктаганга жүз пайыз мүмкүнчүлүгүбуз бар. Ал үчүн эки нөөмөт күн-түн иштеп койсок эле болот.

Өкмөттүн Нарындагы өкүлү Аманбай Кайыпов өндүрүштү токтотпой, ишти жөнгө салуу үчүн бар күчүн жумшарын айтат. Ал эми кенчилер суранып жаткан жаңы дайындалган жетекчини алмаштыруу сунушун өкмөт башчыга жеткирүүнү убада кылды.

- "Кыргыз көмүр" ишканасынын мурунку директору коррупциялык иштерге шектелип, анын ордуна убактылуу жетекчи иштеп жаткан экен. Эми алар бул жердеги жетекчини да алмаштырып жатканына жергиликтүүлөр нааразы болуп жатышат. Бүгүн атайын жерине келип, элдин өз оозунан уктук. Бул кырдаалды жөнгө салабыз. Буга чейин да бир топ мыйзам бузуу фактылары болгон. Бири бирин өлтүргөн учурлар да катталган. Анын баарын убагында жөнгө салганбыз. Азыр иш токтоп калды деп тынчсызданууга негиз жок. Быйыл ушул эле көмүр өндүрүштү бекемдеп, кыштан кыйналбай чыгабыз деп ойлойм.

2015-жылы Кара-Кечеден 229 миң тоннага чукул көмүр казылса, быйыл жыл башынан бери 88 миң тонна казылып алынган.

Кара-Кече өлкөдөгү ири көмүр кендеринин бири. Буга чейин аталган кенде көмүр казууга кылмыштуу топтор аралашып, чыр-чатактар чыккан. Мындан эки жыл мурда Кара-Кече кенинде көмүр казуу ишин көзөмөлдөө үчүн атайын пункт ачылган.

Кара-Кече кайрадан чатакка малынды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:53 0:00

XS
SM
MD
LG